БЕЛГИЛҮҮЛӨР БОРБОРДУ КАНТИП БАГЫНТЫШКАН?

Атактуу адамдарды сыртынан карап, алардын турмушуна суктанып келебиз. Бирок алар деле убагында башынан кыйынчылыктарды өткөргөнүн көпчүлүк биле бербесе керек. Мисалга алсак, ырчы, телеалпаруучу Лолитанын сахнага чейинки турмушу өтө эле оор. Үй-бүлөсү кедей тургандыктан, 7-класстан тартып жакыр турмуш менен алпурушуп, өзү гана эмес, оорукчан апасын багып, мектептин полун жууп акча табат. Кийин окууга тапшырып, биринчи жолдошу менен табышат. Аны менен ажырашкан соң Александр Цекало менен кол кармашат. Батирден батирге көчүп жүрүүдөн тажаган Лолита москвалык Александр Милявский аттуу өзү жакшы тааныбаган адамга турмушка чыгып, анын фамилиясына өтүп, отурукташып калат. Мындай турмуш биздин атактууларда да бар.

Бактыбек Мамытов: «КАТТООДОН ӨТКӨРГҮЛӨ ДЕП ЧАТАК ЧЫГАРГАМ»

– 1967-жылы мектепти бүтүрүп, Фрунзеге келдим. Айыл чарба институтунун ветеринардык бөлүмүнө тапшырып, сынактан өтпөй калдым. Союз учуру да, окууга өтүү азыркыдай оңой эмес болчу. Ошентип 4 жыл катары менен иштеп, борборго келип окууга тапшыра алган жокмун. 1971-жылы КМУнун Кыргыз филология факультетине тапшырып, өтүп кеттим.
3-курста үйлөндүм. Жаш үй-бүлөбүз, шаарда үйүбүз жок. Анын үстүнө студентпиз. Аябай кыйналып кеткендиктен, телевидениеге диктор болуп орноштум. Окуп да, иштеп да жүрөм. Телевидениеге орус улутундагы жаштар келет да, каттоого турат. Телевидение жетекчилери жаш адис деп аларга утурумдук батир берет да, мен калып калам. Кайындарымдын борбордо үйү бар эле, келинчегим экөөбүз ошол үйдө күн кечиребиз. Бир жолу шайлоо болуп калды. Мен дал ошол шайлоодон пайдаланып, “шайлоого катышпайм. Мени каттагыла же үй бергиле же жумуштан алып тынгыла!” деп чатак чыгардым. Жылдар өтүп, анан үй беришти. Азыр бала-бакырам менен куттуу борбордо күн кечирип келем.

Айчүрөк Иманалиева: «РОЗА ГҮЛҮМ» МЕНЕН БОРБОРДУ БАГЫНДЫРГАМ»

– Ата-энем мени 8-классымда Таластан борборго алып келип колума 20 рубль карматып, окугун деп таштап кетишкен. Ошентип, Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшырып, студент болгон кезим. Шаарда таанышым жок же жатарга жерим жок, батирден батирге көчкөн күндөр. Кар жаап, суук болгон учурда бут кийимим жок сабакка да барбай калгам. Ата-энемден сурайын дейм, бирок кичинемден эле мээнеткеч болгондуктан, бул кыйынчылыктардан өзүм чыгууну ойлодум.
Кыйналып жүрүп Мамлекеттик жаштар театрында актриса болуп, алар менен 4 жылдай иштедим. Эл кол чапса сүйүнүп эле үй-жай, байлыкка такыр умтулбапмын. Жөө-жалаңдап жүрүп эле борбордун көчөлөрүндө изим калды. Анан бир тууганымдын жардамы менен Чыгыш-5 кичирайонунан 3 бөлмөлүү үйгө жеттим. Кийинчерээк аны азыркы жашап жаткан үйүмө алмаштыргам. 1989-жылы “Роза гүлү” деген ырым менен борборду багындыргам.

Бакыт Мамаев: «УШУЛ БАЛА АЙНЕК ЖЕБЕЙ НАН ЖЕСИН ДЕП...»

– Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунда окуп жүргөндө кыйынчылык менен өткөн күндөрдү сен сураба, мен айтпайын. Орус кемпирлердин үйүндө батирде жашап, ижара акысын төлөй албай калганда төшөк-жуурканды көтөрүп алып башка батирге каччубуз. Эртең менен сабакка барам, кайра базарга барып жашылча сатам. Кечкисин фотоаппаратты колго алып, сүрөтчү болуп иштейм. Сүрөткө түшөрүн түшүп алышып, чыгарып келгенден кийин албай коюшат же алдап кетишет. Айтор, ушинтип иштеп да, окуп да жүрдүм.
1992-жылдары йога деп айнек жеген мода болуп калбады беле, аны мен да үйрөнүп алгам. Бир жолу Бишкектин четиндеги бир айылга концерт коюп бардык. Айнек жеп элди таң калтырып жатсам, айыл өкмөтүнүн башчысы келип: “Ушул студент мындан кийин айнек жебей нан жеп жүрсүнчү”,- деп 1 тонна ун берген. Ырчы Салима Балтаева баш болуп ошол ундан нан жасап жеп, жыргап эле калганбыз. Мен кылбаган кара жумуш калган жок. Керек болсо көчө шыпырып да иштегем.

Кубик Калыков: «БОРБОРДО СПИРТ, ЭТ САТЫП ИШТЕГЕМ»

– Бишкекке келгичекти Жалал-Абадда “Эпос” деген музыкалык ансамблди жетектечүмүн. Борборго Бек Борбиевдин жардамы менен келгем. 1992-жылы үй-бүлөмдү Базар-Коргонго калтырып, биринчи өзүм келдим. Дайыма эле майкөл-сүткөл турмуш боло бербейт да, кыйынчылыктар көп болду. Жашоо үчүн күрөш ошол учурда мени сатуучу да кылды.
Нан заводдон нан алып, аны базарга алпарып үстүнө акча кошуп сатып пайдасын көрөм. Кийинчерээк Бишкектен Ат-Башыга спирт алпарып, кайра ал жактан эт алып келип сатып жүрдүм. Ошол эле учурда эстрадага кызыккан жаштарга сабак да бердим. Кыскасы, тытынып иштеп үй-бүлөмдү бакчумун. “Нан болсо, ыр болот” дегендей, нан таап, чыгармачылыкты да өркүндөтүп, айтор, борборго келгенден бери жаным тынган жок. Эми ал энергиям, кайратым кайтканы менен, дагы деле тирүү жанбыз, тирилик деп жүрөбүз. Ак-Өргөдөгү үйүмдө кадимкидей жер тырмап, 5-6 кой, тоок багып, чарбачылык менен күн кечирип келем.

Динара Эсенгулова: «НАНДЫ СЕН САТ, МЕН САТ БОЛУП...»

– 1991-жылы Караколдон музыкалык окуу жайды бүтүрүп, окуумду улантайын деп борбордогу Улуттук консерваторияга тапшырдым. Советтик доор ыдырап, оор күндөрдү баштан өткөрүп жаткан мезгилде менин да студенттик күндөрүм кыйынчылык менен коштолду. Ошол учурда апам кайтыш болуп калды. Бир туугандарыма эркелеп отурбайын деп өзүм иштеп акча тапкым келди.
Бир жолу чогуу жашаган кыздар жегенге тамак таппай калдык. Акчабызды санасак, бир аз унга жеткидей эле бар экен. Ошол учурда көп студенттер нан сатып иштешчү. Биз да акчабызга ун сатып алып, нан бышырып базарга чыктык. Сен сат, мен сат болуп уялганыбызды сураба. Ошентип, бир топ убакка чейин нан сатып күн көргөнбүз. Кийинчерээк гитарадан сабак берип, кошумча акча таба баштадым.

Мерген Турган: «АВТОБЕКЕТТЕ ТҮНӨГӨН КҮНДӨР БОЛГОН»

– Айылдан шаарга келген убакта мен да турмуштун оош-кыйыштарын баштан кечиргем. Ал учурда Бишкекте кыргыздардан да орустар көп болчу. Туугандарыңдын үйүнө бир күнү батасың, экинчи күнү батпайсың. Анан досторубуз болуп батирде, окуу жайлардын жатаканасында жашап жүрдүк. Чынын айтуу керек, күндүзү кычырап кийингенибиз менен, үй жок болуп калганда автобекетте түнөп калган да учурлар болду. Бекеттен чыгып келатсам, айылдаштарым жолугат. Алардан бир уялам десең. Борборго келип кара жумушта иштебесем да, үй азабын укмуш тарттым.
Чынын айтсам, окуган жеримди айтыштан деле уялам. Мен обончу Марат Алыбаевдин студиясында эле окугам. Анан ырчылыкка кастинг болуп калып, ошол кастингден өтүп кеткем. Эстрадада элдер айткандай, улактай эле секирип ырдап чыга келдим. Баштан өткөн кыйынчылыктар бул жакта калып, “кызга окшоп ырдайт экен”, “чачы узун экен” деген сөздөргө кабылгам.

Бурул Исмаилова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
safina
2010-04-06 11:17:23
Негизи бут эле атактуулардын арманы ушундай экенин коп угам, Чет олколук ырчылар, актерлор дегеле бут таанымал адамдардын башында кыйынчылыкты откоргону учун тырышып азыр ушул денгээлге жеткендерин билем, ошондой эркинер кучтуу болуп азыркы убакта ушундай денгээлге жеткендиктери учун баа берем, бирок неге ошол убактагы кордуктан чыккандан кийин эле бат эле озунордун жаш кезинерди унутуп козунорду май басып кетет айткылачы??? эгер жок козубузду май баскан жок деп актансанар анда неге азыр керекте
0
oilyybala
2010-04-06 16:20:33
туура айтасын бул дуйнодо баары болот
0
Nurzada
2010-04-08 14:16:33
"Жерде жаткан жумуртка асманда учкан куш болот!"-деген,чын эле тура.
0
№ 387, 2-9 апрель, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан