КЕЛИҢИЗ, ОЮНЧУК ТАНДАЙБЫЗ!

ЮНИСЕФтин адистери "бала оюнчуктун жардамы менен дүйнө тааныйт, аң-сезимин өстүрөт, максатына жетүүгө үйрөнөт. Бул үчүн ар бир ата-эне оюнчукту сапатына, баласынын жашына карата тандап бериши шарт" дешет. Менин балама кайсы оюнчук туура келет дейсизби? Анда төмөнкү макала сиз үчүн.

2-4 АЙЛЫК

1 айлык ымыркай жашоосунун көп бөлүгүн уйкуда өткөргөндүктөн, ага эч кандай оюнчуктун кереги деле жок. 2 айынан баштап ымыркай айлана-тегерегине көз чаптырып, өзүнө тааныш үндөрдү ажырата баштайт. Дал ушул мезгилден тарта ага эң керектүү болгон шылдырактын түрлөрүн сатып берсеңиз болот. Шылдырактын үнү ымыркайдын көңүлүн көтөрүп, ыйлаганда соороткондон сырткары баланы түс, үн жана көлөм менен тааныштырып, колу-бутун кыймылдатууга үйрөтөт.

5-7 АЙЛЫК

Бул курактагы наристелер бир нерсеге жетип, аны кармалап, оозуна салууга ынтызар. Андыктан балага бир нерсени кармоого, жетүүгө, ыргытууга мүмкүнчүлүк түзүп берүү керек. Мисалы, чоюлма, асма, жумшак кездемеден тигилген оюнчуктарды, жел коңгуроолорун алып берүү керек. Дагы бир эске алчу жагдай, бул куракта көпчүлүк балдардын сүт тиштери жарыла баштайт. Андыктан атайын тиштегенге ыңгайлуу оюнчуктарды сатып берүүнү унутпаңыз.

8-12 АЙЛЫК

Мындай курактагы бөбөктөр мурдагыдай оюнчукту алаканы менен гана кармабай, манжаларынын учтары менен иштөөгө өтөт. Бала оюнчукту бөлүктөргө ажыратып, ыргытып, сындырууга аракет кылат. Бул учурда оңой ажырап, кайра бириге турган оюнчуктарды алуу туура. Мисалы, кураштыруучу пирамидалар, барабан, топ, зыянсыз желимден жасалган ар кандай оюнчуктар. Аларды ажыратып, кайра жыйноо баланы кыймылдуулукка үйрөтөт.

1-3 ЖАШ

Баланын сезүү органдары өөрчүп, ар түрдүү оюнчуктарды талап кылган учуру. Бул куракта бала жөн гана ойноого алымсынбай, өз колу менен бир нерсе жасоону каалайт. Андыктан суу менен кумда ойноочу шаймандарды, дөңгөлөктүү оюнчуктарды, жөнөкөй куурчактарды сатып бергениңиз туура. Буларды ойноодо баланын колу эле иштебей, ой жүгүртүүсү да өнүгөт. Оюнчуктардан чыккан үн да чоң мааниге ээ экенин эске алып, ышкырык, сурнай сатып берсеңиз болот.

3-5 ЖАШ

Бул курактагы балада өзүнө окшош нерселерге, ар кандай жаныбарлардын, адамдардын фигураларына болгон кызыгуу күчөйт. Сиз тандаган жаныбарлар балага тааныш болууга тийиш. Ал эми тандаган куурчагыңыз ийилчээк, кийими кийилип-чечиле тургандай болууга тийиш жана өтө кооз болбошу керек. Анан да анын жыныс белгиси көрсөтүлбөшү зарыл. Кызыңызга өзгөчө мүчө-келбети, саркеч кийимдери бар куурчак алып берүүдөн качыңыз. Булар баланын адаттан тыш эрте жетилүүсүнө таасирин тийгизет. Ошондой эле бул курактагы балдарга эреже менен ойнолуучу, чүкө, домино сыяктуу оюндарды үйрөтүү туура. Мындан бала кезек күтүүгө, бир нерсеге көңүл коюуга, таамай атууга, негизи эле аракет кылууга үйрөнөт. Мындан тышкары жумшак оюнчуктар да дал ушул курак үчүн. Алар балага коопсуздук жана тынчтык сезимдерин тартуулайт.
Бул курактагы балдардын дагы бир өзгөчөлүгү, чоңдорду тууроо болуп саналат. Андыктан ролдуу оюндарды ойноого арналган оюнчуктар топтомун алып бериңиз. Мисалы, дарыгердин, ашпозчунун, устанын буюмдары.

5-7 ЖАШ

Бир нерсени жаратуучу курак. 5-7 жаштагы балаңыз үчүн өз колу менен бир нерсе жасоосуна шарт түзүп бериңиз. Буларга пластилин, туздалган камыр, кызыктуу, сүрөттүү китептер, көп бөлүктөн турган конструктор, пазл, сүрөт тартуучу такта, музыкалык аспаптар, стол оюндары сыяктуу нерселер туура келет.

ОЮНЧУК САТЫП АЛАРДА ТӨМӨНКҮЛӨРДҮ ЭСКЕ АЛЫҢЫЗ!

Сатып алынган оюнчук сөзсүз баланын жаш курагына туура келүүгө тийиш.
Ар бир эле бала оюнчукту оозуна салып, даамын татып көрүүгө ашыгат. Андыктан анын кандай материалдан жасалганын билүүңүз керек.
Желмогуз, скелет, жөргөмүш сыяктуу түрү суук, коркунучтуу оюнчуктарды сатып бербегениңиз оң. Мындай оюнчуктар баланын психикасына терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
Музыкалуу оюнчуктардын үнү балага жагымдуу болушу шарт. Жагымсыз музыка баланын психикасына терс таасирин тийгизет.
Баланын жашы канчалык кичине болсо, оюнчугунун тетиктери ошончолук көлөмдүү болуусу зарыл. Анткени аларды жутуп алуу коркунучу бар.
Жумшак оюнчуктун кылдары колуңузда калып калса, аны сатып алуудан баш тартыңыз. Мындан тышкары анын мурду, көзү бекем бекилгенине ынаныңыз.
Оюнчуктун түсүнө, түстөрдүн шайкеш келишине өзгөчө көңүл буруңуз.
7 жашка чейинки балдарга салмагы 400 граммдан ашкан оюнчук сатып берүүгө болбойт.
Жыгач – экологиялык жактан эң таза жана коопсуз материал. Ошондуктан мындан жасалган оюнчуктарды алыңыз.

ОЮНЧУКТАРДЫН ТАЗАЛЫГЫН САКТАЙЛЫ!

Булганган оюнчукту кир самын менен жууганга аракеттениңиз. Өтө кир болгондо гана атайын балдарга арналган айна менен жууп, таза чайкаңыз. Кадимки айна менен жуугандан качыңыз. Себеби аллергия жаратышы мүмкүн.
Жыгачтан, желимден жасалган оюнчуктарды суу жана шарап уксусунун теңме-тең аралашмасы менен сүртүп тазалоого болот.
Балаңызга жумшак оюнчуктар менен сыртта ойноого уруксат бербеңиз. Сейилдөө үчүн атайын оюнчуктарды сатып алып, баштыкка салып, кире беришке даярдап коюңуз.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
batkenim2016
2017-02-09 22:22:25
Абдан жакшы кенештер жазыптырго. Эмне форумчулар бул болумго кирип билдируу таштабай керексиз жакта журосунор.(тамаша)
+3
Akzholtoi_Zhamashbekova
2017-02-10 03:13:25
Жакшы кеңеш экен. Жакшы көргөн бөбөктайларыма жакшы оюнчук эч качан аябайм)))
+2
m.a.d.e_i.n_m.a.m.a
2017-02-11 09:35:13
Жакшы кенеш. Менин балам ,2 айлык ушул жактан окуп калып шылдырак оюнчуктарды сатып бергем. Шылдыратсам аябай суйунуп тыбырчылайт. Рахмат кенешинерге
+1
KgAltynai
2017-02-12 06:30:04
Мен азырынча турмушка чыга элекмин, 18 демин, бирок темасын көрүп калып окуп көрүүнү жана эске тутуп калууну чечтим, абдан жакшы, пайдалуу кеңештер айтылыптыр,келечекте пайдасы сөзсүз тийет деген ишеничтемин. Супер инфо рахмат сиздерге!
0
№ 744, 03-09-февраль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан