БАЛИ ­- ЖЕРДЕГИ БЕЙИШ

Бали – Малай архипелагындагы Индонезия Республикасынын Индонезия провинциясынын курамына кирген арал
Борбору – Денпасар шаары
Жалпы аянты – 5780 чарчы чакырым
Калкынын саны – 4 миллиондон ашуун (2014)
Расмий тили – Индонезия тили
Акча бирдиги – Индонезия рупийи (1 сом 192 рупийге барабар)
Дини – Элинин 83,5 пайызын индуисттер, 13,3 пайызын мусулмандар, 1,7 пайызын христиандар жана 0,5 пайызын буддисттер түзөт.

ТУРИСТТЕРДИ ЖАРАТЫЛЫШЫ, БИЙИ, ДИНИЙ МАЙРАМДАРЫ ТАРТАТ

Аралда жыл бою абанын орточо температурасы 26-30 градус жылуулукту, ал эми океандын суусунун температурасы +26-28 градусту түзөт.
Бали кереметтүү кооз табияты жана климаты менен туристтерди өзүнө тартып келет. Алардын саны 2015-жылы
4 миллиондон ашкан.
Негизи аралды өнүктүрүп, туристтерди кызыктыруу үчүн атайын план 1969-жылы иштелип чыгып, БУУнун колдоосу менен Дүйнөлүк банк каржылаган. 1978-жылы Балинин губернатору Ида Багус Мантра кызыкдар тараптарга аралдын бай маданиятына көңүл бурууну сунуштаган. Ошондон тарта музыка, бий, диний майрамдар, скульптура, живопись өнүгө баштап, өтө кымбат эмес мейманканалар салынат. Күрүч талааларына суу түтүктөрү жеткирилип, анын натыйжасында пайда болгон кооз ландшафттар элиталык туризмди алып келген. Азыр бул аралга дүйнөлүк жылдыздар көбүнчө никелешүү жөрөлгөсүн, бал айын өткөрүү үчүн барууга кызыкдар.

АРАЛДА ЛИЛИЯ, ЛОТОС, ЖАСМИН, ОРХИДЕЯ СЫЯКТУУ КООЗ ГҮЛДӨР ӨСӨТ

Географиясына келсек, аралда жанар тоо кыркалары жайгашкан. Мисалы, белгилүү Агунг жанар тоосунун бийиктиги 3142 метрди, Гунунг-Батурдуку (Батур) 1717 метрди түзөт. Тарыхта жанар тоолору атылып, жергиликтүү тургундардын өмүрүн алган учурлар катталган.
Флорасы болсо ар түрдүүлүгү менен өзгөчөлөнөт жана аралдын 60 пайызын токойлор ээлейт. Өсүмдүктөрдөн фикус, панданус, нан дарагы, ошондой эле пальма, дарак сымал папоротник, бамбуктар көп. Банан токойлору да туристтерди кайдигер калтырбайт. Андан сырткары бул аймакта лилия, лотос, жасмин, орхидея сыяктуу кооз гүлдөр өсөт. Пальма дарактарынын жалбырагынан мурда храмдар үчүн ыйык тексттерди жазчу кагаз даярдашкан. Бамбук дарагы жергиликтүү эл үчүн универсал курулуш каражаты болуп эсептелинет. Деңиз жаныбарларынан акула, кораллдардын түрүн, дельфиндерди көрүү кадимки эле көрүнүш.
Деңиз жээктеринен бийик толкундар менен жарышкан сёрфинг сүйүүчүлөрдү, дайвинг менен алектенгендерди көп кезиктирүүгө болот. Андыктан Балинин "жердеги бейиш" аталышы бекеринен эмес.

ИНДОНЕЗИЯНЫН "ЖҮРӨГҮНӨ" "СУПЕР СУЛУУ" ЖӨНӨДҮ

Аралда туристтерди өзүнө тартып турган жерлерге Бали сафари сейил багы, Пура Бесаки эң чоң храмы, жанар тоонун кратеринде жайгашкан ботаникалык багы, Гит-Гит жана Алинг-Алинг шаркыратмасы, «Таман Уджунг» суу үстүндөгү хан сарайы, маймылдар мекендеген Убуд токою, дайыма кечак бийи бийленүүчү Улувату храмы кирет. Кечак бийин күн батып баратканда 100дөн ашык эркек киши бийлейт. Анда Сита Рам деген сүйүшкөндөрдүн романтикалык тарыхы баяндалат. Бийдин эпизоддору "Рамаяна" эпосунан алынган.
Аралда жыгач скульптурасы, живопись өнүккөндүктөн чеберлердин бул багыттагы эмгектерин көрө аласыз. Жергиликтүү эл жибек жана пахта кездемелерге сүрөт түшүрүп (батик), андан майрамдык жана күнүмдүк кийилүүчү кийимдерди тигишет. Мындай кийимдер туристтердин кызыгуусун арттырат жана сатып алууга мажбур кылат.
Кызыктарга бай Бали аралы Индонезиянын "жүрөгү" деп да аталып келет. Дал ушул экзотикалуу аралда "Супер сулуу-2016" сынагынын жеңүүчүсү Бактыгүл Орозбаева жана SUPER.KG`нин кубогунда мыкты оюнчу деп табылган тамашоучу Калыбек Турдубаев эс алып кайтышмакчы. Саякаттан кеңири репортажды жакынкы сандарыбыздан окуй аласыздар.

Күрүч өстүргөн талаалары абдан кооз.


Аралдан "Рамаяна" эпосунун каармандарынын айкелдерин көрүүгө болот.


Суу үстүнө курулган "Таман Уджунг" хан сарайы.


Замира Рахманбердиева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Eldiarkrasavchik
2017-02-08 12:23:34
Кыргыз жарандары барып эс алып келуусу учун орточо эсеп мн канча каражат кетери жонундо да маалымат берилсе абдан жакшы болмок.
+10
hanbiike.97
2017-02-08 15:15:02
Kyialymdagy mamleket.
0
Nora
2017-02-10 07:01:33
men Corse aralyna jyl saiyn baryp turam, plajdary Balige okshosh tura.
-2
№ 744, 03-09-февраль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан