САДЫР ЖАПАРОВДУН КЫРГЫЗ ЭЛИНЕ КАЙРЫЛУУСУ

Урматтуу кыргызстандыктар!

Баарыңыздарга белгилүү болгондой, чет өлкөлөрдө жүргөнүмө 3 жылдын жүзү болду.Массалык маалымат каражаттарында "Садыр Жапаров качып кетти, келе албай жүрөт" деген сыяктуу сөздөрдү менин тырмакчадагы досторум көп жазышчу болду.
Бир тууган инимдин ден соолугуна байланыштуу Кыргызстандан чет өлкөгө чыкканга туура келген.Ошол мезгилде Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы мага чет өлкөгө чыгууга тыюу салып койгон эле.Ошондуктан аталган органга кат менен кайрылып, алардын уруксат кагазын алып, Кыргызстандан расмий түрдө башка мамлекеттерге жол тарткам.
Ошентип Кыргызстандан чыгып кеткени башка мамлекеттердин кооздугуна суктанып жүрүп албастан, кыргыз элинин келечегине, жаш муундарга, жаратылышыбызга чоң зыян келтирип жаткан "кылым аферасы" деп аталган «Кумтөр» маселесин эл аралык сотко берүү максаттарымдын бири эле.
Бул иш бир жылда чечиле калчу маселе болбогондуктан аракеттерибиз абдан көпкө созулуп, бир топ кыйынчылыктарды, ар кандай тоскоолдуктарды, татаал жолдорду басып өттүм.
Негизинен бул маселени президентибиз, өкмөтүбүз же парламентибиз көтөрүш керек эле.5 жылдан бери кылдат карап чыкпай, өлкөдө маанилүү маселе экенине көз жумуп, эч нерсе колдорунан келбеген таризде аргасы жоктой алакан жайып келе жатышат.
Мамлекеттин иши деп карап отурбастан, кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн "кылым аферасы" деп аталган «Кумтөрдүн» бардык иш кагаздарын даярдап, эл аралык соттордо иш алып барган юридикалык мекемени жалдап, келишим түздүк. Ал юридикалык компания менен "Кумтөрдү" бүгүнкү күнгө чейин иштетип келишкен "Камеко", "Сиабеко" "Центерра Голд" компанияларын биздин өлкөбүзгө коррупциялык жолдор менен зыян келтиришкендиктери үчүн жарандык жана конституциялык укугубуздан пайдаланып, "Центерра" менен Кыргыз мамлекетинин ортосундагы келишимдерде көрсөтүлгөндөй коррупциялык жана юридикалык жактардан пикир келишпестиктер болсо, сот иштери Кыргызстанда эмес, түздөн-түз эл аралык сотто каралат деген пункттарына таянып, колубузда турган фактылардын негизинде "Үмүт" коомдук фондунун атынан Кыргыз мамлекетине үч жарым миллиард доллар төлөп берүүлөрүн талап кылып, эл аралык сотко берүү үчүн келишим түздүк.
Алсак, бул үч жарым миллиард доллар биздин өлкөгө келтирилген өтө чоң коррупциялык зыян болуп эсептелет.1992-жылы биринчи келишим түзүлгөндө эле фабриканы куруу үчүн ар кайсы банктардан
476 миллион доллар кредит алышып, жарым акчасына фабриканы курушкан.Ал ортодо 176 миллион долларды ошол мезгилде эле жеп, кымырып-кымтып, ыңгайын таап капчыкка салып кетишкен.Буга далилдер толугу менен кагаз жүзүндө колубузда турат.
Тактай кетсек, алынган
476 миллион доллар кредит толугу менен кийинчерээк алтындын эсебинен жабылган.176 миллион доллар дароо мамлекетибизге зыян болгон. Баарын майдалап айтып отуруштун кажети жок. Себеби 25 жылдан берки коррупциялык далилдер толугу менен эл аралык сотко берчү доо арызда такталып, аныкталып көрсөтүлдү.
Үч жарым миллиард доллар зыянды биздин колубузда болгон гана далилдердин негизинде эсептеп чыктык. Балким, мындан да көп сумма болушу мүмкүн. Анткени текшерүү убагында көптөгөн документтерди, келишимдерди жашыруун сыр деп бербей коюшкан. Дагы тереңирээк текшерсек, мындан да көп сумма чыкмак. Бул эми кийинчерээк жасала турган иш.
Экологиялык зыяндары болсо жүз миллиарддаган долларларды түзөт. Так суммасын качан гана мүмкүнчүлүгүбүз болгондо, биздин бийлик тараптан бут тоспосо, адистер менен биргеликте эсептеп чыгабыз. Бул, Кудай буюрса, келечекте жасала турган иштер. Экологиялык зыяндын көлөмүн эсептеп чыгып, доо арыз менен экинчи жолу эл аралык сотко кайрылабыз. Анткени азыр билинбегени менен талкаланып, ордуна кайра келбеген жаратылышыбызды, миң жылдык мөңгүлөрүбүздү эч качан калыбына келтире албайбыз. Кенебестик кылып отуруп жаратылышыбызды таптакыр талкалатып алганбыз.
Биздин өкмөт кечээ жакында экологиялык зыян келтиргени үчүн деп «Центерраны»
7 миллиард сом доого жыгымыш болуп элди дагы бир жолу алдап койду.
Колубуздагы далилдерге таянып эсептеп көрсөк, экологиябызга келтирилген зыян 7 миллиард сом эмес, эң аз дегенде 7 миллиард долларды түзөт.

Урматтуу кыргыз элим, мекендештер!

Кыргызстандын келечегине кайдигер карабастан, мекенчилдик сезимибизди ойготолу!
Кыргызда "баштаба, баштадыңбы таштаба" деген кеп бар. Мамлекетибиздин келечеги үчүн баштаган ишимди аягына чыгарганга болгон күч-аракетимди жасайм.
Бул иш аягына чыгыш үчүн бир аз убакытты, талаш-тартыштарды талап кылат. Албетте, элди эмес, өз капчыгын ойлогон аткаминерлер тоодой тоскоолдуктарды, ар кандай пикир келишпестиктерди жаратат. Мамлекетибиздин жана 6 миллион калкыбыздын кызыкчылыгын коргобостон, тигилердин кызыкчылыгын колдогонго өтүшөт.
Бийлик өзүнүн карамагындагы телекөрсөтүү, ММКлардан элдин көз карашын теңирден тескери тарапка бурушат. Мени жамандатат. "Акаевчи", "Бакиевчи" дешет. "Кумтөр" токтоп калса пенсия, пособие бере албай калабыз" деп коркутушат. Себеби биздин көптөгөн аткаминерлердин жеке кызыкчылыктары жана ал жакта өздөрүнүн бизнестери бар. КТРКдан адамдын оюна келбеген каралоолорду кылышы мүмкүн. Кийин келип жеке кечирим сурап коюшат. Аны жалпы кыргыз элине көрсөтүшпөйт.
Бул көрүнүш айдан ачык, айтпаса дагы түшүнүктүү!
Мындай көрүнүштүн дагы токсонун колдонушат.
Ошондуктан кыргыз эли бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, Кудайдан «ийгиликти эл тарапка бере көр» деп тилешибиз керек.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Бул ишке мамлекеттик аткаминер болобу же катардагы жарандар болобу, ыркырашпай ынтымакка келип, элибиздин келечегине кайдигер карабай, ар кандай бут тосууларга каршы туруп, жарандык жалпы милдетибизди так аткарып, жардам берүүңүздөрдү өтүнөм.
Мындан ары "Кумтөр" элге өтсүн" деп митинг, пикеттерди, ар кандай акцияларды уюштуруунун эч кереги жок. Себеби кеч болуп калды. Андан көрө «Кумтөр» иштеп турушу керек. Ошондо гана биздин доо арызда көрсөтүлгөн сумманы төлөп бере алат. Биз мыйзамдуу жолдор менен гана жеңишке жетишибиз керек.
Эң негизгиси мындан ары ошол жакта жаткан уу калдыктар Орто Азия элдерине өмүр бою коркунуч келтирбеши үчүн коррупциялык, экологиялык, экономикалык жактан келтирилген чыгымдарды төлөтүп алышыбыз керек! Ал акчаны «Кумтөр» токтогондон кийин ар кандай катастрофанын алдын алуу, коркунучтардан сактануу иштерине колдонбосок, башка акча булагыбыз жок. Себеби ал жакта коркунучтардан сактануу үчүн эле жылына 35-40 миллион доллар жумшалат. «Кумтөр» токтогон күндөн баштап бул иштерге өз чөнтөгүбүздөн акча чыгарып баштайбыз. Миң тонна алтыныбызды алдырып жибергенибиз аз келгенсип, кенебестигибиздин айынан баарынан куру жалак кала беребиз.
Убакыт өтүп кеткенден кийин биздин айтылган арманыбызды, аккан көз жашыбызды, «Кумтөрдүн» айтып бүтпөгөн уу калдыктарын кимге айтпайлы бизди эч ким эч качан укпайт. Анткени азыр миңдеген тонна алтынды күркүрөтүп казып алып кетип жаткан «Центерра» компаниясы белин бууп, этек-башын жыйып кетип калган болот.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Эмне үчүн биз келечек муунга талкаланган жаратылыш, уу калдык, моюндарына миллиарддаган карыздарды калтырышыбыз керек?!
Бүгүн миңдеген тонна алтындарды казып жаткандардан тырмактай пайда көргөнүбүз менен, алар биздин элибизге түбөлүк коркунучта турган уу, зыяндуу калдыктарын таштап кетишип, биз талкаланган жаратылыш менен кала тургандыгыбызды эч качан унутпашыбыз керек!

Урматтуу эл-журт!

Сөзүмдүн акырында ар бир облус, район, айыл аймактарынан жарандык активисттер эл аралык сотко берилген доо арызды колдоо иретинде кол топтооңорду өтүнөм.
Биздин милдет – элдин колун топтоп бериш. Калган чыгымдын баарын эл аралык компания өз моюнуна алат. Кийин өндүрүлгөн сумманын 30 пайызын алышып, өздөрүнүн эл аралык сотко кетирген чыгымдарын жана эмгек акыларын толуктап алышат. Кыргызстан тарап бир тыйын чыгым кылбайбыз.
Менин башкалардыкындай ар бир айыл өкмөттөргө эмгек акы төлөп, кол топтоо үчүн активисттерди отургузуп койгудай миллиондогон акчам жок. Ошондуктан активдүү жарандарыбыздан суранарым, ар кимиңиздер өз демилгеңиздер менен, өз күчүңүздөр менен кол топтоп, аны Бишкек шаары, Байтик баатыр көчөсү, 35 дарегине жөнөтсөңүздөр.
Атайын баракчага аты-жөнүңүздөрдү жазып, тушуна жарандын колу, тийиштүү документтердин номери жазылышы шарт. Керектелүүчү документтер: паспорт, айдоочулук, пенсиялык күбөлүк, студенттик жана аскердик билеттер жарайт.
Негизги маселе, эл аралык сотко берген учурда сөзсүз жергиликтүү калктын пикири дагы 100 пайыз эсепке алынат. Жок дегенде Кыргызстан элинин 60 пайызы доо арызды колдой турганын далилдешибиз керек! Ошондуктан кол топтоп башташыңыздарды өтүнөм.
Кудай буюрса, бул жакта калган иштеримди бүтүрүп, 25-март күнү Кыргызстанга кайтам.
Урматтуу кыргыз элим! Кайдигерликтин айынан 25 жылдан бери колубузда бар байлыкты колдоно албай жокко чыгарыптырбыз, эми мындан ары баарыңыздарды мекенчил болууга чакырып, доо арызды колдоп берүүңүздөрдү өтүнөм!
Жалпыңыздардын ишиңиздерге ийгилик каалап, сиздерди терең урматтоом менен Садыр Жапаров.

Байланыш телефондор: 0770251074, 0704130555, 0555358832, 0705687868

 Кыстарылган видео 
Садыр Жапаровдун кыргыз элине кайрылуусу
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (24)
arzygulR
2017-02-01 16:05:56
Садыр жапаров
+2
Siren90
2017-02-01 16:53:20
Чынында айткандары туура эгер ишинин аягына чыкса, мени келечек муунду ойлогону суйундурду.
+2
aiza16
2017-02-01 16:58:34
Айткан создорун аткарыш колунан келээр бекен? Умут фонду эмне иш кылат? Баары бийликке келээр алдын тоодой убадаларды беришчу эле... Бул киши ото патриот же жеткен куу.
-7
Alibek-0001
2017-02-01 19:16:43
aiza16,доодуробочу куу деп. Не сага жакпай жатабы С.Жапаров анда коммент жазба. ХХХ лесе
0
admin_superstan
2017-02-02 10:01:24
Alibek-0001, этика нормаларын сактаңыз.
0
aiza16
2017-02-03 19:45:14
Alibek-0001,)))))пенделик денгээлин ото томондордон экенсин. Сага боорум ачыды, байкуш.
0
joni_91
2017-02-01 17:44:09
Патриот деп ушуну айт
+1
Alibek-0001
2017-02-01 19:17:03
Колдойм сени С.Жапаров
0
Ramina-malina
2017-02-01 19:52:47
Ertereek araket kylgylachy bul Asha bewiktegi balaga cheyin karyz kylyp saldy,bul turuwta chon kursaktar alyga cheyin toyup tonop butuwpoit Kyrgyzstandy ehhh aytsan soz kop...
0
Arsenal2
2017-02-02 16:40:06
Жанын жебесинчи.
-3
turna23
2017-02-02 23:57:58
Учакта жанаша отурган кемпир чалга нан ооз тийгиле дебеген адам Кыргызстанга жан куйгузбойт деп ойлом.
+1
ilgis1991
2017-02-03 01:16:42
ошондо бизден не жардам?
-1
kaducha-luk
2017-02-04 18:13:28
Суранам Садыр Жапаров келиңиз Кыргызстанга
-1
kaducha-luk
2017-02-04 18:15:02
суранам Кыргызстанга келиңиз Садыр Жапаров, биз күтөбүз.
-2
muslima93
2017-02-04 19:25:44
Садыр Жапаров баштаган ишинди аягына чыгарышынды Алладан сурайм сени Аллахым озу колдосун!
-1
love_you
2017-02-05 14:42:47
бул дагы бир саясаттын сасык оюну эмеспи? деги коркосун чынбы, калппы. каркыраны саткандардын исинде ушул инсан да бар эмеспи???? ээй билбейм деги. бирок, президенттик шайлоо аз калганда баары эле суттон ак, эл учун жанын бергенге даяр болумуш болуп калышчы элею...
+3
Kypchak-kg
2017-02-06 16:37:11
Жапаров чыныгы кыргыз журтуна куйгон инсан. Бул инсандын бийлик башына келишине Аллах озу жардамчы болсун.
Элибиздин тунгуюктан чыгаруусуна тилектешмин.
0
Azi1996
2018-04-14 23:12:21
Кыргыздын келечеги учун куйгон адамдардын камалып кетип жаткандары окундурот...
0
№ 743, 27-январь-02-февраль, 2017-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан