1. Спортко келишиңе эмне же ким себеп болгон?
2. Спорттун кайсы түрү менен машыгасың?
3. Машыкканыңа канча жыл болду жана аптасына канча жолу спорт залга барасың?
4. Сен үчүн спорттун пайдасы?
Курал Чокоев: "КҮЗГҮДӨН КАРАНСАМ КЕБЕТЕМ КЕЛИШИП КАЛЫПТЫР"
1. – Бир күнү күзгүнүн алдында туруп өзүмө-өзүм жакпай калдым. Ага чейин өзүмдү сын көз менен карай элек окшойм. Курсагым чыгып, сосискадай болуп кебетем келишип калыптыр. Андан кийин досторум менен кафеде отуруп мушташып кеттик. Мушташкандарды арачалайм деп сокку жеп калдым. Ошол күндүн эртеси спорт залга барып жазылдым да, сүрөткө түшүп Инстаграмга илип, "спорт менен машыга баштадым" деп жазып койдум. Окурмандар "сен эртең эле таштайсың" деген сыяктуу көп сөздөрдү жазышкан эле. Алардын ошол комментарийлери мага күч берди. "Карап тургула, мен спортту таштабайм" дедим ичимден.
2. – Спорттун бокс, грэпплинг, кол күрөш сыяктуу түрлөрү менен машыгып жатам. Кичинекейимде спорт чебери болом деген кыялым бар эле. Буюрса, ошого жетем. Менин машыгуумдун максаты – келбетти бир калыпта алып жүрүү гана эмес, келечекте таймаштарга да катышуу.
3. – Такай машыга баштаганыма 1 жыл болду. Жумасына 3 жолу 3 сааттан машыгам.
4. – 3 айдан кийин эле курсак кирди, пресс чыкты. Баскан-турганым өзгөрдү, өзүмдү жеңил сезип калдым.
Гүлжигит Калыков: "СПОРТ ЖАШООНУ УЗАРТАТ ЖАНА СУЛУУЛУК ТАРТУУЛАЙТ"
1. – Спортко кызыгуума Жет Ли, Жеки Чан, Ван Даммдын кинолору түрткү болду.
2. – Машыгууга кызыгуу жаңы пайда болгондо 3 жыл оюмдун баары футболдо болду. Андан кийин сууда сүзүү менен бирге спорт залга тынбай барып жүрдүм. Азыр бокс, фитнес менен алекмин.
3. – Спорт менен достошконума 14 жыл болду. Залга аптасына 3-4 жолу барам.
4. – Спорттун кайсы түрү менен алек болбо башында кыйынчылыктар көп болот, таштап салгың келет. Тынбай көп жыл машыккандан кийин организм ошого көнөт. 5 жыл мурун сноуборд тепкенге киришкем. Тоонун башында, таза абада, өзгөчө кар жаңы жааганда барып тепсең сонун да. Сноуборд жаңы тээп баштаганда улам тоголонуп аябай кыйналдым. Экинчи теппейм деп коюп кайра барып жүрүп үйрөнүп алгам. Бүгүнкү күндө лыжа, сноуборд тепкен досторум менен тоого көп барып турабыз.
Ар бир адамды спорттун өзүнө жаккан түрү менен машыгууга чакырам. Себеби спорт жашоону узартат жана сулуулук тартуулайт.
Жибек Нурманбетова, АКШнын Лос-Анжелес шаарында жашап жаткан актриса, бийчи, "Тамашоудо" ойноп жүргөн: "МАШЫГУУМДУН АРТЫНДА ЭҢ ЧОҢ КЫЯЛЫМ, МАКСАТЫМ ТУРАТ"
1. – Спорт менен жакындан таанышкан соң баарын өзгөртүүгө болорун түшүндүм да, буттарымдын булчуңдарын чыңдайын деп ойлодум. Азыр баш-отум менен кирип кеттим.
2. – Спорт – менин жашоом, дүйнөм. Учурда фитнес менен машыгам. Фитнес өзүңдү башка тарабыңдан көрүүгө жардам берет.
3. – Спортко кызыкканыма бир нече жыл болду, бирок олуттуу мамиле кыла баштаганыма 1 жылдан ашты. Күн сайын 2 жарым сааттан машыгам. Менде деле жумуш чыгат, чарчайм, жалкоолоном, маанайым жок болот. Бирок кандай болбосун эртең менен саат 5те туруп алып спорт залга жөнөйм. Анткени бул кылганымдын артында менин эң чоң кыялым, максатым турат. Анын үстүнө ишиңдин жыйынтыгын көргөндө токтоно албай калат экенсиң.
4. – Кайсы куракта болбосун дене түзүлүшүңдү өзгөртүүгө мүмкүн. Өзгөртүү үчүн ыйлачу акыбалга жеткиче машыгышың керек. Мындай эрк менен адам өзүн-өзү тарбиялайт. Спорт менен машыгуу – келбетиңди жакшыртууга, андан да маанилүүсү өзүңө ишенүүгө алып келет.
Сүйүн Кулматова
Алишер Алиев
(Айрым сүрөттөр каармандардын өздүк архивинен алынды)
star@super.kg