6-7 ЖАШТАГЫ БАЛАГА КАМ КӨРҮҮ. АНЫ МЕКТЕПКЕ ДАЯРДОО

6-7 жаш. Мектепке даярдык, мектеп босогосун аттоо. Бул баланын турмушундагы олуттуу мезгил. Баланын даярдыгы анын 36 тамганы таанып, окуп, жаза билгендиги менен гана чектелбейт. Аларды психологиялык жактан да тарбиялоо шарт. Баланы мектеп шарттарына кантип көндүрүү керек? Өз алдынчалыкка кантип үйрөтүүгө болот? Бул жаатта ата-энелерге ЮНИСЕФтин колдонмосу жардамга келет.

6-7 ЖАШТАГЫ БАЛАНЫН АНАТОМИЯЛЫК-ФИЗИОЛОГИЯЛЫК ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

  • Бою жылына орто эсеп менен 5-10 сантиметрге чейин өсөт. Салмагына жылына 2 килограммдай кошот.
  • Тери калыңдап, чоюлчаак келип, тышкы чөйрөнүн таасирине чыдамдуулугу артат.
  • Омурткаларынын формасы чоң кишиникине окшошот. Бирок скелет сөөктөрү анча катпай, кемирчектүү болот.
  • Бала көп кыймылдап, булчуң системи тез өсөт. Бул учурда баланын туура отуруп-туруусуна, кыймылына жана оюнуна көз салуу зарыл. Кара күч эмгегине акырындык менен кылдат үйрөтүү керек.
  • Дем алуу органдары калыптанып бүтөт, дем алуу булчуңдары жана өпкө ткандары өсөт. Дем алуусу тереңдейт жана сейректей баштайт.
  • Жүрөк-кан тамыр системи да кыйла өсөт. Жүрөктүн салмагы жана жыйрылуу саны көбөйөт, жүрөккө түшөр оордукка чыдамдуу боло баштайт.

ПСИХОЛОГИЯСЫ

Баланын жүрүм-туруму бир топ калыптанып, сөз байлыгы акырындап көбөйөт.
Татаал сүйлөмдөрдү түзө алат.
Ырларды бат жаттайт, көргөн-билгенин саймедиреп айтып берет.
Калемди туура кармап, буюмдун, айбанаттардын сүрөтүн тартат, билген тамгаларын басма түрүндө жаза алат.
Өз эмоциясын: кубанычын, кайгыруусун, таарынычын, коркконун билдирет.
Мүнөзү калыптанат, өз жоопкерчилигин сезе баштайт.

МЕКТЕПКЕ ДАЯРДЫК

Мектепке барганга чейин бала өз алдынчалыкка, эмгекке үйрөнүүсү тийиш. Мисалы, өзү кийинип, жуунуп, тамак ичип, ата-энесине кол кабыш кылып...
Балага кат таанытуу жагына келсек, үйрөтүүнү сөздү муунга бөлүп, аларды так жана созуп айтуудан баштоо керек. Андан бала сөздөгү тыбыштарды угууга жана айтууга үйрөнөт. Эгер бала угууга көнсө, тыбышты жакшы ажырата алса, кийин катасыз жазат, сабаттуу, маданияттуу сүйлөйт. Ал эми эсептөөнү үйрөтүү үчүн мисалдарды турмуштан алуу керек. Негизи мектепке чейинки бала онго чейин санаганды жана 10го чейинки сандары алып-кошууну билиши керек. Баланын аң-сезими өссүн десеңиз, аны менен көбүрөөк аңгемелешиңиз. Аңгемелешүүдөн анын сөз байлыгы көбөйөт, сөздү так айтууга көнөт, сүйлөмдү туура түзүүгө үйрөнөт, ой жүгүртүүсү өсөт. Бала менен үзбөй көнүгүү жүргүзүү керек, бирок аны чарчатууга болбойт. Көнүгүү түрдүү болсо кызыктуу өтөт. Балага бир нерсени үйрөткөндө ачууланбай, токтоолук, сабырдуулук менен түшүндүрүү зарыл.

МЕКТЕП БОСОГОСУН АТТАГАНДА...

Баланы күн сайын эртең менен өөп-жыттап, кучактап, эркелетип ойготуңуз. Бул нерсе ага жакшы маанай тартуулайт.
Эч убакта баланы ач карын мектепке жөнөтпөңүз. Анткени курсагы ач баланын сабакка көңүлү чаппайт. Мүмкүн болушунча эртең мененки тамакка жакшы көргөн даамын даярдоого аракет кылыңыз.
Жылуу узатып, жылуу тосуп алыңыз. Сабактан чыкканда кандай жаңылыктар болгонун сураңыз. Эгер анын күнү жагымсыз жаңылыктар менен коштолсо, көңүлүн жагымдуу нерселерге бурганга аракеттениңиз.
Катасын көрсөңүз шылдыңдабаңыз. Өз катасын тапканга машыктырыңыз. Эгер таап чыкса, анда сөзсүз сиз тараптан мактоо айтылсын.
Балам өз алдынчалыкка үйрөнсүн десеңиз, китеп-дептерлерин өзү алып чыгып, тапшырмаларды өзү аткарсын. Сиз жөн гана жанында көзөмөлдөп, жардам бергенге даяр туруңуз. Үй тапшырмасын мектептен келгенден кийин 2-3 сааттан соң аткартуу туура. Анткени бул учурда бала эс алып, сергий түшөт. Саат 5-6дан кийин баланын бир нерсени кабылдоосу басаңдайт. Андыктан тапшырмаларды кечкиге калтырбаңыз.
Сабакты жакшы билбегени үчүн аны элдин көзүнчө уяткарбаңыз. Бул баладагы өзүн-өзү баалоо сезимин төмөндөтөт.
Балаңыздын шыгын байкап, ошол тармак боюнча ийримдерге бериңиз. 1-класстын окуучусу үчүн 1-2 гана ийрим жетиштүү. Анткени тыгыз күн тартиби баланы физикалык да, психикалык да жактан алсыратып, стресске кабылтат. Мунун айынан бала бат-бат ооруйт.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
deva
2017-02-01 09:52:13
Сонун кеңештер үчүн рахмат, "Супер-Инфо"!
+6
Ada3003
2017-02-02 23:23:40
Рахмат !!! Супер кенештерге!
0
№ 743, 27-январь-02-февраль, 2017-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан