SUPER.KG’ден Күнсереп

SUPER.KG порталындагы "Күнсереп" рубрикасында күн ичинде болуп өткөн коомдук жана саясий окуяларга саресеп салынууда. Биз окурмандарды мына ошол рубрикада жарыяланган макалалардын урунттуу учурлары менен тааныштырабыз.

19-январь:
38 АДАМДЫН ӨМҮРҮН АЛГАН БОИНГДЕГИ ЖҮКТҮН КОЖОЮНУ КИМ?

16-январда "Манас" аэропортуна жакын жерге кулаган Боинг 747-400 учагы Бишкекке күйүүчү май куюу үчүн эмес, жүк түшүрүү үчүн конмок. "АСТ Airlines" ушундай билдирүү таратып, авиакырсыкка жаңы түс берди. Кыргыз өкмөтү кулаган учак Гонконгдон Стамбулга учканын, Бишкектен күйүүчү май куюп алууну көздөгөнүн билдирип жаткан. Авиакомпания тараткан билдирүүгө акыркы чындык катары мамиле кылган кооптуу. Авиакырсыктан жабыркагандарга компенсация төлөбөө, имиджди сактоо аракетинде ар кандай иштер жасалуусу мүмкүн.
"Боинг Бишкекке күйүүчү май куюу үчүн кайрылган" дегенге ынанып турган коомдо "Өкмөт эмне үчүн маалыматты бурмалады? Учакта эмне жүк болгон жана ал кимге таандык эле?" деген өңдүү бир топ суроолор пайда болду. Бул суроолорго жооп табуу үчүн депутаттык комиссия түзүүнү Жогорку Кеңештин 19-январдагы жыйынында "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев сунуштады. Текебаев өкмөт авиакырсыкка байланыштуу күмөндүү ишти жашырып жатат деген пикирде. Депутат кырсыктан кийин өкмөт тараткан маалымат менен "АСТ Airlines" авиакомпаниясынын билдирүүсүндөгү дал келбестиктерди атап, аталган компаниянын учактары "Манаска" буга чейин да 52 жолу конгонун айтты. Текебаев бул учуулардын артынан кимдир бирөө миллиондоп пайда таап жатышы ыктымал экенин баса белгиледи. Адегенде депутаттык комиссия түзүү сунушун "Өнүгүү-Прогресс", "Бир бол" фракцияларынын лидерлери колдоп, калган 3 фракциянын лидери үн катышкан жок. Спикер Чыныбай Турсунбеков (КСДП) бул маселе алгач комитетте каралышы керектигин айтып чыгып, бул аракети ишке ашпай калды. Депутаттар түштөн кийин депутаттык комиссия түзүү демилгесин колдоп, 11 эл өкүлү иликтемекчи болду.
Учактагы жүк 85 тоннаны түзүп, анда электрондук жабдуулар жана кийим-кечек болгону маалымдалган. Учак кулаган жерден уюлдук телефондор, кол сааттар жана башка буюмдар табылган. ММКларга кырсык болгон жерден электрондук буюмдарды колдонуу боюнча кыргызча жазылган нускамалар табылганы тууралуу маалымат тарады. Бул жагдайлар "учак Бишкекке жүк түшүрүүгө конмок" деген маалыматтын салмагын арттырууда. Айтор, кырсыктын түйүнү татаалданды. Элге чындыкты аныктап берүүгө депутаттык комиссиянын эрки жетеби? Эгер учактын "Манаска" конуудагы максаты жүк түшүрүү болсо, ал кимге таандык эле? Мыйзамдуу алымдар төлөнгөнбү же аткезчилик жүк беле? "АСТ Airlines" компаниясы алгачкы билдирүүсүндө учактагы жүктүн ээси жана учак Бишкекке эмне үчүн конууну көздөгөнү тууралуу сөз кылган эмес. Кырсыкка техникалык мүчүлүштүк жана жүктүн салмагы себепкер болгон эместигин гана айткан эле. "Манас" аэропортунун басма сөз кызматы түркиялык учактын Бишкекке конуусу боюнча жаңы версияга "учак Кыргыз Республикасына жүк түшүрүү үчүн келген эмес, "Манас" аэропортуна май куюу үчүн гана конуу максатын көздөгөн" деген жооп таратты...

20-январь:
БОИНГ КЫРСЫГЫН КАЗА ТАПКАН УЧКУЧТАРГА ШЫЛТАП САЛУУ КОРКУНУЧУ БАР

16-январь күнү 38 адамдын, анын ичинде 17 баланын өмүрүн алган Боинг кырсыгы боюнча бүгүн жаңы маалыматтар чыкты. Орусиялык
Life.ru порталы кырсыкты иликтөө боюнча Кыргыз өкмөтүндө түзүлгөн мамлекеттик комиссиядагы булагына таянып, "кара кутулардын" чечмеленүүсүнөн кийин кырсык учкучтун катачылыгынан улам орун алгандыгы билинген деп жазып чыкты. Тагыраагы, экипаж аэропорттун приборлоруна ашыкча ишеним артып алып, диспетчерлердин Казакстандын Алматы шаарындагы же Ысык-Көл облусунда жайгашкан Тамчыдагы аэропортко конуу сунушун кабыл албаган деп жазат орусиялык портал. Бул маалыматты Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттиги тастыктаган жок. Кечээ кырсыкка кабылган учак "Манас" аэропортуна май куюу үчүн эмес, жүк калтыруу максатында конмок болгон деген маалымат дагы бүгүн башка өңүттө берилүүдө. "MyCargo" авиакомпаниясынын башкы директорунун орун басары Хамза Тыглай кулап түшкөн жүк ташуучу учакта Кыргыз мамлекетине жеткирүү үчүн салынган жүк болбогонун, учак Бишкекке күйүүчү майды толуктоо жана экипажды алмаштыруу үчүн токтогонун айтты. "MyCargo" авиакомпаниясы – кырсыкка кабылган учактын ээси жана "ACT Airlines" компаниясынын жаңы аталышы.
Мамлекеттер аралык авиациялык комитеттин жана Кыргыз өкмөтүнүн иликтөөсү аяктаганча кырсыктын келип чыгуу себептерине байланыштуу түркүн маалыматтар чыгат. Ал маалыматтар кырсыктан улам кайтыш болгондорго, жаракат алгандарга, үй-жайсыз калып зыян тарткандарга компенсация төлөбөй кутулуу максатында улам бурмалана бериши мүмкүн. Андыктан учурда кырсыктын айынан жакынын жоготкондорго, ден соолугунан ажырагандарга, үй-жайы, короо-сарайы жер менен жексен болгондорго материалдык, моралдык жардам берүү менен катар жогорку деңгээлдеги юридикалык көмөк көрсөтүү маанилүү болуп турат. Анткени бардык айыпты каза тапкан учкучтарга шылтап коюу ыктымалдыгын жокко чыгарууга болбойт...

23-январь:
БОИНГ КЫРСЫГЫ: ЭЛ ЧОГУЛТКАН АКЧАЛАЙ ЖАРДАМ ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТТЫ ӨКМӨТ ЖАШЫРУУДА

"Манас" аэропортуна жакын жерде 16-январда болгон авиакырсыктан үй-бүлөсүн толук жоготуп, өзү денесинен күйүк алып ооруканага жаткырылган жаран каза болду. Муну менен кырсыктан каза тапкандардын саны 39га жетти.
Учак кырсыгынан жабыркагандарга акчалай жардам берүү үчүн бирдиктүү банктык эсеп ачылган. Бүгүнкү күндө эсепке түшкөн акчанын суммасы 20 миллион сомдон ашты. Акча которуулар уланууда, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги топтолгон сумманын көлөмүн күнүнө эки ирет жарыялап жатат. Каражаттын суммасы көбөйгөн сайын акча өз дарегине жетип, жабыркагандарга жардамы тиеби, ортодо кимдир бирөөлөр пайдаланып кетпейби, которулган суммалардын баары жарыяланып жатабы деген суроолор да өсүүдө. Акча которуу, топтоо, муктаждарга жеткирүү процесси ачык-айкын жүргүзүлүүсү зарыл. Коомчулукта ишенбестик жаралбашы үчүн бирдиктүү эсепке акча которгондордун аты-жөнү, которгон суммасы ачык жарыяланып турганы оң. Ачык-айкындык үчүн SUPER.KG порталы Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кайрылып, акча которгон жеке жана юридикалык жактардын тизмесин берип турууну сунуштаган. Министрлик ар кандай иштерге шылтоо менен мындай тизмени берүүнү кечеңдетүүдө. Министрликтин мындай иши жогорудагы күмөндү ого бетер күчөтөт...

24-январь:
АЗИМЖАН АСКАРОВ БИЙЛИККЕ КОНСТИТУЦИЯНЫ ӨЗГӨРТҮҮГӨ ЖАРДАМ БЕРДИ

Чүй облустук соту 2010-жылы июнь айында өлкөнүн түштүк аймагында орун алган кандуу окуяларга жана милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановдун өлүмү боюнча айыпталган Азимжан Аскаровдун ишине байланыштуу чечим чыгарып, Базар-Коргон райондук сотунун Азимжан Аскаровду өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмү күчүндө калды. Нааразычылык иретинде соттолуучу ачкачылык жарыялаарын билдирди. Ал эми анын жактоочусу Төлөйкан Исмаилова өлкөдөгү сот системин "чөнтөк сот" атап, тийиштүү инстанцияга доо арыз менен кайрыла тургандыгын айтты.
Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитети 2016-жылдын 21-апрелинде Азимжан Аскаровдун арызын карап, аны бошотуу жана өкүмдү жокко чыгаруу сунушун жиберген. БУУнун аталган комитетинин эксперттери "Азимжан Аскаров мыйзамсыз түрдө кармалган, укук коргоо органдары тарабынан кыйноолорго кабылган жана ал адамга сотто өзүн актоого, коргоого тиешелүү мүмкүнчүлүк түзүлүп берилген эмес" деген чечимге келишкен. Көз карандысыз 18 эксперттен турган БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Аскаровду айыптоо процессинде Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пакттын бир нече беренелери бузулган деп эсептешет. Кыргыз Республикасы аталган келишимге кол койгон өлкөлөрдүн бири.
Азимжан Аскаров боюнча Чүй облустук соту 10-январда эле так бүгүнкүдөй чечимди чыгарышы мүмкүн болчу, бирок соттук коллегия 17-январга чейин кеңешмеге кеткен. Бир жумалык тайм-аутту жаңы Баш мыйзамдын күчүнө кирүүсүн күтүү катары түшүнүүгө мүмкүн болчу. 2010-жылы кабыл алынган Баш мыйзамдын 41-беренесинин 2-пункту боюнча, Кыргыз Республикасынын жарандары бузулган укуктары менен эркиндиктерин коргоо үчүн эл аралык адам укуктарын коргоочу органдарга кайрылууга укуктуу болчу. Андай органдар жарандын укугу бузулган деп тапса, Кыргыз Республикасы аны калыбына келтирүү, зыяндын ордун толтуруу чараларын көрмөк. Ал эми 2016-жылдын 11-декабрында референдум аркылуу өзгөртүлгөн Конституцияда бул норма алып салынды. Жаңы Баш мыйзам үстүбүздөгү жылдын 15-январында күчүнө кирди.
Азимжан Аскаров БУУнун комитетине арыздануу менен учурдагы бийликке Баш мыйзамды өзгөртүүгө абдан ыңгайлуу кырдаалды түзүп берди. "Эл аралык уюмдар өлкөнүн көз карандысыздыгына коркунуч келтирип жатышат" деген ураан менен башталган бийликтин Баш мыйзамды өзгөртүү аракети ийгиликтүү аяктады. Бирок бул норманын алып салынышы келечекте акыйкаттык издеген ар бир жаранга, анын ичинде учурда бийликте отурган адамдарга да залалын тийгизиши мүмкүн. Анткени өлкө бийликке баш ийбей өз алдынча иштей турган акыйкат сот системин түптөй элек. Бир жыл, беш жыл, он жылдан кийин кандай бийлик келерин, ал кандай режимди орноторун эч ким билбейт...

25-январь:
"ДОРДОЙДУН" ДООРУ БҮТСӨ, ӨЛКӨДӨ ИШСИЗДЕР ЭСЕЛЕП КӨБӨЙӨТ

2016-жылы "Дордой" базарындагы соода түйүндөрүнүн үчтөн бири,
18 300 контейнердин 6 миңи ишин токтотту. Маалыматты бүгүн Бишкек мэри Албек Ибраимов билдирди. Базардагы абал мындан да кыйындашы мүмкүн. Анткени өлкөдө тигүү тармагында иштегендер жана алып-сатуу менен алектенгендер азайып баратат.
"Дордойдо" бүгүнкүдөй кырдаал түзүлөрү 2 жыл мурун, Кыргыз Республикасы Евразиялык экономикалык биримдикке кирерде эле айтылган. Бирок өкмөт "өндүрүлгөн товардын 60 пайызы Орусия менен Казакстанга сатыкка чыгат, Кыргыз мамлекети уюмга кирбесе базарда соода биротоло токтошу мүмкүн" деген саясат жүргүзгөн. ЕАЭБдин алкагында Кыргыз өлкөсүнүн тигүү тармагына миллиондогон суммада инвестиция салуу убадалары айтылган. Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун каражатынын бир бөлүгү да жеңил өнөр жай тармагын колдоого жумшалмак. Бүгүн фонддон тигүү өндүрүшүнө канча акча которулганы белгисиз. ЕАЭБге киргенден кийин Кытайдан арзан материал алып кийим тигүү иши кыйындап, жыйынтыгы майда тигүү цехтеринин ишин токтотууга жеткирүүдө. Өлкөдө жаңы миңдеген жумушсуз жарандар пайда болууда. Расмий маалыматтарга таянсак, 2008-2013-жылдары тигүү тармагында 300 миң адам иштесе, бүгүнкү күндө
150 миңдин тегерегинде.
Белгилүү болгондой, "Кыргызстанда жасалган" деген бренд КМШ рыногунда жакшы таанымал, кыргыз чеберлери тиккен кийимдер сапаты менен өзгөчөлөнүп турат. Президент да, премьер-министр да тигүү өндүрүшү Кыргыз Республикасынын келечектүү тармактарынын бири экенин айтып жүрүшөт. Бирок бул мүмкүнчүлүктү өлкө азыр колдон чыгарып бара жатат...

www.super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 743, 27-январь-02-февраль, 2017-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан