КОРЕЙ КИНОСУНДАГЫ БЕЛГИЛҮҮ ТҮГӨЙЛӨР

«Сараңэ!» же болбосо «Мен сени сүйөм!» Бул сөздү корей сериалына сугарылган адам дароо түшүнөт. Мен жакшы көргөн актёрлор бири-бирине «Сараңэ!» дегенде, бул сыйкырдуу сөздү мага айтып жаткансып өзүмчө толкунданып алам. Алдыда 14-февраль – Сүйүшкөндөр күнү кол булгалап турган кез. Тасмада эле эмес, жашоодо да кол кармашып, 14-февралда бири-бирине чындап «сараңэ!» деп айта турган корейлердин жылдыздуу түгөйлөрү менен тааныштырабыз.

Рейн + Ким Тэ Хи


«Салам. Бул – Чон Жи Хун (ред.: сахнадагы лакап аты Рейн), мен сахнага 16 жыл мурун кадам таштагам. Ошол кездеги күйөрман кыздарым азыр сулуу аял, балалуу эне статусун алышкан. Мен дагы бир үй-бүлөнүн башчысы болгум келет. Сүйүүгө болгон ишеничибиз бекемделгенде биз үйлөнүүнү чечтик...»
Инстаграмга мындай билдирүү жазылар замат Рейндин күйөрман кыздары бир сыйра жаздык суулап ыйлап алганы шексиз. Анткени ырчы, бийчи, актёр, модель Рейн 2017-жылдын 19-январында бойдокчулук менен коштошту. Мындай көп кырдуу таланттын моюнуна каамытты андан таланты жагынан кем калбаган актриса, модель ошондой эле үйдө тынч отуруп алып сайма сайганды же атка минип сейилдөөнү жактырган Ким Тэ Хи кийгизди. Ким Тэ Хини биз айтылуу «Iris» («Айрис») сериалындагы Сы Хинин ролу аркылуу тааныйбыз.
Эки жаш 2011-жылы жарнамалык роликке тартылуу учурунда таанышкан. Ал эми кыз-жигит катары мамилелери 2012-жылы башталган. Жеке жашоосун көпчүлүккө ачыктагысы келбеген Рейн «Тэ Хи экөөбүздү 4 жыл аралыгында канча жолу уруштуруп, табыштырышты. Бул биздин тыгыз жумуш графигибизге байланыштуу болсо керек. Көп учурда бири-бирибизден алыс жүрсөк да, телефон аркылуу сүйлөшүп турабыз. Эң негизгиси, ал мага ишенет, мен ага» деген бир маегинде.
Назиктиги, сулуулугу менен көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айланып «периште» атка конгон Тэ Хи да жашоосундагы олуттуу кадам тууралуу интернет баракчасына ой бөлүшкөн: «Бүгүн экөөбүз үчүн узак саякаттын алгачкы күнү. Ушул күндү бизди сүйгөн күйөрмандарыбыздан, жакындарыбыздан бата алып туруп баштагыбыз келди...»
2013-жылы журналисттер Тэ Хинин атасына кызынын актёр Рейн менен болгон мамилеси тууралуу суроо салганда ал «мен Рейнди күйөө балам катары көргүм келет» деп жооп берген. Бул тилек ишке ашып, кичинекей мамлекет курган түгөйлөр бал айын Бали аралында өткөрүп келишти.

Ли Бён Хон + Ли Мин Чжон


Боевик тасмаларын жакшы көргөндөр 2016-жылдын күз айларында экранга чыккан Голливуддун «Мыкты жетилик» («Великолепная семёрка») фильмин сөзсүз көргөн болушу керек. Ал тасмада бычак менен көз ачып-жумгуча каршылаштарын жерге жалпайткан корей актёру Ли Бён Хон бар. «Корей жигиттер тасмаларда кызга окшоп ыйлай беришет, назик келишет» деген сындарды четке кагып, Голливудду таланты менен өз колуна алган актёр, ырчы, модель Бён Хон бизге «Iris» («Айрис»), «Ва-банк» сериалдары менен да таанымал. Жогорудагы кесиптештериндей эле бул актёр да жубайын чыгармачылыктын казанынан тапкан.
Болочоктогу жубайы актриса, модель Ли Мин Чжон менен 2006-жылы достору аркылуу таанышкан. Ал маалда Бён Хондун атагы таш жарып турса, Мин Чжон чыгармачылыкка жаңыдан гана кадам таштап баштаган кез эле. Эки жаштын мамилеси көпкө узабай, эки ажырым жолго түшүп, муну бири-бирине жетишерлик убакыт бөлө албаганы менен түшүндүрүшкөн.
Арадан 5 жыл өткөн соң түгөйлөр кайрадан биригишкен. Бул кезде Ли Мин Чжон да актриса катары пайдубалын бекемдеп, популярдуу «Мыкты жигиттер», «Кана, күлүп койчу» сериалдарына тартылып, күйөрман топтоп калган.
Ли Бён Хон «мени менен сырдаша алган, мени күлдүрө алган жалгыз аял Мин Чжон болду. Мен ага абдан ыраазымын» деп түгөйүнө болгон жылуу сезимдерин байма-бай айтып келет. Эки жаш мамилелерин бекемдеп, 2013-жылы 900гө жакын конок чакырылган тойдо баш кошушкан. Ал эми 2015-жылы уулдуу болушуп, ага Чжун Ху аттуу ысым ыйгарышкан.

Пэ Ён Чжун + Пак Су Чжин


Эң романтикалуу жылдыздуу түгөйлөрдүн катарын Пэ Ён Чжун менен Пак Су Чжин толуктайт. Бүтүндөй КМШ өлкөлөрүнө «корей толкунун» алып келген «Кышкы соната» сериалы эсиңиздеби? Ошол атактуу сериалдагы Кан Чжун Сандын ролу менен таанылган романтик жигит Пэ Ён Чжун өзүнөн 13 жаш кичүү Пак Су Чжин менен 2015-жылдын 27-июлунан бери чогуу түтүн булатып келе жатат. Актёр, модель, жазуучу, ишкер катары таанылган Ён Чжунду достору абдан жөнөкөй, боорукер адам катары сүрөттөшөт.
Ал эми жубайы Су Чжин карьерасын 2001-жылы «Sugar» тобунда ырчы катары баштап, 5 жылдан соң топ тарап кетип өзүн кино тармагында сынап көрүүнү чечкен. 2006-жылы чыккан «Түбөлүктүү сүйүү» сериалы ага популярдуулук тартуулап, өз күйөрмандарын топтоого жетишкен.
Пэ Ён Чжун менен Пак Су Чжиндин ортосунда сүйүү романы 2015-жылдын февраль айында башталган. Ён Чжун сүйүктүүсүн тарбиясы жана жылдыздуулугу үчүн тандаса, Су Чжин жолдошу түшүнүктүүлүгү, адамгерчиликтүү сапаттары менен жүрөгүн багынтканын айтып келет. Кызыгы актёр сүйүктүүсүнүн колун экөөнүн мамилеси башталганына туура 100 күн болгондо сураган. Башка атактуулардан айырмаланып, эки жаш бал айын чет мамлекеттерде эмес, Түштүк Кореяда өткөрүшкөн. Бул кадамы аркылуу түгөйлөр дагы бир жолу жөнөкөйлүгүн далилдешти дешет күйөрмандары.
Жылдыздуу түгөйлөрдүн бактысы толукталып, 2016-жылдын 23-октябрында Су Чжин менен Ён Чжун уулдуу болуп, азыркы учурда наристе жытына мас болуп турушкан чагы.

Ошондой эле...

Ан Жэ Хён + Гу Хе Сон


«Корей сериалына кызыкпайм»
дегендер да жок дегенде Гу Чжун Пё менен Гым Чан Динин атын угушкан. «Мыкты жигиттер» сериалы экранга чыкканда андагы 4 жигитке ашык болгон кыздар менен кошо, чач жасалгасын, кийинүү стилин ошол жигиттердикиндей кылып өзгөрткөн жигиттер Кыргызстанда азыр деле арбын. Сериалдагы «идеалдуу» кыздын образын чагылдырган Гым Чан Ди же болбосо актриса, ырчы, сүрөтчү, жазуучу Гу Хе Сон да түгөйү катары кесиптешин тандаган. Башкача айтканда, «Жылдыздан келген адам», «Кан» сериалдарына тартылган актёр, модель Ан Жэ Хён 3 жаш улуу экенине карабай Гу Хе Сондун колун сураган. «Ушунчалык сүйгөн көздөр мени карап турганда, эмнеге каршы болушум керек?! Мен макулмун» деп жооп берген Хе Сон жигиттин сунушуна.
Хе Сон менен Жэ Хён «Кан» сериалына тартылуу учурунда таанышкан. Сериалдын сценарийинде камтылган оорулуулардан таасирленген жаштар үйлөнүү үлпөт тоюна кетчү акчаны балдар ооруканасына которуп, өзүлөрү 2016-жылдын 21-майында ата-энелери менен чогуу чакан той өткөрүп коюшкан.

Вон Бин + Ли На Ён



2 жыл кыз-жигит мамилесинен кийин 2015-жылы актёр Вон Бин менен актриса, модель Ли На Ён да нике шакегин тагынышкан. Вон Биндин жүзүн көрөрмандарга тааныткан «Жүрөгүмдө күз» сериалы жана «Кайдан келгени белгисиз адам» тасмасы болгон. Ал эми назик На Ёнду Рейн менен чогуу тартылган «Качкын: План-Б» сериалы аркылуу эске түшүрөбүз. Эки жаштын тоюна 50гө жакын гана адам чакырылып, туугандарынын, жакын досторунун курчоосунда актёрдун кичи мекени Канвондо провинциясында өткөн. Ошол эле жылдын декабрь айында түгөйлөр ата-эне статусун алып, уулдуу болушкан.

Асыл Орозбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (36)
lady.girl7997
2017-02-08 16:12:02
Ли Чон Сок, Ан Дже Хен менин суйуктуу актерлорум!))
-1
Almagul.akylbekova
2017-02-08 16:41:10
Ли Бён Хон жана Чжун Сан менен ото катуу ооругам олло жвгатда ушул актёрлор,азырда ушулардын куйорманы мын..
+1
Nevestkaa
2017-02-08 18:04:13
Сүрөттөрүн көрүп эле ушул экөө үйлөнгөн турбайбы дебесең аттарынан кимиси аял кимиси эркек экени билинбейт го.
+13
Nevestkaa
2017-02-08 18:04:55
Неге менин комментим чыкпайтаат
-1
izdeim.seni
2017-02-08 20:10:34
Сараңе эмес журналисттер туура эмес жазыптыр. Сараңе дегени сүйөм деген эле сөз.
Чонын норыль сараңхасейо болсо мен сени сүйөм болот
+1
Altynym
2017-02-08 20:16:20
izdeim.seni, тескерисинче көпчүлүк сараңе деп эле колдонот. Мен Кореяда жашагам 3 жыл, чонын норыль сараңхасейо как диалект катары айтышат. Ал жерде турду диалектте суйлогондор көп
0
Eliza.nurjanovna
2017-02-11 11:51:01
Altynym,кантип кетсе болот экен ошол жака?
+1
Motorola-Samsung
2017-02-08 23:20:33
Админ сураныч индиялык "сенга ошикман" сериалындагы баш кармандар туралуу жазгылачы
-3
admin_superstan
2017-02-09 11:05:25
Motorola-Samsung, саламатсызбы? Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
+1
ofcourse
2017-02-08 23:29:41
Bulardyn 95 97 jylkylary hjojgo
-1
TOMIRIS.
2017-02-09 01:01:17
Кыш санатасындагы кыздын да тугойун жазгылачы.
+1
Ayka0696
2017-02-10 16:46:23
Кан суйуушкондор мага абдан жагат бактылуу болушсун.
-1
Sezimka27
2017-02-10 21:35:38
бизде 80жылкылар чоон еле аялго корей тилин билгендер мага жазып койгулаачы
+1
Sezimka27
2017-02-10 21:36:30
корей тилин билгендер мага жазып койгулачы
-2
mademoiselle
2017-02-12 02:06:32
Вон Бинди сурот элем го, бактылуу бол ылайым эле.
-1
ggvatua
2017-02-13 00:44:56
Кыш санатасы менен оорудук эле бирде.Эми да ал сериалдан артыгы жок.Ли Чон Сок жонундо жазгылачы!!!Плииз
-1
admin_superstan
2017-02-13 09:37:39
ggvatua, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирип коёбуз. Бул жерден да карап көрүңүз: http://www.super.kg/article/show/38897
-1
Ramina-malina
2017-02-13 01:00:02
70-72jylkylar bizde "Babuwka Deduwka"degen statustu alywty...
-1
aitieva00
2017-02-24 03:45:24
Ли Чон Сок,Ан Дже Хен,Со Джун Ким Хен Су деген актерлор менен ооруйм го
-1
№ 744, 03-09-февраль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан