БОИНГ КЫРСЫГЫ: КАНДУУ ЖҮКТҮН ЭЭСИ ДАЛЕ БЕЛГИСИЗ

Ушул жылдын 16-январында "Манас" аэропортуна конуу үчүн келген Боинг 747-400F учагы "Аэрофлот" аталышындагы курулуш башкармалыгынын дачалары жайгашкан аймакка кулаган. Анын кесепетинен 39 адам курман болуп, 23 үй жарактан чыкты. Учактын "кара кутусу" Мамлекеттер аралык авиациялык комитетинин адистери тарабынан иликтенип бүттү. Кырсыкка ким күнөөлүү? Учактагы жүктүн ээси ким?

ДАГЫ БИР ЖАРАН КАЗА БОЛДУ

16-январдагы учак апаатынан улам 38 адам каза болгон болчу. Кырсыктан оор абалда ооруканага жеткирилген 29 жаштагы Сагынбек Рахманов да 22-январда алган жараатынан улам көз жумду. Ошентип учак кырсыгынан каза болгондордун саны 39га жетти. Жабыркаган үй-бүлөлөрдүн ар бирине президенттик фонддон 100 миң, премьер-министрдин фондунан 70 миң жана Жогорку Кеңештин фондунан 80 миң сомдон материалдык жардам берилмек болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан атайын ачылган бирдиктүү банк эсебине да ири суммада акча чогулууда.

ЧЫГЫМДАР ТӨЛӨНӨТ

Авиакаттамдар үчүн иштелип чыккан эл аралык келишимдер бар. Алардын эң негизгиси эл аралык аба каттамдардагы кээ бир эрежелердин бириктирилишин камтыган 1999-жылы түзүлгөн Монреаль конвенциясы. Бул конвенциялардын ичинде авиакырсык болгон учурдагы компенсация шарттары да бекитилген. Монреаль конвенциясынын негизинде эгер кырсыкка авиакомпания күнөөлүү деп табылса, анда ар бир каза болгон жүргүнчүгө 129 миң еврого чейин компенсация төлөп берет. Ал эми жер бетиндеги келтирилген үчүнчү жактын (жүргүнчүлөр, экипаж мүчөлөрү жана авиакомпаниянын кызматкерлеринен башкалар) чыгымы эл аралык жарандык авиация уюмунун Рим конвенциясынын (чет өлкөлүк аба кемесинин жер бетинде үчүнчү тарапка келтирилген чыгымын төлөп берүү боюнча) негизинде төлөнүп берилет. Анын негизинде камсыздандыруу компания тарабынан каза болгон же жаракат алган ар бир адам үчүн 33 168 долларга чейин компенсация төлөнөт.
24-январда Кыргыз өлкөсүнүн Транспорт жана жолдор министрлигинде эки тараптуу жолугушуу болуп өттү. Анда Түркиянын жарандык авиация дирекциясынын башкы директору Хайдар Ялчин бардык чыгашалар эсептелип, компенсация төлөп берилерин билдирген. Азырынча ар бир жанга канчадан берилет анык эмес.

"КАРА КУТУ" САКТАГАН МААЛЫМАТТАР ОКУЛДУ, БИРОК ЖООП ЖОК

Мамлекеттер аралык авиациялык комитетинин адистери учактын "кара кутуларына" сакталган маалыматтарды толук окуй алышты. Мамлекеттер аралык авиациялык комитетинин кырсыкты иликтеген комиссиясынын төрагасы Леонид Каширский Бишкекте 24-январда берген маалымат жыйынында жетиштүү маалыматтар чогулганы менен, азыр алар ачык жарыяланбай турганын билдирди. Бирок ал баарына кызык болуп жаткан учак ичиндеги жүктөр тууралуу да кеп козгоп, "учактагы жүк Стамбулга түшүрүлмөк, бирок ал кимге таандык экени тууралуу маалыматты азырынча айта албайбыз" деди. Саясатчы Равшан Жээнбеков аталган комиссиянын төрагасы ыйгарым укугунан аша чаап кеткенин билдирет. "Каширский учактын техникалык абалы боюнча гана маалымат бериши керек эле. Бирок ал анын ичиндеги жүк тууралуу да түшүндүрмө берип, кызматтык этиканы бузду. Мындан улам аны кимдир бирөө коркуткан же жүк боюнча да кеп кылуусун катуу суранган деп шектенип жатабыз",- дейт Жээнбеков.

УЧАКТАГЫ ЖҮК КОНТРАБАНДА БОЛУШУ ДА МҮМКҮН

Кыйраган учактын ичиндеги 85 тонналык жүк кимге тиешелүү экендигин кыргыз тарап да, түрк тарап да ачык айтпай жатышат. Аны иликтөө боюнча депутаттык комиссия да түзүлгөн. Эң алгач аталган комиссия "учак май куюуга токтогон" деген маалыматты тактоо максатында "Манас" аэропортуна барып көрдү. Буга чейинки маалыматтарда Гонконг-Стамбул каттамындагы учак 52 жолу Кыргыз өлкөсү аркылуу учкан деген маалымат айтылган. Бирок аэропорт кызматкерлери комиссиянын "учак кайсы компаниядан май куйган жана канча акча которгон?" деген суроолоруна жооп бере алышкан жок.
Комиссия 2016-жылдын 12-октябрында кармалган контрабанда менен да таанышышты. Оор жүк ташуучу автоунаа 45 тонналык контрабандалык жүк менен аэропорттон Бишкекти көздөй бара жатып кармалган болчу. Кызыгы, анын ичиндеги товарлар да акыркы үлгүдөгү телефондор болуп чыккан. Депутаттык комиссия ошол аткезчилик жүк менен кыйраган Боингдеги жүктөрдүн логикалык байланышы бар деп эсептешүүдө. Учурда иликтөө иштери уланууда.
Эгер кырсыкка учураган Боингдеги кандуу жүк чын эле Түркияга ташылып бараткан болсо, анда эмне үчүн кырсык болгон жерде табылган телефондордун колдонмолору кыргыз тилинде жазылган?

УЧАК КУЛАГАН ЖЕРДЕН ДҮМҮРЧӨК ТАБЫЛДЫ

Учак кулаган аймактан "Азаттык" радиосунун журналисттери банктан берилген дүмүрчөк таап алып, мунун учакка канчалык тиешеси болушу мүмкүн деп кызыгышкан. Бул дүмүрчөктө 2016-жылдын 12-декабрында "Лимин" ЖЧКсынын "Оптима банктагы" эсебине Бактияр Исмаилов аттуу Кыргыз өлкөсүнүн жараны 282 миң доллар которгону жазылган. Ал эми "Лимин" ЖЧКсынын өкүлү бул дүмүрчөк кантип пайда болуп калганын билбейт. Бирок буга чейин авиакаттамдар аркылуу соода жүргүзүп келгенин айтып, аталган учактагы жүккө тиешеси жок экенин билдирген. Ал жерден дагы бир топ кагаздар табылган. Анда буйрутмалардын кээ бирлери Орусия, Канада жана Норвегия сыяктуу өлкөлөргө жөнөтүлгөнү көрсөтүлгөн.

БАШКА ӨЛКӨЛӨРДӨ КОМПЕНСАЦИЯ КАНДАЙ ТӨЛӨНӨТ?

1988-жылы Лондон-Нью-Йорк каттамы боюнча учуп бараткан Боинг 747-121 учагы жарылып, Шотландиянын Локерби шаарына кулап түшкөн. Учактагы 259 жана жерден 11 киши каза болгон. Иликтөөнүн жыйынтыгында Ливиянын атайын кызматтары учакты жардырышканы аныкталган. БУУ Ливияга экономикалык санкция киргизип, санкция ар бир каза болгон адам үчүн Ливия өкмөтү 10 миллион доллардан төлөгөндөн кийин гана алынган.
1996-жылы Орусиянын жүк ташыган АН-32Б учагы Конгонун Киншаса шаарынын аэропортунан учарда көтөрүлө албай, базарды аралап барып өрттөнүп кеткен. Натыйжада 1 учкуч жана 297 жергиликтүү тургун каза болгон. Орусиялык учак лизинг келишими боюнча заирдик авиакомпаниянын учууларын аткарып жүргөн. "Scibe Airlift" жана "African Air" авиакомпанияларына сот тарабынан каза болгондордун жакындарына жана жабырлануучуларга компенсация төлөө үчүн жалпысы 1,4 миллион доллар айып салынган.

Бектур Токтоноев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
baltabai
2017-02-01 13:46:59
Kantip akcha kotorso bolot adimln aityp koigulachy
0
admin_superstan
2017-02-01 14:28:34
baltabai, саламатсызбы? http://www.super.kg/kabar/news/172921/
0
Aki-meki
2017-02-01 14:30:51
baltabai, форумчу болсонуз http://www.super.kg/superstan/index.php?showtopic=97491&st=0 бул жакка да кайрылып корун
0
Kroxa
2017-02-01 14:33:00
Биздин жарандарга туркия эмне толоду???
0
Ashlok
2017-02-04 16:24:54
саламатсынарбы супер инфо) "кит. разбуди меня в 4.20" деген темадагы макаланы кайдан тапсам болот?
0
Kypchak-kg
2017-02-06 16:34:01
Бул жук биздин жепжутар бийликтин жугу болгондуктан дале табылалек.
Карапайым бизнесмендики болгондо эмгиче таап камап салмак болчу.
Элдин убалына калсын ошол жепжутарлар.
0
№ 743, 27-январь-02-февраль, 2017-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан