КЫЗДАР ЭМНЕГЕ «ЖАМАН ЖИГИТТЕРДИ» КААЛАШАТ?

Жашоо – деген адилетсиз нерсе. Абдан жакшы, тарбиялуу балдарга караганда кыздардын көбү орой, айтканынан кайтпаган, ар убак кабагын бүркөп алып өзүнө ишенимдүү жүргөн жаман жигиттерди жактырышат. Эмнеге?

1-СЕБЕП.
Айымдар 5 мүнөттөн кийин жаман жигит эмне кылып жиберерин билишпейт. Балким, ал күтпөгөн жерден эле сизди өпкүлөп, кумарга батууга сүйрөшү мүмкүн. Сөзсүз ак шейшеп салынган төшөккө эмес. Ал өзү каалаган жерде сизди кумарга батыра алат. Өзүнө ишенет. Демек, алдыда белгисиздик, кызыктуу окуялар, көз тумандаткан кумар... Ал эми жакшы балдардын ар бир кадамы белгилүү да. Окумуштуулардын айтымында, дал ошол белгисиздик, эмоциялардын ашып-ташышы, адреналинди жаман жигиттер гана бере алгандыктан кыздар аларды каалап турушат.

2-СЕБЕП. Жаман жигиттер тайманбас болушат. Алар коркушпайт. Тайманбас, намыскөй, өзүнүн беделин сактай алган жигиттерди көргөндө айымдардын бир далайы кө-өп нерсени кыялданып жиберишет. Изилдөөлөргө ылайык, айымдардын көпчүлүгү чыныгы мырза эр жүрөк болушу керек деп эсептешет. Анан калса кыздар жаман жигиттердин жанында өздөрүн чептин ичинде жүргөндөй сезишет.


3-СЕБЕП. Жакшы жигиттер адатта кыздардын мээсинен, жүрөгүнөн орун тапканга аракет кылышат. Бирок кыздардын баары эле алардын жеке зонасына кимдир бирөөнүн кирүүгө аракет кылганын жактырышпайт. А жаман жигиттер жүрөккө, башына кирип отурбайт, тескерисинче, юбка алдына кирүүгө көбүрөөк аракет кылат. Башкача айтканда, кызга ырахат тартуулайт. Эгер кыз ичиндеги уйгу-туйгу маселеси менен бөлүшкүсү келсе бөлүшөт, бирок жаман жигит гана «эмне болду, айтчы» деп кызды тажатпайт. Артыкчылыгы да ушунда.

4-СЕБЕП. Жакшы балдарга жетүү оңой. Алар гүл берет, кафеге алып барат, үйүңө узатып коёт. А жаман жигиттерчи? Ал биринчи жолугушууда сизге жакканын сезсе эле сизди өөп жибериши мүмкүн. Үйүңө чейин узатпай коюусу да ыктымал. Аларга жетүү кыйын. Канчалык акылсыз угулбасын, бирок кыздар ушундай мамилелерден улам жаман жигиттерге байланып калышат. Психологдордун айтымында, кыздар «бул акмак мага эмне деп мамиле кылып койду. Мага жакшы мамиле кылганды үйрөтөм» деп өздөрүнүн түшкөн беделин калыбына келтирүү үчүн жаман жигиттерден кете албай жүрө беришет.

5-СЕБЕП. Жаман жигиттер деген жаман жигиттер. Аны эч убакта бир ботаник менен алмаштыра албайсың. Башкача айтканда, алар көпчүлүктүн ичинде жоголуп кетишпейт. Өзүнүн ишенимдүүлүгүн кымбат, модалуу кийимдин артына катышпайт. Спорт менен достошуп жүргөндүктөн алардын кең далылуу дене түзүлүшүнө арзан спорттук кийим болобу же кымбат классикалык костюмбу бирдей эле жарашат.

ЖАМАН ЖИГИТТЕР КИМДЕР?

Жаман жигит десе көз алдыңызга колуна сыра кармаган, көчөдө түкүрүнгөн, маданиятсыз, кылмышкер жигит тартылышы мүмкүн. Эскертүү, америкалыктар айткан «bad boy», орустар айткан «плохой парень», бизче «жаман жигит» дегендер бул таптакыр башка. Кыскасы, ал «мырк» эмес. Ал өзүнө ишенимдүү, спортту сүйөт, жакшы көргөн кызын эч кимге таарынтпайт, өз баасын билет, жашоодо койгон максаттарына жете билет. Жаман жигит менен «мыркты» айырмалай билиш керек.

ЖАКШЫ БАЛДАРГА КЕҢЕШ

Кызды таң калтырып туруу керек. Демек, кээде жаман жигит болуп коюу ашыктык кылбайт. Сүйүү мамилеси деген гүл берүү, айлуу түндө сейилдөө менен эле чектелбейт. Күтүүсүз кадамдарга баргыла! «И-ий, алтыным, бардыгы сен айткандай болот» дей бербей, «эркек чечет» деп жоопкерчиликти ала билүү керек. Көп сөздү айтканда эмне, жаман жигиттер кандай болорун жогоруда айтып өтпөдүкпү.

Астра Айдарова
erotika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (141)
DNurgiza
2017-02-14 09:05:08
Негизи макала эмне жөнүндө айтылып атат, көп жерин туура эмес жазыптыр(юбканын ичине асылат) деп....Негизи кандай жигиттер жагат кыздарга, мисалы бий учурунда, жаныңа келип эле, бийлегенге колунан жетелеп кетип калат, жүрсөң деп эле бирнерселерди кооз нерселерди көргөзүп, балким шаар айлантып келет, ар кандай тамашалуу сөздөрдү айтып, өзүн эле эмес айланадагылардын баарын күлдүрөт, жолдон кой десе болбой жетелеп басат, өсүп турган гүлдү уруксатсыз коркпой чуркап барып үзүп келет...
+4
CapsLock400
2017-02-14 13:47:39
Балдардын горячий болгону жакшыго. Аялдын козун карап отурбай. Эркектей болуп
+8
shamshiev.80
2017-02-14 14:30:40
Туугандар а дейбиз бул дейбиз,жакшы жигит менен жаман жигиттин айрымасы эмнеде, азыркы заманда кайсыл жигит акчаны коп тапса ошол жигит жакшы деп тандашат кыздарыбыз,эмнелерди эле айтып отурасынар жа[moderated]ленип.Акча табууга бираз шарты, мумкунчулуктору туура келбеген кездердеги жигит, бул жаман жигит болуп чыга келет.Мынаке азыр президент шайлайбыз деп турабыз,бул жерде дагы бай,милионер саяасатчы суйлосо ошону шайлаганы турабыз,карапайым саяасатчынын колунан келбейт президенттик деп.
0
Mirko.93
2017-02-14 18:49:16
Ислам дининде жигитим (парень) суйгонум(девушкам) деген тушунук жок. Ислам диниде жубайым, жолдошум деген гана тушунук болуш керек! Чыныгы суйуу никеден кийин башталат дейт, ага чейин суйушуп жургон бул зына.. куноо.
+1
ilana
2017-02-16 14:13:17
комментарийлер озунчоле бир тема да. ))) кулкулуу да...
+1
Maksxan
2017-02-19 11:24:18
Мен жаман баламын мен жакшы кызды таап үйлөнүп алам дегендер аз эмес Аллах таалам баардык пенделерин теңи менен кошот,кандай жерге коп барсаң ошол жерден теңинди табасын деген сөз бар..
0
airusa
2017-02-25 00:17:02
Баары эң туура. Мен да азыр бир "плохой парень" ден кете албай жүрөм. Мага да "bad boy" лор жагат.
+1
Batma08
2017-02-26 14:48:11
Менин жолдошум жакшы экен не болду кыйналып жатасынбы дей берет
0
volk27
2017-03-09 12:53:01
Ото жакшы кенеш рахмат
0
2007begim
2017-03-10 21:00:56
Пайдалуу кенештер окусан болот
+1
kairat112
2017-04-18 20:59:48
негизи макала туура кыздар жаман балдарды каалашат...бирок юбканын астына асылгандар алар такыр эле башка...
+1
kairat112
2017-04-18 21:02:26
менин комментим жокко
0
Munar_11
2017-05-15 20:57:23
Рахмат кенешинерге
0
IskenDer.Ali
2017-06-23 16:17:22
Чын айтылган соз екен
0
kano2124
2020-01-09 19:21:40
Эх Кыргыз элим Жакшы болуш аста аста,
Жаман болуш бир паста.
+1
№ 744, 03-09-февраль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан