29-январга караган түнү кыргызстандык спортчу Валентина Шевченко UFC’де кезектеги беттешин Жулианна Пеньяга каршы өткөрдү.
ТАЛАПКЕРДИ ТАНДОО
Жеңил салмак категориясында Ронда Роузинин келкели бүтүп, эми жаңы жүздөрдүн чыгышы менен өзгөчөлөнүүдө. Учурдагы чемпион Аманда Нуньес Роузини жеңгенден бери көпчүлүк ага атаандаш табуу кыйын деп ойлошкон. Бирок Валентина Шевченко мындай ойлордон алыс.
29-январда АКШнын Денвер шаарында жеңил салмак категориясынын (61,2 килограмм) рейтингинде 1-2-орундагы мушкерлер күч сынашты. Жеңүүчү чемпиондукка расмий түрдө талапкер саналат. Валентина Шевченко (рейтингде №1) Жулианна Пеньяга (рейтингде №2) каршы.
2-РАУНДДАГЫ "ЧЫКАНАК РЫЧАГЫ"
Мекендешибиз беттеш башталар замат коргонууга өттү. Анткени Пенья алды-артын карабай дароо чабуулга ыктап баштады. 1-раундда эки мушкер дээрлик бири-бирин коё бербей клинч абалында болушту. Пенья 5 мүнөт бою Шевченкого караганда активдүү кыймылдаганы байкалды.
2-раунд да баштагыдай өңүттө башталды. Пеньянын грэпплинг чебери экендиги белгилүү, андыктан тэйкдаунга салып жатты... Бирок атаандаштын алдынан суурулуп чыккан Шевченко Пеньянын колун кармоого үлгүрүп, "чыканак рычагын" колдонду. Жулианна жер чапкылагандан башка арга тапкан жок. Жеңиш Валентинада!
КЕЗЕКТЕ АМАНДА НУНЬЕС
Валентина Шевченко эми расмий түрдө чемпиондукка талапкер. Анын кийинки беттеши учурдагы чемпион Аманда Нуньес менен болмокчу. Нуньес бул беттешти алдыңкы орунда өз көзү менен көрүп отурду.
"Эрежесиз урушта соккуну да, ар түрдүү ыкмаларды да билүү маанилүү. Нуньес менен экинчи беттешим кызыктуу, өзгөчө болот. Мен ага даярмын. Жеңүүчүнү октагондо өз ара чечип алабыз",- деди Валентина беттештен соң.
Азырынча бул беттеш качан болору белгисиз. Эгерде мекендешибиз UFC’де жеңүүчү болсо, мурунку СССР өлкөлөрүнөн чыккан жалгыз чемпион болуп саналат.
Адилет Керимбек уул
sport@super.kg