“Супер-Инфо” гезити дүйнө жүзүндөгү эң көп нускалуу кыргыз тилиндеги гезит экени талашсыз. Гезитибиздин www.super.kg сайты жөнүндө укпагандар да жокко эсе десек болчудай. Биз сайтыбыздын активдүү колдонуучуларын чогултуп, борбор шаарыбыздын Совет-Медеров көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан “Берекел” кафесине таанышуу кечесин уюштурдук.
БИЗДИН САЙТ ТУУРАЛУУ
"Супер-Инфонун" сайтынын ачылганына 5 жыл болбой анын колдонуучулары көбөйүп, саны 4000ден ашты. Сайттан колдонуучулар ата мекенибизде болуп жаткан ар кандай: кааласа спорт жаатында, кааласа ден соолук, саясат, шоу-бизнес, оюн-күлкү, тамаша, айтор, ар тараптуу маалыматтарды кыргыз тилинде ала алышат. Маалымат алып гана тим болбостон, форумга кирип, өзүнүн жеке көз карашын, билдирүүлөрүн жазып, кызыктуу тема ачууга мүмкүнчүлүгү бар. Супер-Форумга Кыргызстандан эле эмес, чет өлкөдөн боордошторубуз, биздин эстрада ырчыларыбыз да кирип, кызуу талкууга аралашып жүрүшөт. Мына ошондой виртуалдуу дүйнөдө жакын досторго айланган форумчуларды реалдуу жашоодо жүзмө-жүз кезиктирүүнү каалаган элек.
Бул каалообуз 28-март күнү ишке ашты. Себеби 80 кишиге жакын форумчу жана гезитибиздин СМСчилерин чогултуп, башын бириктирдик. Кызыгы, жолугушуу үчүн атайын алыскы Жалал-Абад, Ош шаарынан келгендер да болду. Көпчүлүк форумчуларга алыскы Аксыдан ат арытып, жол карытып келген Барстын (Айтмырза ага) байбичеси менен келиши чоң жаңылык болду.
Кече алгач таанышуу менен башталды. Алпаруучулар конокторду форумдагы никтери менен тааныштырышты. Никтерин атаганда ордунан турган форумчуну көрүп, “ай-ий баланча ник менен кирген форумчу ушул тура...” деген таң калган сөздөр да жаралбай койгон жок. Ошондой эле көпчүлүк үчүн сырдуу болуп жүргөн СМСчи Караш Насер мырза да биздин арабызда отурду.
2009-ЖЫЛДЫН СУПЕР-ФОРУМЧУЛАРЫ
Супер-Форумду өзүнчө дүйнө десек жарашат. Анткени ал жерде жашоого керектүү бардык темалар бар. Акыл-насаат, жан дүйнөсү менен сырдашкысы келгендер үчүн монолог бөлүмү, айымдарга кеңеш, медицина, спорт, айтор, санай берсек көп. Ошол сыяктуу ар кандай бөлүмдөрдө өз пикирлери менен бөлүшкөн, активдүү колдонуучулар www.super.kg сайтындагы форумчулардын добушунун жардамы менен наамдарга ээ болушту. Наам ээлери “Супер-Инфонун” атайын диплому жана белектери менен сыйланды.
“Супер форумчу айым” – adalsvards (Элвира Караева);
“Супер сынчы” – Барс (Айтмырза Абылкасымов);
“Супер чет элдик форумчу” – Kirgizshaa (Медербек Кадыров) жана dodge (Өмүрбек Салайдинов);
“Супер модератор” – azalove (Гүлкайыр Сайдимарова);
“Супер СМСчи” – Караш Насер;
“Форумдун активисти” – jeika (Чолпон Жолочиева);
Кызыгы, 3 наамды тең СССР (Талант Абдыганыев) аттуу форумчу алды. Ал “Супер дебют”, "Супер тема" (“Акындар айтышы”), “Супер мырза” деген наамдарга татыктуу болду.
ЫРЧЫЛАРДАН ЫР ДЕСТЕ
Форумчуларыбыздын жана СМСчилердин маанайын жогору деңгээлге көтөрүүгө эстрада ырчыларыбыз келген эле. Алар: Ильяз Абдыразаков, Самат Дөөлөтбаков, Аида Кулуева, Султан Садыралиев, Кундуз. Ырчыларды утурлай “Тамашоу” курама командасынын жигиттеринин оригиналдуу күлкү тамашасы элди күлкүгө мас кылып, көңүлдөрүн көтөрдү. “Манастан Чубак кем бекен?” дедиби, айтор, форумчулардын арасында да таланттуулар бир топ экен. Sov, (Советбек), Алмаз (Shaadaev Almaz) деген форумчулар сонун обон созуп беришти. Ошондой эле кызыктуу оюндар уюштурулуп, жеңүүчүлөр өз белектерин алууну унутушкан жок.
JEIKA МЕНЕН СССРдин БАШ КОШКОНУ – ТАМАША
Кеченин жүрүшүндө форумчуларыбыз СССР менен jeika “биз баш коштук” деп жар салышты. Муну уккан коноктор “шок” болуп ишенип-ишенбей кол чаап куттукташып жатышты. Эң кызыгы, “эки жашка” баары ишенип, тунук сүйүү каалап жатышканы болду. Айрымдары “бири-бириңерге жарашып калыптырсыңар” деп аларга суктана да кетишти. Ролдорун, балким, чындыкка айлантууга аракет кылышкандыр, jeika СССРге арнап ыр жаратса, СССР болсо "мен ыр жазганга жетишпей калдым" деп кутулду. Айтор, “сүйүшкөн көгүчкөндөргө” кеченин аягына чейин роль ойноого туура келди. Мына кызык. Мунун баары тамаша болчу. Алдын ала түзүлгөн сценарий менен форумчуларды "Тамаша торго" салалы деген элек. Ошентип, торго баары илинди.
КЕЧЕНИН АЯГЫНДА...
Үч жарым саатка созулган жолугушуу кечеси көңүлдөгүдөй аяктап, бири-бирин тааныбай ууртунан жылмайып кирген форумчулар кетерде бири-бири менен кучакташып коштошуп, көтөрүңкү маанайда узашты.
Гүлжамал Бөрүкулова
Адилет Бектуров
forum@super.kg