Күрөш
АЙСУЛУУ ТЫНЫБЕКОВА "ИВАН ЯРЫГИН" ЭЛ АРАЛЫК МЕЛДЕШИНДЕ ЖЕҢҮҮЧҮ
Эркин күрөш боюнча Кыргыз өлкөсүнүн балбандары Орусиянын Красноярск шаарында 27-29-январь аралыгында өткөн "Иван Ярыгин" эл аралык мелдешине катышышты. Аталган мелдеште жалпы 11 кыргыз спортчусу күч сынашты. Алардын катарында "Рио-2016" Олимпиадасынан бери мелдештерге катыша элек Айсулуу Тыныбекова да барды.
58 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан Айсулуу Орусия жана Монголия мамлекетинин 3 спортчусун жеңип, финалга чыккан. Финалда орусиялык Вероника Чумикованы 13:3 эсебинде утуп, алтын медаль тагынды.
Тилекке каршы, калган балбандарыбыз медалдарга жетишкен жок.
Универсиада
КЫШКЫ УНИВЕРСИАДА: ОРУСИЯ МЕДАЛДАР БОЮНЧА АЛДЫДА
Алматы шаарында өтүп жаткан Кышкы Универсиадада кыргыз спортчулары медалдарга жетише элек. 29-январда күрөшкө алгачкылардан болуп кыздар арасында лыжа боюнча жеке жарышта Кыргыз өлкөсүнүн спортчусу Кундуз Абдыкадырова катышып, 62-орунда келди.
Ошондой эле эркектер арасында 10 чакырымдык лыжа жарышына түшкөн Тариэл Жаркымбаев 87-орунга жазылды.
Жалпы оюндардын жыйынтыгы боюнча азырынча Орусиянын спортчулары медалдар боюнча алдыга чыкты. Алар жалпысынан (1-февралга карата) 21 медаль (10 алтын, 8 күмүш жана 3 коло медаль) жеңишсе, Япония 2 алтын, 5 күмүш, 1 коло менен 2-орунда жана Казакстан 2 алтын, 2 күмүш жана 4 коло медаль менен 3-орунда.
Футбол
АФК КУБОГУ: "ДОРДОЙ" "БАЛКАНДЫ" УТА АЛГАН ЖОК
31-январда Ош шаарындагы А.Сүйүнбаев атындагы стадиондо өткөн АФК Кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында бишкектик "Дордой" Түркмөнстандын "Балкан" командасы менен кез келди.
Эл аралык мелдеште клубдук бөлүнүү деген жок, андыктан Ош шаарында "Дордойду" 8 миңдей күйөрмандар колдоп турушту. Таасирленген "Дордой" алгачкы мүнөттөрдөн тарта чабуулга өткөнү менен, 70-мүнөттө коноктор "Балкандын" коргоочусу Нуртаган Маммедалыев эсепти ачты. Эсеп 78-мүнөттө теңелди. Кайрат Жыргалбек уулунун чыгарып берүүсүн Алишер Азизов башы менен дарбазага таамай сокку узатты. Жыйынтыгында оюндун эсеби 1:1 менен аяктады.
Эми "Балкан" командасы менен жооптук беттеш 7-февралда Түркмөнстандын Балканабад шаарында өтөт.
Адилет Керимбек уул
sport@super.kg