#Көккит, #тынчүй, #меноюндамын, #киттердеңизи, #мени4:20даойгот, #f57, #f58. Социалдык тармактарда мына ушундай хэштегдер менен жайылып жаткан сүрөттөр, кыска ырлар кыргызстандыктардын үшүн алып турган чагы.
ӨЛҮМ ОЮНДАРЫ
Аталган хэштегдер интернеттен көзүңүзгө чалдыккандыр. Буларды баракчасына жайгаштырган өспүрүмдөр социалдык тармактагы коркунучтуу оюнга катышууну каалагандар деп болжолдоого болот. Үрөй учурган оюндун катышуучусу адегенде ушул хэштегдерди жайгаштырат. Андан соң ага 50 күн бою өзүн өлтүрүүчүлөрдүн интернеттеги топторунан ар кандай тапшырмалар келе баштайт. Адегенде "жалгыз мүйүздүү жылкынын сүрөтүн тарт", "көк китти тарт" деген сыяктуу зыянсыз тапшырмалар берилет. Бара-бара "өзүңдү өлүп жаткандагыдай тарт", "колуңду устара менен кескиле" деген буйруктар келе баштайт. Берилген тапшырманы аткарган оюндун катышуучусу аны баракчасына жайгаштырып туруусу керек. 50-күнү "өзүңдү өлтүр" деген тапшырма берилет. Өзүн өлтүргөндөр оюндун жеңүүчүлөрү болушат. Эгер өспүрүм коркуп жатканын айтса, анын уюлдук телефонуна үйүнүн дареги жиберилип, "сенин ата-энеңди, жакындарыңды өлтүрөбүз" деген билдирүүлөр келет. Эрежеге ылайык оюндун катышуучусу саат 4:20да өзүнүн өмүрүн кыйышы керек...
Ушундай акмакчылык интернетке вирус сымал тарап, өспүрүмдөрдүн өмүрүнө коркунуч келтирүүдө.
УЮШТУРГАНДАР КИМДЕР?
Бул оюндун уюштуруучулары IT-технологияны жакшы билген адамдар экени болжолдонууда. Өспүрүм дарегинин табылып калганынан чочулап жакындарына маселесин айтпай, аларды коргоп калуу максатында өз жанын кыюуга баруусу ыктымал. "Көк кит" оюну адегенде Орусияда "В контакте" социалдык тармагында жайылып кеткен. Андагы суицидге үндөгөн топторго күнүнө миңдеген өспүрүмдөр жазыла башташкан. Мындай топтун биринин түзүүчүсү Филипп Будейкин учурда абакта. Ал өзүнүн кылыктарын "коомчулукту керексиз адамдардан тазалап жатам" деп түшүндүргөн. Жалпы жонунан бул өлкөдө мындай топторго катталган 20га чукул өспүрүм өздөрүнө кол салып каза болгону айтылып келет. Учурда "В контакте" тармагынын администрациясы суицидге чакырган топторду жаап салууну убадалоодо.
КӨП КАБАТТУУ ҮЙДӨН БОЮН ТАШТАГАН ӨСПҮРҮМ ОЮНДУН КУРМАНДЫГЫБЫ?
Январь айынын акыркы күндөрүндө "Көк кит" оюну боюнча интернет айдыңында кызуу талкуу жүрдү. Бир катар жарандар ата-энелерге "балдарыңарга көз салгыла" деп кеңеш берсе, айрым интернет колдонуучулар алардын кээ бир туугандары жалгыз мүйүздүү жылкыны тартып жатышканын айтып ой бөлүшүштү. Ички иштер министрлиги интернеттеги оюндан эч ким өз өмүрүн кыя электигин билдирди.
Бирок 1-февраль күнү борбор калаанын №12-мектебинин 8-классынын окуучусу Чыгыш-5 кичи районундагы көп кабаттуу үйдөн таңкы саат 4 чамасында боюн таштап каза тапты. Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бул окуяга интернеттеги оюн себеп болгон же болбогондугу териштирилип жатат дешет.
Бирок окуучунун таңкы саат 4түн тегерегинде каза болушу "өлүм оюнуна" тиешеси барбы деген ойду жаратууда. Маалыматтарга караганда, көп кабаттуу үйдөн боюн таштаган өспүрүмдүн бөлмөсүндө пижамасы тыкандык менен бүктөлүп, телефону блокко түшүрүлгөн бойдон калган. Атын атагысы келбеген 8-класстын окуучусу SUPER.KG
порталына "Көк кит" боюнча кабары бар экенин, мектептеги тааныш балдары ал оюнду ойноп жүрүшкөнүн айткан. Окуучунун өлүмү боюнча "өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү" жана "өзүн өлтүрүүгө түрткү берүү" беренелери менен кылмыш иши козголду.
№12-мектептин жетекчилиги окуяны милиция иликтеп жатканын, азырынча эч кандай комментарий берилбей тургандыгын билдирди. Айрым маалыматтарга караганда, каза тапкан окуучу мектепте жакшы окуган, үлгүлүү балдардан болгон.
Билим берүү министрлиги бул окуядан кийин Билим берүү башкармалыгынын жетекчилерине мектеп окуучулары кирип жаткан сайттарды көзөмөлгө алуу боюнча ата-энелер менен чогулуштарды өткөрүү тапшырмасын берди. Милиция кызматкерлерине эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү милдеттендирилди.
Статистикага ылайык, өткөн жылы 95, 2017-жылдын январь айында 15 өспүрүм өз өмүрүнө кол салган.
Учурда социалдык тармактардагы "өлүм" топторуна кирген өспүрүмдөр менен иштешүү боюнча өлкө аймагында 111 жана Бишкек шаары боюнча 185 байланыш номерлери акысыз иштей баштады.
ӨСПҮРҮМ "ӨЛҮМ ОЮНУНА" АРАЛАШКАНЫН КАНТИП БАЙКОО КЕРЕК?
1. Өспүрүм эрте жатса да уйкусу канбайт. Таңкы убакта ал уктап жатабы, көз салыңыз.
2. Киттердин, жалгыз мүйүздүү жылкынын, көпөлөктөрдүн сүрөтүн тартып калат.
3. Интернетте #көккит, #тынчүй, #f57, #f58 деген хэштегдери бар топторго кошулган болот.
4. Viber, WhatsApp аркылуу бейтааныш адамдар менен жазышат. Ал адамдардан кызыктай тапшырмалар келет.
Психолог Самат Аалканов мындай кеңеш берет:
– Ар бир балага өзүнчө мамиле кылуу керек. Эгер балаңыздын шектүү топко кошулганын байкасаңыз дароо урушуп, териштирип баштабаңыз. Жакшысы балдар психологуна алып барыңыз. Эң жакшы жардам адистин жардамы. Негизи мындай маселелер балага көңүл, мээрим жетишпегенден келип чыгат. Кырсыктын алдын алуу үчүн бала менен дос болгула, алардын ишеничине киргиле.
«Супердин» сурак бурчу
Балаңыз интернеттен эмнени карайт, билесизби?
Асылбек Кыркбаев, фермер, Сокулук:
– Балдарымды интернетке чеги менен киргизем. Каалашынча отура беришпейт. Бош убактыларында сабактарын окушат, спорттук ийримдерге барышат. Кыскасы, бош убактыларын пайдалуу өткөрүшөт. Интернетке кирип эмнени карап жатышканына да көзөмөл кылып турам, акыл-кеңешимди айтам.
Бурулжан Нусубалиева, пенсионер, Кант:
– Менин колумда 4 неберем бар. Алардын интернетти колдонуусун колдон келишинче чектегенге аракет кылып келе жатам. Реалдуу жашоодон ушул интернет алыстатып жатат деген ойдомун. Неберелериме "интернеттен көрө көбүрөөк китеп окугула" дейм.
Батыр Матешов, соодагер, Алматы:
– Учурда мен Казакстанда иштеп жүрөм. Балдарым айылда. Интернетте жаманы бар, жакшысы бар, жаш балдар аны иргеп ала алышпайт да. Андыктан үйдө болгон кезде балдарымдын интернетте көпкө отурбай, сабактарын окуп, үй жумуштарын жасап турушун көзөмөлдөйм. Апасы да дайым көзөмөлгө алып турат.
Назгүл Оморова, ишкер, Бишкек:
– Чынында балдарым интернетти жакшы өздөштүрүшкөн. Аларга интернет аркылуу коркунуч жаралса, сөзсүз мени менен бөлүшкүлө деп кеп-кеңешимди айттым. Эми мурункудан көбүрөөк көзөмөл кыла баштадым. Үйдө сабактарын окуп, спорттук ийримдерге барышына шарт түзүп жатам.
Маматазиз Топчубаев, фермер, Кара-Суу:
– Учурда өспүрүм курактагы жээним үйүмдө жүрөт. Азыр мектепке барат, намаз окуйт. Күн сайын интернетти колдонууга 2 сааттай убакыт берем. Анын бир саатын Орусияда иштеген ата-энеси менен сүйлөшүп өткөрөт. Дайыма кандай нерсени көрүп жатат деп көзөмөлгө алып турам.
Салтанат Субанбекова, ашпозчу, Бишкек:
– Коомдо болуп жаткан окуялардан кийин дароо балдарым менен сүйлөшүп көрдүм. Алар дайыма футбол ойногондуктан, футбол жөнүндө видеолорду көрүшөт. Ага карабай интернетте отурган убактысын чектеп турам.
Мирлан Өмүралиев
koom@super.kg