25-январь күнү белгисиз бирөөлөр Аваз Акимовдун унаасынын терезесин сындырып, уюлдук телефонун жана буюмдарын алып кетишкен. "Үйгө адаттагыдан эрте келген элем. Муну менин канчада келип, канчада кеткенимди байкап эле жүргөн кишилер жасады го дейм. Унаа токтоткон жердин айлана-тегерегин карап дале жүрөгүм тынчыбай жатат",- дейт Аваз. Ырчы унаасына ичи ачышканына карабай бул кылмыш боюнча милицияга арыз менен кайрылбаганын кабарлады.