"АЮ ХОЛДИНГИ" ТУУРАЛУУ ЧЫНДЫК

"Аю Холдинги" – Кыргызстандын көп тармактуу компанияларын бириктирип турат. Анын карамагындагы 30 ишкананын 11и тамак-аш, медициналык дары-дармек, курулуш материалдарын жана текстиль өндүрөт. Бешөөсү айыл чарба ишканасы, ал эми 10дон ашууну соода, курулуш жана кызмат көрсөтүү жаатына багытталган. Холдингде 5000ден ашуун киши эмгектенет.

САЛЫКТАР

2016-жыл боюнча мам­лекеттин казынасына 850 миллион сомдон ашуун каражат салык жана социалдык жардам катары төлөнгөн.

ДЕМӨӨРЧҮЛҮК ЖААТТА КОЛДОО КӨРСӨТҮҮЛӨР


  • "Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр" оюнун колдоо иретинде 6 миллион сом каражат бөлүнгөн.
  • Рио-де-Жанейродо өткөн Олимпиадалык оюндардын катышуучусу, оор атлетчи Иззат Артыковго Холдингдин негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримовдун атынан Сары-Челек турак-жай комплексинен эки бөлмөлүү батир тартууланган.
  • 2016-жылы билим берүү, маданий жана социалдык иш-чараларды өткөрүүдө 1,5 миллион сом финансылык жардам көрсөткөн.
  • Сокулук аймагындагы "Аю Спорт" комплексинде ондогон балдардын машыгуусуна шарт түзүп, 5 миллион сом бөлүп берген.
  • Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясы 5 жылдан бери Шаршенбек Абдыкеримовдун жетекчилиги астында келет. Ошол аралыктан бери "Аю Холдинг" компаниясы Республиканын Күрөш федерациясын каражат тарабынан жетиштүү колдоодо. Көрсөтүлгөн жардамдын жалпы суммасы 70 миллион сомду түзгөн.

ӨНДҮРҮҮДӨГҮ ЖАҢЫЛЫКТАР


"Винодел" заводунан "Чача" дистиллирленген жүзүм суусундугу иштелип чыгарыла баштады.


7 жыл сакталган "Кыргызстан" коньягы (XO) өндүрүлө баштады.


20дан ашуун аталыштагы дары-дармектин алдын алынган номенклатуралары бекитилди.


Мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясынын тапшырыгы боюнча "BearBeer" заводу 0,3 литрлик айнек бөтөлкөдө "Ала-Арча" суусундугун иштеп чыгарып, сатыкка койду. Кийинчерээк газдалган жана газдалбаган суу ассортимент линиясы имбирь, лимон, карагат, көк лимон, карагат жана алма даамданган суулар менен толукталды.


Кара-Балта унаа оңдоочу заводу химиялык кычкылдарды (кислота) ташуучу көлөмдүү идиштерди чыгарууну кайра жандандырды. Ошондой эле калыңдыгы 40 миллиметрге чейинки металлдарды кесүүчү плазмалык кескичтерди иштеп чыгарууда.

ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИ ЖАНА СЫЙЛЫКТАРЫ:

  • 2016-жыл, февраль – Өлкөдөгү эң алгачкы жана эң чоң курулуш соода борбору "Аю Гранд Комфорт" ачылды.
  • 2016-жыл, октябрь – GMP эл аралык стандарттык талаптарга жооп берген Токмок шаарында дары-дармек өндүрүүчү "Аю Фарм" заводу ишке кирген.
  • 2016-жыл, ноябрь – Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери үчүн салынган көп кабаттуу үй "Аю курулуш" турак жай куруучу компаниясы тарабынан курулган.
  • Бишкек шаардык мэриясынын тапшырыгы менен Кара-Балта шаарындагы унаа оңдоочу заводу үндөн коргоочу тосмолорду жасап чыгарган.
  • "Аю Гарант" камсыздандыруу компаниясы үчүн да бул жыл ийгиликтүү болду. Өтүп кеткен жылы камсыздандыруу жаатында 3 миллион сом төлөндү жана үч миңге жакын келишимге кол коюлду. Уставдык капиталдын көлөмү боюнча өлкөдөгү камсыздандыруу компанияларынын сап башында турат. Ошондой эле Ош шаарына да филиалын ачууга жетишти. Баса белгилеп кете турган жагдай, "Аю Гарант"компаниясынын ишмердүүлүгүндө болуп өткөн урунттуу учурлардын бири болуп ребрендинг (жигердүү маркетинг стратегиясы, брендди өзгөртүү боюнча иш-чаралардын комплексин камтыйт) өткөрүүсү болду.
  • "Жылдын тандоосу" сыйлыгы – "Малевич" арагы "Ата мекендик өндүрүштүн премиум классындагы №1 арагы" номинациясына ээ болду.
  • "Хорека тандоосу" сыйлыгы – Кыргыз Арагы соода маркасы – 2016-жылы сатуу жаатындагы лидер деп табылса, сыра өндүргөн Бомонд ата мекендик соода маркасы – "Жыл тандоосу-Сапат академиясы"сыйлыгына татыды.
  • Archifest(2016-жылдын сентябрь айында өткөн вино фестивалы) Алматы шаарындагы EACA (Event Awards Central Asia) "Бренд үчүн эң мыкты ивент" номинациясынын 3-орунуна ээ болгон.
  • "Аю" спирт заводу Москва шаарында өткөн эл аралык "2016-жылдын мыкты спирти" конкурсунда күмүш медалга татыган. Бул сынакка КМШ жана чет өлкөдөн 70тен ашуун спирт заводу катышкан.
  • Ашкана суусу, суусундук, сыра өндүргөн "BearBeer" заводу (Шопоков шаары) "Сапат" сыйлыгы менен сыйланган. Бул сыйлык продукциянын жогорку сапаттык көрсөткүчүндө, менеджменттик эффективдүү ыкманы колдонуу жана тейлөө жаатында тапшы­рылат.
  • Улуттук "Аракет" сыйлыгынын "Тармакты кайра жандандыруу" номинациясына "Винодел" заводу (Аламүдүн району, Виноградное айылы) татыган.
  • "Аю Холдинг" ассоциациясы Улуттук "Аракет" сыйлыгын 2 номинацияда: "Эң мыкты социалдык - ата мекендик компания" жана "Эң мыкты ата мекендик инвестор"сыйлыгын утуп алды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Arslan.2014
2017-02-04 09:59:16
"Тапшырыгы" деген созду биринчи жолу угуп жатам. Ушундай сөз барбы "тапшырмасы" деп жазса туура болмок.
0
№ 743, 27-январь-02-февраль, 2017-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан