SUPER.KG’ден Күнсереп

SUPER.KG порталындагы "Күнсереп" рубрикасында күн ичинде болуп өткөн коомдук жана саясий окуяларга саресеп салынууда. Биз окурмандарды мына ошол рубрикада жарыяланган макалалардын урунттуу учурлары менен тааныштырабыз.

26-январь:
ӨКМӨТ АВТОУНАА ЭЭЛЕРИН "ТОНОМОКЧУ"

Кыймылдаткычынын көлөмү 3 миң куб сантиметрден жогору жеңил автоунааларга салык 2-4 эсе көтөрүлүшү мүмкүн. Мыйзам долбоорун өкмөт сунуштап, парламентте 1-окууда добуш берүүгө жиберилди. Өлкөдө көбүнчө капчыктуулар минген Лексус 470 (2012-жылы чыгарылганы) үлгүсүндөгү жол тандабастын мисалында алсак, азыркы мыйзам боюнча 4230 сом салык төлөнөт. Эгерде өкмөт сунуштаган мыйзам күчүнө кирсе 16 920 сомдон салык алына баштайт. Унаанын кыймылдаткычынын көлөмү жогорулаган сайын салык өсөт. Бул аракеттен бюджетке кошумча 180 миллион сом түшөрү айтылууда. Демилгечилердин айтымында, 80-100 миң долларлык автоунааны сатып ала алган адамдар үчүн жылына 250 доллардан салык төлөп туруу маселе жаратпайт. Мыйзамга каршы чыккан депутаттар да болду. Алар Кыргыз Республикасы тоолуу аймак экенин, тоо-ташта жүрүүгө кыймылдаткычынын көлөмү жогору унаалар жарай турганын белгилешти.
Байлардын эсебинен бюджетти толтурууну максат кылганы менен, бул акча төлөнөбү, төлөнбөйбү башка маселе. Экономика министри Арзыбек Кожошев өлкөдөгү унаалардын ээлеринин 13 пайызы салык төлөбөй жатканын моюнга алды. Кыймылдаткычынын көлөмү 3 миң кубдан жогору, бирок жөнөкөй адамдар сатып алууга мүмкүнчүлүгү жете турган унаалар деле толтура. Мисалы, Хонда Одиссей унаасы. Бул унаанын базардагы баасы 3 миң доллардын тегерегинде. 3 миң долларлык автоунаа үчүн анын ээси мамлекетке жылына 7000 сомдон ашык салык төлөшү керек болот. Мыйзам күчүнө кирсе, салык төлөтүү талабы депутаттарга, чиновниктерге иштебей, баягы эле карапайым элге түшкөн кыйынчылык болушу мүмкүн. Автоунаанын эски-жаңылыгына, экологияга канчалык зыян келтирерине карап салык салуу логикалуу болмок...

27-январь:
БОИНГДЕГИ КАНДУУ ЖҮК: УКМК ЖИПТИН УЧУГУН КАЗАКСТАНГА БУРУП КОЙДУ

16-январда кулаган Боингде чын эле Кыргыз фирмасына тиешелүү жүк бар болуп чыкты. УКМК борттогу жүктүн бир бөлүгү Кыргыз жериндеги компаниялардын бирине таандык экенин тастыктады.
Буга чейин учактын ээси болгон фирма бортто 85,5 тонна жүк болгонун билдирсе, УКМКнын бүгүнкү маалыматында жүктүн салмагы 76 тонна 758 килограмм деп айтылды. Коопсуздук комитетинин маалыматына таянсак, бул жүктүн 1 тонна 902 килограммын электрондук от тутанткычтар (USB-зажигалка) түзүп, аны биздин өлкөдөгү "JTI Kazakhstan LLC" компаниясынын өкүлчүлүгү буюртма кылган. Кызыгы, ал жүк Бишкектен түшүрүлбөй Стамбулга чейин учакта барып, анан кайра учак аркылуу Бишкекке жөнөтүлмөк экен. "JTI Kazakhstan LLC" компаниясынын Кыргыз жериндеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси от тутанткычтарды компаниянын Алматыдагы кеңсеси буюртма кылганын, товар сатык үчүн эмес, өнөктөштөргө белек кылууга пландалганын айтууда. Бишкектен буюртма кылынган товарды бир конгондо калтырбай Түркияга чейин жеткирип, кайра учак менен кайтарып келгиче ал от тутанткычтардын өздүк баасы канчага чыгып кетет? Минтип "саякаттатуунун" эмне зарылчылыгы бар? УКМКнын билдирүүсүнөн кийин суроолор ого бетер көбөйдү.
Учактын Бишкекке конуусу боюнча маалыматты бир нече ирет өзгөрткөн "АСТ Airlines" компаниясынын бүгүнкү күндөгү маалыматы Кыргыз өкмөтүнүн пикирине окшош. Өкмөт учак "Манаска" май куюу үчүн конмок деп, бирок далил көрсөтө элек. Жогорку Кеңеште түзүлгөн депутаттык комиссия эгерде Боингдин аэропортко май куюуга конуп жүргөнү чын болсо, аны далилдеген кагаздарды өкмөт эчак жарыялап чыкмак деп шектенүүдө. 24-январда Мамлекеттер аралык авиация комитетинин өкүлү, кырсыкты иликтеген комиссиянын төрагасы Леонид Каширский журналисттерге жүктүн баары Стамбулга жеткирилмек экенин, тиешелүү документтер бар экенин билдирген. Учак кырсыгынын себептерин иликтеши керек болгон комиссия өкүлү андагы жүк тууралуу маалымат берип жатканы дагы күдүк ойлорду жаратат...

30-январь:
ТЕКЕБАЕВ САЛЯНОВАНЫ САКТАП КАЛА АЛАБЫ?

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Жогорку Кеңештин депутаты Аида Саляновага карата козголгон кылмыш ишине тергөө жүргүзүүдө. Кылмыш ишти Башкы прокуратура козгоп, жаңы Баш мыйзамдын тартиби боюнча тергөөнү УКМКга өткөрүп берген. Абдил Сегизбаев баш болгон Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдында аткарылышы кыйын болгон тапшырма турат. Комитет алгач бүткүл республикага жана өлкө башчысына оперативдик маалыматтарды жарыялап, ал мамлекеттик ММКлар аркылуу такталган факты катары таратылып, "Ата Мекен" партиясынын көрүнүктүү 3 өкүлүн жаманатты кылууга жем таштады. Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова "Мегакомдун" 51 пайыздык акцияларын улутташтырбай, Максим Бакиевге өткөрүп берүүгө аракет кылышкан. УКМК менен Башкы прокуратура коюп жаткан айыптын кыскача маңызы ушундай. Азырынча айыптоочу тарапта Аида Саляновага карата гана илинчек бар. Ал – Салянова юстиция министри кезинде Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узартышы. "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев эртең Жогорку Кеңеште маалымат жыйынын өткөрө тургандыгы жарыяланды. Башкы "ата мекенчи" Белизден келген документтер аркылуу бул ишке чекит коёрун айтууда...

31-январь:
САПАРДЫН "ЧОҢ САПАРЫ" БАШТАЛДЫ

Ак үйдүн 7-кабатында кадрдык жылышуулар орун алды. Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин ишенимдүү кадры Сапар Исаков бүгүн президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды. Аталган кызматтык орун бир күн гана бош турду. Кечээ депутаттык мандат алып Жогорку Кеңешке келген Аалы Карашевдин орун алмаштыруусу парламенттеги КСДП фракциясын күчтөндүрүү үчүн болду деген пикирлер басымдуу айтылса, бүгүн Аалы Карашев атайын Сапар Исаковго орун бошотуп бердиби деген ойлор интернетте көп жазылууда. Сапар Исаков 2011-жылдан бери президенттин аппаратында тышкы саясат бөлүмүн жетектеп келди.
Минтип президенттик шайлоо жакындаган сайын мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин командасында да шахмат оюнундагыдай жүрүштөр активдүү башталды. "Мураскер болбойт" деп көп жолу айтылганына карабастан, социал-демократтар шайлоого кимди талапкер катары алып чыгары дале бүдөмүк болуп жатканы көшөгө артында күрөш жүрүп жатканын гана көрсөтөт. Сапар Исаков "Супер-Инфого" берген маегинде Алмазбек Атамбаев менен 2007-жылы таанышканын жана ага себепчи маркум Медет Садыркулов болгонун айткан. Андан бери 10 жыл өтүп, бул аралыкта Германиянын канцлери Ангела Меркелге тааныштырууда айтылгандай, ажонун "оң колуна" айланды. Исаков бийлик көрсөтө турган талапкерлердин ичинен фавориттердин бири болушу мүмкүн. Эми жаңы дайындоого саясат, бизнес элитанын жана коомдун пикирин билүү калды...

1-февраль:
ИНТЕРНЕТТЕГИ "ӨЛҮМ ОЮНУ" КЫРГЫЗ ЖЕРИНЕ ДҮРБӨЛӨҢ САЛДЫ

Орусия, Казакстанда белгилүү болгон интернеттеги коркунучтуу оюн Кыргыз мамлекетине да жетти. Өспүрүмдөрдү өлүмгө түртөт делген оюн өлкөгө жайылганын тийиштүү министрликтер тастыктап, бул коркунучтан балдарды оолак кармоону айтып мектептерге, ата-энелерге коңгуроо кагууда.
Кыргыз жеринде окуучулар "Синий кит" оюну тууралуу билерин айтып жатышат. Ички иштер министрлиги оюн Орусиядан келгенин, буга чейин жарандарды интернетте өлүмгө чакырган топтун администратору кармалганын айтып маалымат таратты. Демек, ИИМ оюндан мурда эле кабардар болгон, бирок өспүрүмдөрдү бул коркунучтан сактоо боюнча кандайдыр бир эскертүү же алдын алуу иштерин жасаган жок. Билим берүү жана илим министрлиги да маалымат интернетте кызуу талкуу жараткандан кийин гана кыймылга келди. Өспүрүмдөр менен иштешчү жооптуулар алдастап турган учурда Бишкекте кырсык катталды. Борбор шаарда №12-гимназиянын 8-классынын окуучусу бүгүн эртең менен 4-кабаттан боюн таштап каза тапты. Кырсыктын оюнга тиешеси бар-жогу иликтенүүдө. Шекти күчөткөн жагдай: баланын таңкы саат 5ке жакын боюн таштаганы.
Бүгүн Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров мамлекеттик органдардын жетекчилери менен чукул жыйын өткөрдү. ИИМ Кыргыз жеринде бул оюндан улам жанын кыйгандар жок экенин билдирүүдө. Өспүрүмдөр арасында суицид тыйыла элек. Жакында эле, 2017-жылдын 5-январында Баткенде 9-класстын окуучусу аскадан боюн таштап көз жумса, 9-январда Нарын шаарында 9-класстын окуучусу асынып алган. Бүгүн Балыкчы шаарында дагы бир окуучу асынып алды. Бул кырсыктарды жогорудагы оюнга байланышы жок деп айтуу кыйын. Ошентип өлкөдө балдарды интернет азгырыгынан коргоо зарылдыгы жаралды. Оюнга байланышкан жагдайды иликтөө үчүн мекемелер аралык комиссия түзүлдү. Интернет азыркы заманда ар бир окуучуга жеткиликтүү, мунун жакшы жактары көп. Ошол эле учурда кимдир-бирөөлөрдүн балдарды азгырып өлүмгө түртүп жатышына кайдигер кароого болбойт...

www.super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 744, 03-09-февраль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан