Чүй облусунун Ысык-Ата районунун 11-классынын окуучусу Айтурган Жолдошбекова БУУнун жыйынында сөз сүйлөдү. Ал аталган жыйынга АКШнын "Transfond" фондунун чакыруусу менен барган. Гендердик зомбулук менен күрөшүүнүн дүйнөлүк күнүнө арналган конференцияда Айтурган Жолдошбекова кыздардын укуктары тууралуу маалымат берди. Өзүнүн 3 мүнөттүк сөзүндө "Кыргыз кыздарынын улуттук федерациясы" уюштурган долбоордо эмнелерди окуганы, үйрөнгөнү тууралуу кеп козгогон. "Аталган долбоорго катышкан соң көптөгөн кыздарыбыз жакшы тарапка өзгөрүштү. Аялдардын укуктары тууралуу көп нерселерди үйрөндүк",- дейт Айтурган Жолдошбекова. Ал мектепти бүткөн соң юридикалык факультетте билим алып, прокурор болууну кыялданат. Жыйында Кыргыз өлкөсүнүн кызы эң жаш катышуучу катары БУУнун мурунку башкы катчысы Пан Ги Мун менен да пикир алмашууга жетишкен. Ал Жолдошбековага: "Биз сыймыктанабыз! Кыргыз Республикасы адамдын укугун коргогон өлкө, ийгилик каалайм!"- деп кайрылган. Айтурган конференция учурунда ири эл аралык уюмдардын директорлору жана ошондой эле Голливуд жылдызы Николь Кидман менен да жолуккан.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg