ГҮЛЗАТ БАЙЗАКОВА кара калпак элинин элдик ырын аткарып чыкты.
ГҮЛЖИГИТ САТЫБЕКОВ "А балким" аттуу ырына клип тарттырып жүрөт. Дагы бир ырчы мырза ИЛЬЯЗ АНДАШ болсо "Водовоз" аттуу ырга клип тарттырып бүткөн чагы.
АКШнын Нью-Йорк шаарында ал жакта жашаган мекендештер үчүн кыргыз тилдүү музыкалык мектеп ачылат. "Мектеп атайын мекенибизден алыста өсүп кыргыз маданиятын, салттык музыкасын жакындан билүүгө тырышкан жаш балдар үчүн ылайыкталат",- дейт пианист АЗАМАТ СЫДЫКОВ.
НУРМАТ САДЫРОВ менен рэпер БАЯСТАН дуэт жаздырып жатышат. Дуэт аткаруучулардын катарын толуктоо үчүн САМАРА КАРИМОВА менен НУРЛАН НАСИП дагы аракет көрүп жүрүшөт.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.