– Саламатсызбы? "Азия MIX" жеңүүчү аталгандан бери команданын мүчөлөрү менен байланышка чыгуу кыйын болуп калды...
– Ооба, Жогорку лиганын финалынан кийин күн тартибибиз баш айланта тургандай болуп жатат. Ишенсеңиз, бош отурганга 1 мүнөт да убакыт жок. Айрыкча, Эльдияр (ред. Кененсаров) экөөбүздүн жумушубуз көп, себеби сахна артындагы иштер биздин моюнубузда. Жаңы жыл алдында команданын бардык мүчөлөрү 1-2 күнгө үйлөрүбүзгө бардык. КВН оюндарына даярданып 3 жума Москвада жүрүп калабыз, анан үйгө келсек турмуш-тиричиликке байланыштуу толтура маселелер чогулуп калат, аларды чечүү керек. Балдарыбызга көңүл бурушубуз керек, чуркап жүрүп убакыт өтүп кетти. Анан дароо эле команданын мүчөлөрү Сочи шаарында өтүп жаткан эл аралык КВН фестивалына жөнөп кетишти. Буга чейин айрым жалпыга маалымдоо каражаттарына команданын кээ бир мүчөлөрү интервью берип жатышты. Себеби алардын убактысы биздикине караганда кененирээк. Менден, Эльдиярдан көп журналисттер маек берүүнү суранышты, убакыттын тардыгына байланыштуу эч кимисине көңүл бура албай калдык. Биз жылдыз болуп кеткен жокпуз, болгону жетишпей жатабыз.
– КВН оюндарынын финалы болгонуна 1 айдан ашты, жеңишке жетишкендеги сезимдер унутула элекпи?
– Өзүмдүн сезимдерим боюнча айтсам, жеңиштин даамын толук сезүүгө, ырахат алууга убактым аз болду. Сахнада майрам болуп жатканда анын артындагы жыйынтыкталчу жумуштарды ойлонуп жаттым. Албетте ыйладым, командабыз менен, жолдошум менен сыймыктандым. Короткон эмгегибиз жеңиш менен акталганы кубандырып жатты. Мени көбүнчө Эльдияр Кененсаровдун жубайы деп кабыл алышат. Бул нерсе менин аткарган жумушумду эске алганда адилетсиздик деп ойлойм. Мен деле "Азия MIX’тин" толук кандуу мүчөсүмүн.
– Эльдияр Кененсаров жеңишке жеткенден кийин "Камила болбосо мунун баары болмок эмес" деп айтты. Сүйүктүү адамыңыздан мындай кептерди угуу жагымдуу болсо керек..
– Аябай жагымдуу. Чындыгында мындан бир топ жыл мурун Эльдияр КВНге кайтууну ойлонбой жүргөндө анын ишке ашпай калган кыялы бар экенин байкагам. Анда жолдошум экөөбүз теледолбоорлор менен алектенчүбүз. Мен ага "өзүңдү өзүң кыйнабай кыялыңдын орундалышы үчүн күрөш же ал тууралуу унутуп, экинчи ойлонбо. А мен сага колумдан келишинче жардам берем" деп айткам. Эльдияр кандай чечим кабыл албасын аны колдоорумду билчү да. Менин сөздөрүм анын КВНге келишине түрткү болду. Сахнанын артындагы жумуштун баарын моюнума алдым. Ал кезде экөөбүздү колдогон, жардам берген эч ким жок болчу. Мен өзүмө 1 гана жардамчы алгам. Москвада таанышыбыз жок, оюнчуларга форма издеп шаарды түрө кыдырып чыкчу элек, массовкага адамдарды издөө, демөөрчүлөр менен сүйлөшүү менин жумушум болчу. Кээде сценарий 1 сааттын ичинде өзгөрүп кетет, алып келген кийимдер жарабай калып кайрадан кийим издеп жөнөө керек. Бул нерселер майда-барат сезилгени менен аябай көп күчтү, убакытты талап кылат. Себеби бирөөгө барсаң эле мына деп кийимдерди кармата койбойт да.
Залда отурчу күйөрмандарды чогултууда "Жаш толкун" деген Москвада кыргыз жаштарынын уюму менен иштештик. Биз КВНге келгиче эч бир кыргыз командасы күйөрмандар менен алектенбегени үчүн аларды качан кыйкырыш керек, кайсы убакта желекти көтөрүш керек, качан унчукпай отуруу зарыл деген майда-чүйдөсүнө чейин үйрөтчүбүз. Учурдан пайдаланып ушул жаштар уюмуна алардын колдоосу үчүн ыраазычылыгымды билдирем. Кийинчерээк экинчи наристебиз жарыкка келгенде, мен Москвага барбай калдым, алыстан туруп маселелерди чечип жаттым. Бүгүнкү жыйынтыкка жетүү үчүн толтура кыйынчылыкты басып өттүк.
– Аябай маанилүү иштин алдынан күтүлбөгөн окуялар болуп кетет эмеспи. Финал болор күнү сиздерде андай болгон жокпу?
– Ал күнү эртең менен Эльдиярдын тамагы ооруп сүйлөй албай калды, кечинде ал ырдашы керек эле. Толтура жакка чалдым "Тез жардам" кызматындагылар, ооруканадагы дарыгерлер "биз мындай аз убакытта жардам бере албайбыз" деп жатышты. Акыры Москванын четинде бир дарыгерди таап, ошол жакка алып жөнөдүм. Элестетиңиз, экөөбүз оюн башталарына 2 саат калганда араң кайтып келдик. Оюн баштала элек, а биз болсо ушунчалык чарчап калганбыз. Мындай кырдаалда жеңишке жетишебиз деп ойлогон да эмеспиз.
– Финалда алтын медаль буюруп калса, анда кызыңызга шоколад, сизге шуба бар деп жолдошуңуз айтты эле...
– Кызыгы, биз медалдарды команданын мүчөлөрүнө таратып бердик. Эльдияр экөөбүзгө болсо жетпей калды. Азыр аны атайын буюртма менен жасатып жаткан кезибиз. Буюрса, колубузга тийсе эле медалды эритип кызыбызга шоколад, мага шуба алабыз (күлүп).
– Кызыңызды сахнага чыгардыңыздар, демек, ал дагы ата-энесинин жолун жолдошу мүмкүнбү?
– Бул кызыбыздын алгачкы жолу сахнага чыгышы. Аны КВНге аралаштыруу оюбузда дагы жок болчу. Кокусунан эле КВН оюндарынын редакторлорунун бири Эльдиярга "кызыңды алып келип көрбөйсүңбү?" дептир. Биз анын сунушуна жок дей алган жокпуз. Чындыгында кызыбыз ушундай чоң сахнага, Орусиянын негизги каналына чыгат деген ой мени ушунчалык кабатырлантты. Себеби аны буга чейин эл көзүнө көп алып чыкпаганга аракет кылчумун. Бирок жыйынтыгында кызым өзүнүн тапшырмасын жакшы аткарды. Келечекте чыгармачылыкты же башка жолду тандайбы, ал биздин колдоорубузду билет.
– "Азия MIX" командасынын мындан аркы тагдыры кандай болот? Түрдүү сунуштар түшүп жатса керек...
– Азырынча иш тартибибизге байланыштуу баарыбыз чогулуп кеңешүүгө убакыт боло элек. Сунуштар түшүп жатат, аз эмес. Командабыздын курамы эң сонун, бизге КВН мыкты тажрыйба тартуулады. Буюрса, кино жаатында эмгектенишибиз мүмкүн деп ойлоп жатам. Маектин акырында бизди колдоп, жардамын аябаган Бабур Тольбаев менен Ирек Салиховго командабыздын атынан ыраазычылык билдиргим келип турат.
– Маегиңиз үчүн рахмат.
Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg