Ушак – бул бүгүн же кечээ пайда болгон нерсе эмес. Кыязы, ушак адам баласы жаралгандан тарта эле аны менен кошо келаткандай. Кимдер гана ушак айтпайт? Саясатчылар, атактуулар же жөн гана карапайым адамдар...
Ушак жана ушакташуу тууралуу биз психолог Рустам Исмаилов менен ой бөлүштүк.
УШАК АЙТУУ ЫРАХАТ ТАРТУУЛАЙТ
Ушак же ушакташуу деген эмне? Бул эки же андан көп адамдын башка бир адам тууралуу ой бөлүшүүсү. Ушакты мен экиге бөлүп карамакмын:
Зыяндуу (залалдуу) ушак. Башкача айтканда, ушак айтып жаткан адам өзү сөз кылып жаткан адамга зыян келтирүүнү көздөйт.
Зыянсыз (күнөөсүз) ушак. Жөн гана сүйлөшүү. Зыяндуу ушак зыянсыз ушакка караганда абдан эле аз айтылат. Көбүнчө өспүрүмдөр айтышат. Алар абдан эмоционалдуу, бардыгын жүрөгүнө жакын кабыл алган жана өздөрүн толук тааный электер. Өспүрүм кезде көрө албастык, ич күйдүлүк деген сезимдер да өөрчүп турат. Бирок бара-бара адамдын аң-сезиминин өсүшү менен ак-караны таанып, эмоцияларын кармана баштайт. А эмоциясы жайында, мүнөзү калыптанган, өзүнө ишенген адам зыяндуу ушакты айтпайт.
Эгер чоң эле адам кимдир бирөөгө зыян келтирүүчү ушак айтып жатса, демек, ал адамда ич күйдүлүк анан өзүнө ишенбестик бар. Кимдир бирөөнүн жашоосу жакшы нукта кетип баратканын көрүп ага бут тосуу үчүн ушак тараткан адам өзүнүн кемчилигин, жашоосу жакшы эмес экендигин ошол ушак менен жабат, толуктайт (компенсациялайт). Башкача айтканда, табалайт. Ушундан ырахаттанат. Өзүнө ишенбеген адам өзү айткан ушакты кимдир бирөө укса, ой кошсо маашырланат. Себеби "менин оюм угулуп жатат. Демек, мени угушат экен, болбогон эле бирөө эмес экенмин" деп аз да болсо өзүнө ишене баштайт.
УШАК АДАМДЫ ЖАКЫНДАШТЫРАТ
Зыянсыз ушак күн сайын айтылат. Бирок эки адам сырттагы "үчүнчү" адам жөнүндө сөз кылышат. Үчүнчү адам бул саясатчы, атактуу же курбу, дос, балким, коңшу, болбоду дегенде ит-мышык болушу мүмкүн. Алар тууралуу сөз чогуу күлүп, сүйлөшүп, эмоцияларды чыгаруу үчүн айтылат. Башкача айтканда, зыянсыз ушактар адамдарды жакындаштырат. Керек болсо эс алдырат. Бир нерсени билүү оң: адамдар өздөрү ишенбеген маалыматты бирөөгө айтышпайт, маалыматты жакын адамдарына, досторуна айтышат. Менин эс алдырат дегеним ушул, чогуу бир нерсени сүйлөшүүдөн ырахат алышат.
ЗАЛАЛДУУ ТҮРҮНӨН КАНТИП КОРГОНОБУЗ?
Унчукпай, көңүл бурбай коюу керек дешет. Жакшы жол. Бирок кимдир бирөөнүн далилсиз эле сизди жамандай бериши акыры чыдамыңызды түгөтөт. Аброюңузга шек келтирет. Бардыгын жай-жайына коюп коюу керек. Болгону ачууга алдырбаңыз, өзүңүздү кармап териштирип коюңуз. Эгер чатак чыгарып жиберсеңиз, сиз жөнүндө ушак тараткан адамдын чырагына май тамызасыз. Балким, ал ушуну эле күтүп жүргөндүр. Эгер уруш чыгарып эмоцияга алдырсаңыз, анда айрымдар тигил адамдын айткан ушагын туура көрүп калышы мүмкүн.
Ал эми өспүрүмдөр залалдуу ушактарды жүрөгүнө абдан жакын кабыл алышат. Ошондон улам мушташууга, ал тургай суицидге дейре жетүүсү ыктымал. Негизи эле өспүрүм куракта бала ата-энесинен алыстай баштайт. Кечке чейин сейилдөө, достор менен көчө таптоо ушунун баары бала менен ата-энени алыстатат. Бул бардыгынын эле башынан өтөт. Ошондуктан ата-эне кайсы бир жол аркылуу баласы менен байланышты кармап, анын ишенимине кириши керек. Баласын ар убак угууга, ага жардам берүүгө даяр экендигин сездиртип туруусу зарыл. Өспүрүмгө биринчи ирет ата-энеси жардам бере алат.
КИМДЕР КӨП АЙТАТ?
Ушакты айымдар көп айтабы же мырзаларбы? Албетте аялдар. Анткени алар эмоционалдуу, көп сүйлөп талкуулаганды жакшы көрүшөт. Эркектер көп айтат деп ойлогондор да аз эместир. Адатта айымдар ушак айтса бул кечиримдүү нерсе катары кабыл алабыз. Анткени алар айымдар да. А эгер мырзалар айтса бул дароо көзгө урунат.
УШАКТАШУУ УЧУРДА МОДА
Эң көп ушак эл көзүндөгү адамдар, саясатчылар тууралуу айтылса керек. Эмнеге? Менимче, бул мода го дейм. Ошол эле социалдык тармактар, мисалы, Твиттер эң көп ушак жайылган тармак. Бул нерсени көбү эле кадыресе кабылдайт. Эч ким билбеген же такталбаган, арсар ойлорду жараткан ушактар көп талкууланат. Чындык анча деле талкууну жаратпайт. Анткени чындык деген чындык.
Баса, эгер сиз кимдир бирөөнү ушактап жатсаңыз, демек, ал адамды жаман көрөсүз же тескерисинче ал адам сизге жагат. Ал адам тууралуу ойлор сиздин башыңызга кирип алса, демек, ал сиздин көңүлүңүздү бурду. Адатта адамдар өзүнө жаккан адамды өздөрү байкабай эле жамандап сезимдерине каршы чыга беришет.
УШАК ЖӨНҮНДӨ УЧКУЛ СӨЗДӨР:
Ушакты эч ким укпаса, эч ким айтпайт болчу. (Марлен Дитрих, америкалык актриса)
Ким сиз менен ушакташса, ал сизди да ушактап жүрөт. (Испан макалы)
Жек көргөн душманыңыздын сиздин бетиңизге айткан жаман сөздөрү, сиздин досторуңуз артыңыздан айткан сөздөрдүн жанында эч нерсеге арзыбай калат. (Альфред де Мюссе, француз акыны)
Интеллигент айым ушактарды кайталабайт. Ал өзү ойлоп табат. (Янина Ипохорская, польшалык жазуучу)
Ушактардан ушакчылар тууралуу көп нерсени билип алууга болот. (Лешек Кумор, польшалык кино таануучу)
ТЕРС ТААСИРЛЕРИ:
Мирлан Өмүралиев
kenesh@super.kg