Мамлекеттик тил комиссиясынын мурдагы төрагасы, Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты, акын ЭГЕМБЕРДИ ЭРМАТОВ 24-январда 66 жашында көз жумду.
Президент Алмазбек Атамбаев "Административдик жоопкерчилик жөнүндө" кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбооруна кол койду. Ага ылайык, коомдук жайларда СӨГҮНГӨН жана ИЧКИЛИК ИЧКЕН адамдар 8 саатка коомдук жумуштарга тартылып, акчалай айып салынат же 5 суткага камакка алынат.
Ырчы, куудул ЖЕҢИШБЕК АЙТИЕВДИН 12 жашар уулун өлтүрдү деп шектелип камакка алынган 23 жаштагы Нуржигит Анарбаев өмүр бою эркинен ажыратылды. Аталган өкүмдү 24-январда Ош шаардык соту чыгарды.
Быйыл АЖЫЛЫК сапарга баруу үчүн Кыргыз өлкөсүнө 4585 квота берилди. Квота былтыркыдан 900гө көп.
Өлкөдөгү 86 айылдык кеңештин депутаттарынын курамында бир да АЯЛ жок. Мурунку шайлоодо депутаттардын 25 пайызы аял болсо, бул жолкусунда 21 пайызды түздү.
Ошто патрулдук милиция кызматкеринин кашын жара тепкен ырчы АЛТЫНАЙ ЖАЙНАКОВА 7 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Ага Кылмыш-жаза кодексинин "бейбаштык", "бийлик өкүлүнө баш ийбөөчүлүк" жана "коомдук тартип бузуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.
Өлкө боюнча 2700 мечит бар. Анын 600ү акыркы 5 жыл ичинде курулган. Алардын ичинен 429у каттоодон өткөн эмес. Эң көп мечит Ош облусунда болсо, эң азы Талас облусунда жайгашкан.
Кыргыз өлкөсүнүн Күрөш федерациясынын президенти болуп ШАРШЕНБЕК АБДЫКЕРИМОВ кайрадан шайланды. Ал эми аялдар күрөшүнүн вице-президенти болуп Динара Исаева шайланган.
БИШКЕК шаарынын аянты 2025-жылга карата 25 миң гектарга кеңейиши пландалууда. Учурда шаар 16 миң гектарды ээлеп турат. Бул маалыматты өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору билдирди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.