(Башталышы өткөн сандарда)
– Мен бүгүн бош эмесмин.
– Бүгүн кеч кетебиз. Мына номериңизди жазыңыз. А баса, курбуңузду чакырганды да унутпаңыз, ээ? Байланышабыз,- жигит заматта өз телефонуна кыздын номерин жаза сала, жай жылып келе жаткан унаага кайра шып отуруп калды. "Ылдамыраак айдап кет!" деди анан досуна.
– Эмне болду?
– Акчаңды камдай бер! Кеч кетебиз...
Айткандай эле, алар ошол күнү кеч Ысык-Көлгө жөнөп кетишти. Наргиза курбу кызы Жийдени жанына ээрчитип алды. Жолду катар булар жакындан таанышып, тамашалашып, жакшы маанай менен Ысык-Көлгө кирип барышты. Пансионаттарда орун аз, анан калса кымбат экен. Канат менен Эрлан жээкке жакын жайгашкан үйдүн эки бөлмөсүн ижарага алышты.
– Мен силерди ичкиле деп кыйнабайм. Чочулабагыла! Болгону жылуу маанайда сүйлөшүп отуралы,- Канат кечки тамакка отурган маалда ак шарап көтөрүп чыкты.
Бардыгынын маанайы жакшы болчу. Шараптан эч кимиси баш тарткан жок.
– Таанышканыбыз үчүн!- биринчи тост көтөрүлдү.
– Сулуулук үчүн!- Эрлан кыздарды сынай карап экинчи тостту көтөрдү.
Наргиза бул жигиттен көзүн ала алчудай эмес. Шыңга бойлуу, кара көздөрү күлмүңдөгөн, кийген кийими да өзүнө куп жарашып турган Эрлан кызга ханзаададай эле көрүнүп жатты. Шарап ичилип бүткөнчө түн жарымынан ооду.
– Жүрүгүлө жээкти бойлой басып келебиз...
Жигиттердин сунушуна кыздар каршылык көрсөтүшкөн жок. Төртөө аз өтпөй кумдуу жээкти бойлоп, ар кайсыны сүйлөшө басып жүрүштү. Толуп турган ай көл үстүнө керемет жол түшүрүп коюптур. Бул өзгөчө романтикалык абал жаратып турат. Наргиза бир убакта Эрланга жанаша түшүп, аны колтуктап алды. Ачыгын айтканда, кыз жигитке эбак ашык болуп калган болчу. Экөө Канат менен Жийдеден жайыраак басып, бөлүнүп калышты.
– Билесиңби, көлгө барабыз десең эле макул боло салганыма бир аз уялып турам...
– Эмнеге? Мен сага уяттуу нерсе сунуштаган жокмун го,- Эрлан кызды сынай карады.
– Жок, эми экөөбүз дароо эле таанышып көлгө келдик да. Аз да болсо кылыктанып койсом болмок,- кыз күлүңдөй жооп берди.
– Кам санаба, баары сонун. Экөөбүз дароо тил табышып кеттик, мунун эмнеси жаман?- жигит кызды аста белинен тарта кучактады.
– Шуулдак экенсиң. Далай кыздын башын айлантсаң керек, ээ?
– Сулуу, тың кыздар шуулдактарды жактырышат да, туурабы? А мен аракеттенип жатам,- Эрлан кызды бекемирээк кучактап, маңдайынан өөп койду. Наргиза каршылык көрсөтө албады. Жигит бир убакта эриндеринен сүйгөндө көкүрөгүндө белгисиз кубаныч пайда болду. Кыз кыялы күлүк экен. Ал заматта көп нерсени кыялданып жиберди. Алар Эрлан экөө далай романтикалуу күндөрдү өткөрүшөт, үйлөнүшөт, балалуу болушат... Бирок жигиттин ою башкада эле. Жүзү албырып толкунданып алган кызды жигит бөлмөсүнө алып келди. Наргизанын эмнегедир Эрландын кучагынан чыгып кетүүгө эрки жетпеди...
Таң агарып калган. Эрлан ойгонуп кетти. Салкын абада уктагангабы, уйкусу канып калыптыр. Кучагында көшүлүп Наргиза уктап жатат. Ордунан аста турган жигит кийинип алып жээкти көздөй жөнөдү.
Көл жээгинде толкун шарпылдаганы болбосо, айлана мемиреп тынч. Өз ойлору менен алпурушуп горизонтту тиктеп турган Эрлан бир убакта пирсте турган кызга көзү түштү. Сыдырым желге ак көйнөгүн желбиретип, алыска көз чаптырып турган ал бийкеч жигиттин көзүнө бир башкача көрүндү. "Кандай сулуу кадр болмок! Фотоаппарат болгондо..." жигит ушуну ойлоп жиберди. Чындап эле ажайып сүрөт чыкмак. Эрлан көп ойлонбой пирсти көздөй жөнөдү. Кыз дале алыстан көзүн албай турган экен. "Жүзү кандай болду экен мунун?" жигит кыздын жанына келе жатып ойлоно кетти. Анан бир убакта кызга катарлаш келип, калп эле алысты тиктемиш болду.
– Керемет!- деди анан ал сөз башташ үчүн. Кыз үндөбөдү. Бир аз турду да, артка бурулуп жөнөй берди.
– Болдубу?- жигит артына бурулуп кызга үн салды.
– Эмне болдубу?- кыз артына карады. Эрлан эми гана кыздын жүзүн толук көрдү. Көрдү да көзүн албай катып калды. Ал далай сулуу кыздарды көргөн, далайы менен мамиле курган, бирок бирин да мынчалык талып караган эмес. Биринен да мынча сүрдөгөн эмес. Азыр сөз таба албай калды. Анын маңдайында көздөрү капкара, арыкчырай, сулуу бийкеч турган. Чынында бул кыз ашкан деле периште эмес экен. Бирок кандайдыр бир белгисиз жагымдуулугу, өзүнө тартып турган жылуулугу бар болчу. Бир эле ирмемде Эрландын жан дүйнөсү аңтар-теңтер болуп кетти. Өзүнө өтө эле ишенген "мачодон" ал заматта уялчаак жигитке айланып калса болобу.
– Кеттиңизби?- оозунан ушул сөз араң чыкты.
– Ооба,- кыз таң кала жооп берди.
– Аа... Анда мен да кеттим,- жигит шашып калды. Бат-баттан басып кыздан ашып кетти. Кыздын алдында баратат да улам-улам артын кылчактап карап коёт. Эмнеге минтип жатканын өзү да түшүнгөн жок. А кыз болсо жайбаракат гана шамалга жүзүн тосуп, ойго батып келе берди.
– Дагы бир аз тура туралычы?- Эрлан шарт токтоп, кызга эски таанышындай кайрылды.
– Тура бериңиз...
– Жок, сиз да тура турсаңыз...
– Эмнеге?
– Менин атым Эрлан,- жигит колун сунду.
– Мен атыңызды сураган жокмун,- кыз таң калып жигитти карады. Эрландын колу сунулган бойдон турат. "Жакшынакай жигит экен. Эмне оорулуубу?" кыз ушинтип ойлонуп жиберди.
– Айдай...- деди анан жигиттин колун кысып...
Марат Жанбараков
(Уландысы кийинки санда)