22-январь күнү Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Көк-Таш айылында Тажикстандын жана Кыргыз өлкөсүнүн жаштарынын ортосунда жаңжал чыккан. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Алишер Абдрахмановдун айтымында, алгач 2 жаран ортосунда чыр чыгып, анан башкалар аралашып кеткен. Жаңжалды токтотууга аракет кылган Көк-Таш айылынын башчысы Разия Өсөрова дагы ошол жаңжалда жаракат алган.
Аталган окуя боюнча Ички иштер министрлигинин маалыматында "Өсөрова чырды токтотконго аракет жасаганда аны бирөө түртүп жиберген" деп айтылат. Айыл башчы дарыланып жаткан ооруканага байланышканыбызда, дарыгер "Разия Өсөрованын денесинде көк тактар бар. Бизге стресс абалында келгендиктен учурда ал эс алып жатат" деп маалымдады.
Таш ыргытышуу менен аяктаган жаңжалдын натыйжасында 1 үй жана 4 автоунаа зыянга учураган. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, жабыркаган үй Кыргыз өлкөсүнө, унаалар болсо тажик жарандарына тиешелүү. Окуя болгон аймакта абал туруктуу экенин Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты. Маалыматтарга караганда, чырдын келип чыгуу себеби эски пикир келишпестиктердин айынан болгон.
Эскерте кетсек, кыргыз-тажик чек арасы 987 чакырымды түзөт, анын 500 чакырымдан көбү такталган. Эки өлкө жарандарынын ортосундагы жаңжал ушул жылдын эсебинен биринчи жолу болуп жатат. 2016-жылы аталган эки өлкөнүн чектешкен аймактарында 6 чыр-чатак катталган.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg