ДҮЙНӨ ЖЫЛДЫЗДАРЫНДА ЭМНЕ КЕП?

БЕЙОНСЕ КОШ БОЙЛУУ


8 жылдан бери кол кармашып келе жаткан Бейонсе менен Жей Зи экинчи ирет ата-эне болуу алдында турушат. Бейонсе жуманын башында өздүк социалдык баракчасына видео жүктөгөн эле. Ал видео ырчынын окурмандарынын арасында "Бейонсе кайрадан кош бойлуубу?" деген катуу талкууну жараткан. Бирок буга түгөйлөр эч кандай комментарий калтырышкан эмес. Атүгүл жүктөгөн видеосун баракчасынан алып салышкан эле. Жакында эле ырчы айым чындап кош бойлуу экенин, атүгүл күйөөсү экөө эгиз балалуу болушарын айтып, кубанычтуу кабары менен бөлүштү. Анын бул билдирүүсү социалдык тармактарда буга чейин "интернет ханышасы" аталган Ким Кардашьянды жана баракчасына 108 миллион колдонуучу жазылган Селена Гомести артка таштап, жаңы рекорд коюусуна себепчи болгон. Бул көрсөткүч расмий түрдө "Гиннесстин рекорддор китебине" катталбаганы менен, учурда басылмаларда кызуу талкууга алынууда.
Алгачкы 10 саатта эле кош бойлуу Бейонсенин сүрөтүнө 7 миллионго жакын "жакты" белгиси коюлуп, 300 миңден ашуун билдирүү калтырылган. Бул сан учурда дагы өсүүдө. Кыязы, түгөйлөр "ажырашат" деген айың-кептердин аягы тыйылат окшойт.

НЮША ТУРМУШКА ЧЫГАТ


Хит ырларды биринин артынан бирин жаратып, көптөгөн күйөрман топтоого жетишкен Нюша жакында турмушка чыгат. Ырчынын болочок жолдошу спорт тармагындагы чиновниктердин бири 37 жаштагы Игорь Сивов экени белгилүү болду. Бул жаңылыгы менен Нюша өздүк социалдык баракчасына нике шакегин тагынып түшкөн сүрөтү аркылуу кабарлаган. Бул жаңылык ырчынын күйөрмандары үчүн күтүүсүз болду окшойт. Себеби ырчы Егор Крид менен Нюшанын мамилеси солгундаганына аз эле убакыт өткөндүктөн, көпчүлүк экөөнү кайрадан табышат деген үмүттө жүрүшкөнү жашыруун эмес.

ФУТБОЛЧУ АРШАВИН ТӨРТҮНЧҮ ИРЕТ АТА БОЛДУ


Сентябрь айында журналист Алина Казьминага баш байлаган футбол боюнча кезинде Орусия курама командасынын капитаны, "Зениттин" мурдагы чабуулчусу Андрей Аршавин 31-январь күнү төртүнчү ирет ата статусуна ээ болду. Футболчуга жубайы уул төрөп берген. Айта кетсек, спортчу 9 жыл бирге жарандык никеде жашаган түгөйү Юлия Барановская экөө 3 балага ата-эне болушкан. Ал эми азыркы мыйзамдуу жубайы Алинанын мурунку никесинен эки наристеси бар.

РОНАЛДУ БОЛОЧОК ЖУБАЙЫН ТАПТЫ


Чет өлкөлүк маалымат булактары белгилүү футболчу Криштиану Роналду кийинки жылы үйлөнөрүн жазып чыгышты. Футболчунун болочок жубайы 21 жаштагы испаниялык модель Жоржина Родригес. Роналду болочок жубайы менен өткөн жылдын декабрь айында гана таанышкан. Алардын баш кошууга бел байлашына футболчунун апасы Долорес Авейро түрткү болгон дешүүдө. Себеби келечектеги келин футболчунун апасы жана баласы менен жакшы тил табышып, жылдызы келишкен тура. Буга далил – "Алтын топту" тапшыруу аземине португалиялык футболист уулу жана Жоржина Родригес менен бирге келген. Ошондон тартып испан кызы футболчунун бир дагы оюнун өткөрбөй келет. 31 жаштагы футболчунун үйлөнүү тою 2018-жылда Орусияда өтүүчү Дүйнө Чемпионатынан кийинкиге пландалып жатат.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
tatynaaiym
2017-02-08 11:06:50
Аршавинди жаман кором,чырактай 3 баласын таштап кеткен.
+4
ainura220888
2017-02-08 12:37:11
Роналдонун девушкасы Шейке жетбейт экен. Главный озуно жакса болдуда бактылуу болсун.
+3
radroy
2017-02-08 16:38:07
ainura220888,бунусу жаш экен да
0
Aruwka.89
2017-02-11 11:28:19
ainura220888, Шейк красавица да оло жагат!
0
mela
2017-02-08 15:28:37
Аябай сулуу кыз экен.Бир видеосу бар,кыз боенбогон,жонокой кийимчен.Жасалмасы жок,жагымдуу.
+1
-Sumitra-
2017-02-08 17:46:06
Тиги Роналдунун баласынын апасы ким ошондо?
0
mela
2017-02-08 22:08:20
-Sumitra-,сурагатная мама торогон.
0
Bubu88
2017-02-08 18:27:37
Гей эле гей деп айкырып аткандар оозунар жабылды окшойт
+3
Dybala.
2017-02-09 22:36:02
Роналдудан 11 жаш кичине экен дагы 2 жыл журот дагы жашырагын алып алат
0
№ 744, 03-09-февраль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан