САЛАТ, ТАМАКТАРДЫН ДААМЫН АРТТЫРУУЧУ СОУСТАР

КАЙМАК СОУСУ


Керектелүүчү азыктар:

  • Зайтун майы – 3 аш кашык
  • Лимон ширеси же алма уксусу – 1 аш кашык
  • Горчица – 1 чай кашык
  • Каймак – 7 аш кашык
  • Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

Зайтун майын, лимон ширесин, горчица, туз, мурчту кошуп жакшылап аралаштырабыз. Андан соң каймакты кошуп дагы чалабыз. Бул соусту майонез кошулуучу бардык салаттын түрлөрүнө жана бутерброд жасоодо колдонсоңуз болот.

ИСПАН СОУСУ

Керектелүүчү азыктар:

  • Петрушка – 1 боо
  • Сарымсак – 2 тишче
  • Зайтун майы – 7-8 аш кашык

Даярдоо ыкмасы:

Сарымсакты аарчып, петрушканы жууп, майда туурайбыз да, блендерге салып майдалайбыз. Эми буга майды чуурута куюп аралаштырабыз.
Эскертүү! Зайтун майынын ордуна өсүмдүк майын да колдонсоңуз болот. Бирок аны колдонордон мурун 1 сааттай муздаткычтын тоңдургуч бөлүгүнө салып муздатып алыңыз.
Сарымсак даамданган бул соус салат, эт жана балыктан жасалган тамактар менен берилет.

САРЫМСАК-ЙОГУРТ СОУСУ

Керектелүүчү азыктар:

  • Йогурт (таттуу эмес) – 1 стакан
  • Сарымсак – 5-6 тишче
  • Зайтун майы – 5 аш кашык

Даярдоо ыкмасы:

Сарымсакты аарчып, тазалап майда туурап же сарымсак эзгичтен өткөрүп алабыз. Йогуртка зайтун майы менен сарымсакты кошуп, блендерге салып аралаштырабыз. Табитиңизге жараша бул соуска майда тууралган көк чөптөрдү кошсоңуз болот.
Бул соус түрү эт, балык жана спагеттиден жасалган тамактарга кошуп берилет.

АЙРАН СОУСУ

Керектелүүчү азыктар:

  • Сууга бышкан жумуртканын сарысы – 3 даана
  • Айран – 5 аш кашык
  • Лимон ширеси – жарым чай кашык
  • Быштак – 3 аш кашык
  • Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

Көрсөтүлгөн азыктардын баарын блендерге салып 10 мүнөттөй аралаштырсак соусубуз даяр болот. Айран соусу эттен жасалган азыктарга жана жашылчалардан жасалган салаттын түрлөрүнө сунушталат.

КАЙМАК-СЫР СОУСУ

Керектелүүчү азыктар:

  • Катуу сыр – 175 грамм
  • Сарымсак – 2 тишче
  • Сүт (майлуулугу жогору) – 200 грамм
  • Мускат жаңгагы – бир чымчым
  • Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

Сүттү мискейге куюп жай отто жылытабыз да, сүргүчтөн өткөрүлгөн сырды кошуп аралаштырабыз.
Жай отто 5 мүнөт кайнаткандан кийин жанчылган сарымсакты жана бир чымчым мускат жаңгагын салабыз. Татымына жараша туз, мурч салып, жай отто 3 мүнөттөй кайнатабыз. Бул соус козу карындан, тоок этинен жана спагеттиден жасалган даамдарга сунушталат.

СИРАЧА СОУСУ

Керектелүүчү азыктар:

  • Чили калемпири – 60 грамм
  • Сарымсак – 3 тишче
  • Пияз – 1 баш
  • Кумшекер – 1 аш кашык
  • Соя соусу – 1 аш кашык
  • Уксус 9% – 1 аш кашык
  • Өсүмдүк майы – 1 аш кашык
  • Томат пастасы – 100 грамм

Даярдоо ыкмасы:

Пиязды аарчып, майда туурап, жай отто 5 мүнөттөй кууруп алабыз. Эми анын үстүнө тазаланып тууралган чили калемпирин, сарымсакты, томат пастасын, кумшекерди салабыз. Үстүнө уксусту, соя соусун куюп аралаштырабыз. Куурулган азыктар муздагандан кийин блендерге салып аралаштырып коёбуз. Соус даяр! Бул соусту эт, балык, роллдор менен берүүгө болот. Мындан сырткары маринаддоодо да колдонулат.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Gulzat86
2017-02-08 12:12:24
Сонун кенештер экен.Убакыт болгондо баарын даярдап алып муздаткычка салып коюп ар куну турдуусун иштетсен э
+3
Kroxa
2017-02-08 14:46:00
Соусту свежий колдонгон жакшы туруп калса даамы бузулуп калат...
+1
deva
2017-02-09 14:02:01
Мага өзгөчө сирача соусу менен испан соусу жагат. Каллориясы да аз
-1
Aiiko
2017-02-09 15:09:42
Уронуп алыш керек экен
-4
baltabai
2017-02-09 15:18:42
Жакшы ретсепго
Үйрөнүш керек экен
-1
tursunbaev78
2017-02-14 11:26:14
baltabai,рецепт болот
0
Ayka0696
2017-02-10 16:50:35
Сонун малыматтар бар экен рахмат.
+1
saltanat1996
2017-02-14 15:41:07
Соонун кеңештер экен чооң рахмат!
+1
№ 744, 03-09-февраль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан