22-январь күнү алып баруучулар Эркин Нурбаев менен Айгерим Акылбекованын үйлөнүү-үлпөт тою борбор калаабыздагы тойканалардын биринде өттү. Буга чейин сүйүшкөндөр бизге берген маегинде той январь айынын аягына белгиленгени тууралуу айтышкан эле. "Мен үйлөнгөн жакшы болсо керек деп ойлочумун, көрсө, андан да жакшы турбайбы. Келинчегимдин ата-энеме жасаган мамилесин көрүп кубанып турган чагым. Үйдө жумуш жасаганын буга чейин көрө элек элем, мен ойлогондон да тың келин болууда. Буюрса, жакынкы күндөрдө жумушка кайтабыз",- дейт алып баруучу.