АРАБАКЕЧ МИРЛАН ЭМИ КӨМҮРКАНАДА ЖАШАБАЙТ

Жылдыздардын жашоосу, алар менен болгон маектер, тагдырлар, кылмыштар, саясат, саякат, элет үнү, ашкана сырлары, пайдалуу кеңештер... Гезитибиз жарык көргөндөн бери ар кандай рубрикалардын астында актуалдуу макалаларды үзгүлтүксүз чыгарып келет. Арасында аянычтуу тагдырга туш келгендерге да орун берилип, кээ бир оор кылмыштарга сот кандай өкүм чыгарганына да кайрылабыз. Бул сапар биз гезит бетине оор тагдыры жарыяланган каарманыбыздын учурдагы абалы менен тааныштырабыз.

КААРМАН ТУУРАЛУУ

Мурунку сандарыбыздын биринде "Дордой" базарында араба түртүп, коробка чогултуп иштеген Мирлан Канаев тууралуу "Көмүрканада күн кечирип, араба түрткөн адамдын бир күнү" аталыштагы макала даярдаганбыз. Эске салсак, ал макалада 45 жаштагы тубаса ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген Мирлан Канаевдин бир күндүк жашоосун чагылдырылган. Базардагылар анын чыныгы атын билбей, Мурат деп таанышат. Ата-энеси каза болуп калган, айылда агасы гана турат. Сүйлөй албаган каарманыбыз жаңсап "мамлекеттен берилген жөлөк пул 2000 сомго жетпеген акча, аны айылдан алышат, менин колума тийбейт" деп түшүндүрүп берген. Кезинде "Дордой" базарына жакын жайгашкан Эне-Сай конушунун жанындагы сайдын жээгинде коробкадан алачык жасап алып баш калкалап да жүргөн.
Базарда иштеп Мирланды жакшы тааныгандар "ичпейт-чекпейт, турмушун тың кылат" деп айтып беришкен.
Биз анын жашаган жерине да барганбыз. Мирлан Канаев базардан алыс эмес жайгашкан жаңы конуштардын биринде атайын квартиранттар үчүн узунунан салынган тамдын бир бөлмөсүндө жашаарына күбө болгонбуз. Ал бөлмөгө каарманыбыз 1500 сом төлөп жашачу. Ошондой эле ал жашоого керектүү буюм-тайымдарды алып, өзү тамак жасап ичип, кир жууп тиричилигин өткөрчү.

ДАГЫ ДЕЛЕ ЖӨЛӨК ПУЛУН ӨЗҮ АЛБАЙТ

Учурдагы жашоосун билүү үчүн базарга барып каарманыбызга жолуктук. Ал колу менен жаңсап мурдагы эле батирде жашап жатканын, анын акысына 2 миң, электр энергиясына 500 сом төлөп жатканын түшүндүрдү. Ошондой эле ага мамлекет тарабынан берилчү жөлөк пулду дагы деле айылдагы туугандары алып жүргөнүн билдирди. Кээде ооруп калат экен, андайда жардам бергенге кишиси да жок. Базардагы соодагерлердин бири жардам катары сыналгы берсе, анысын үйүнөн бирөөлөр уурдап кетишиптир.

"ЖЕР ТИЛКЕСИН АЛЫП БЕРСЕКПИ ДЕП ЖАТАБЫЗ"

"Жунхай" базарында соода кылган Гүлнара Кенжетаева төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Мирландын тагдыры гезитке, сайтыңарга чыкканда ага жардам беребиз дегендер көп болгон. Орусиядан да телефон чалышып, банктагы эсебин сурашкан. Анан банктан эсеп ачып койсокпу дегенбиз, бирок ага көп документ толтуруш керек экен. Ошентип ага чуркаганга убакыт жок калып калган. Өзү мага 10 миң сомдой топтоп берди, ушул тегеректе соода кылгандар да 10 миң сомдой беришкен. Ушинтип чогултуп Мирланга жер тилкесин алып берсекпи деп жатабыз.

"ҮЙҮН БЫЙЫЛ БҮТҮРҮП БЕРЕБИЗ"

Мирлан Канаевге "Кайрымдуу бол!" коомдук кайрымдуулук фонду үй салып берүүдө. Аталган фонддун жетекчиси Азамат Байматов төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Тагдыры оор адамдарга жардам берүүмө сиздер түрткү болдуңар. Сиздердин гезитке, сайтка чыгып жүргөн тагдырлардын бири менин жүрөгүмдү катуу оорутту. Ал "Дордой" базарында араба түртүп иштеген дудук киши жөнүндө болчу. Жүрөгүм ооруп эле тим болбостон, ага жардам көрсөтүүнү туура көрдүм. Ал үчүн сиздердин кеңсеңиздерге барып, Мирлан Канаевдин дарегин алып, анан ага жолуктум. Ага кийим-кечек, азык-түлүк алып барып бердик. Ошондой эле турак жай куруп берүүнү максат кылганбыз. Учурда биз "Манас" аэропорту жакка ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, тагдыры оор 10 адамга үй куруп жатабыз, буюрса, быйыл бүтүрөбүз. Мына ошолордун арасында Мирлан Канаевдин дагы үйү бар.
Акыркы жолу Мирлан байкеге барып жолукканыма 2 айдай болуп калды окшойт, кийим-кечегин алып берип, ары жак-бери жагын караштырып келгем. Сиздердин жамаатыңыздарга чоң рахмат! Калың элдин катмарына ушундай тагдырларды чыгарып, жардам берем дегендер менен көпүрө түзүп жатканыңар жакшы жышаан.

Буюрса, каарманыбызга салынып жаткан үй быйыл бүтөт.


"Мирлан байкеге жолугуп кабар алып турам",-дейт Азамат Байматов.


Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (29)
nazgul90
2017-02-01 19:43:57
Ушул кишиге аябай ыраазы болом да Аллахым эки дуйно бактылуулукту насип этсин.
+2
stervella415
2017-02-01 19:45:31
Манас аэропортуна жакын уй дешет...аябай алыско...тапканынын кобу еле жол киреге кетип калатко...тем более ертен мн ерте жумушуна жетишеби.....шаардын ичинен еле уй берилсе болмок екен
+2
lady.girl7997
2017-02-02 12:25:03
stervella415, Жардам берсе дагы суйлошот, бербесе дагы суйлошот. Сага миллиардерлер уй салып берип жатат дейсинби? Карапайым эл колунан келгенин кылып жатат.
+2
Beise
2017-02-01 20:51:57
Саламатсыздарбы! Азамат 3 эгиздин энесине уй салып бердиби билсек болобу, жакында ал келиндин квартирада кыйналып жашап атканын кордум интернеттен.Ракмат!
0
Beise
2017-02-01 20:52:58
Же жон эле пиар беле мурдакы убадалары
0
Sajakat14
2017-02-01 21:33:26
Жаратканым жардам бергендердин баарына ыраазы болсун! Колунда барлар жардамга муктаждарга жардам бергендерге Жаратканым өзү жардам берсин!
+1
Ramina-malina
2017-02-02 01:13:38
Kozumo jaw aldym((uwundai meerimduu adamdar kop bolsun Allahtyn yraazychylygy uchun iwtegen!
+1
Almagul.akylbekova
2017-02-02 18:50:29
Алла ыраазы болсун жардам бергендерге эки дуйнолук бактылуулукту насиб кылган болсун,ар дайым кубанычта журо берсин,пенсиясын не себептен озуно бербейт почточу эч убакта башка адамга бербеш керек ар дайым озу алууга тийиш озу бул кишинин акылы даана эле киши экенго бул кишиге айткыла админ пенсиясын залатая карона аркылу алса болот,пенсиясына жардам берип картычкага откоруп беришсе жакшы болмок экен жок дегенде кварплаты менен газ светке чыгып калмак.
0
realbek89
2017-02-02 20:23:02
Азаматка окшогон адамдар бийликке келгенде карапайым калктын жашоосу бир аз болсо да оңоло беле
0
Izdeim_seni.
2017-02-03 18:43:32
Туугандарынын да уяты жок экен да пенсиясын ала берген уялбай. Андан коро банктан карточка менен ала турган кылып бериш керек. Кай жерде болсо да озу алып алат
+1
Izdeim_seni.
2017-02-03 18:44:19
Азаматтын уй берерине ишенген жоксун если че
+1
asad345
2017-02-05 18:06:34
Аллах ыраазы болсун
0
kanykey125
2017-02-05 23:59:51
Жакшы экен уй куруп бергени.Азамат Байматов чыныгы патриот эле учун куйгон Адам экени шексиз
.Омурлуу болсун
0
afina66
2017-02-06 20:20:54
Аллах ыраазы болсун
0
Magusi
2017-02-07 10:26:24
Аллахым ыраазы болсун ушундай жардам кылган адамдарга.
0
XONIA1995
2017-02-07 16:45:36
Урматтуу супер инфонун жамааты,мумкун болсо Азамат Байматовдун номерин купуяма жазып коёсуздарбы?
0
admin_superstan
2017-02-08 10:35:02
XONIA1995, саламатсызбы? Тилекке каршы, андай маалымат бере албайбыз.
0
№ 743, 27-январь-02-февраль, 2017-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан