КЫРГЫЗДЫН ОЮУЛАРЫНДАГЫ МААНИЛЕР

Кыргыздын көп колдонулуучу оюм-чийимдери жана алардын маанилери, жашоодо колдонулушу тууралуу элдик чебер, сүрөтчү, Кыргыз Республикасынын кесиптик билим берүү боюнча отличниги Шейшембек Моңолдоров оюулар туурасындагы изилдөөсүнөн кеп кылат.





Жалбырак
– Жайлоо, айлана-чөйрө, жаратылыш деген маанини билдирет. Жалбырак дайыма оюм-чийимдин башына жайгашат.


Карга тырмак
– Кыламык карда карга басып кеткенде ушул сыяктуу из калгандыктан бул оюм "карга тырмак" деп аталат.


Ит куйрук
– Иттин чычайта көтөрүлгөн куйругунун элесинен алынган элемент. Ит куйрук оюму жалгыз колдонулбайт. Шырдак, сайма, ала кийиз беттеринде бир нече элемент биригип кооз тизмекти түзөт.


Кочкор мүйүз
– Кожоюндун, жайлоодо жайлаган элдин мал-жандыгын түшүндүрөт. Кандай оюм-чийим болбосун кочкор мүйүзсүз түзүлбөйт. Башка элдин оюуларынан кыргыздыкын айырмалап турган ушул элемент.


Теке мүйүз
– Кочкор мүйүздү жандап жүргөн кошумча элемент. Теке мүйүз жалгыз турганда жөнөкөй, көрксүз болуп калат.


Каз моюн
– Каздын моюнуна окшошкон оюу.


Булак
– Жерден чыккан көзөнөк суунун булакка айланганы. Кыз-келиндердин кийимдеринде көбүрөөк колдонулат.


Умай оюму
– Кийим-кечеге, анын ичинде балдардын кийимдерине, баш кийимдерге, күмүш буюмдарга түшүрүлөт.


Адамдын жүзү
– Аялдардын дээрлик көбү илгери саамайларын экиге бөлүп өрүшкөн. Экиге бөлүнгөн саамайдын элесинен алынган элемент "адамдын жүзү" деп аталат.


Мүйүз кыял
– Жандыктын мүйүзүнүн элеси тартылган, бирок үзүлбөгөн оюм. Саймада, шырдакта, темир, жыгач буюмдарда, белдемчи, чапандардын жээктеринде жээк оюу катары колдонулат.


Төрт кулак
– Боз үйдүн керегелерин билдирип, "боз үй" деген маанини берет. Бир нече оюу бириккенде көп учурда ортосуна жайгашат.

КЫЗ-КЕЛИНДЕРДИН КИЙИМДЕРИНЕ


Кыз-келиндердин көйнөктөрүндө өсүмдүктөрдүн, гүлдөрдүн жана алардын жалбырактарынын элестери түшүрүлгөн оюм-чийимдер басымдуу болот. Ал жерде кочкор мүйүз оюму сөзсүз катышат.

ЭРКЕКТЕРДИН КИЙИМДЕРИНЕ


Эркектердин кийимдерине бүркүт, бугунун элеси, кочкордун мүйүзү, куштун канаттары салынат. Жигиттер аңчылыкка, куш салууга жакын болсо, калпактарына ошол маанини камтыган оюм-чийимдер түшүрүлгөн. Мисалы, "тоо теке", "бүркүт", "аркар" оюмдары. Эл баатырларына «илбирстей», «бөрүдөй», «жолборстой» деген салыштыруулар көп колдонулгандыктан калпактарына "илбирс", "жолборс" жана башка түрдөгү оюулар түшүрүлгөн.

ЖАШ БАЛДАРГА УМАЙ ОЮМУ КОЛДОНУЛГАН


Жаш балдарга колдой жүрсүн деп Умай эненин, көз тийбесин деп карганын тырмагын, тилеги дайыма суудай аппак болсун деп булактын жана башкалардын образын оюу менен чагылдырышкан. Ошондуктан оюулар да "Умай эне", "карга тырмак", "булак" оюмдары деп аталат.

Дүйнөлүк мода чөйрөсүнө өзгөчө стили менен салым кошкон 76 жаштагы Беатрис Ост да кыргыздын оюм-чийими түшүрүлгөн кийимдерди киет. Ал Инстаграмдагы баракчасына чапанчан сүрөтүн илип, "менин чапаным Кыргызстандан алынып келинген" деп жазган.


"Hermes" француз мода үйү 930 доллардан жогорку баадагы кыргыздын улуттук оюулары менен жоолуктарды чыгарды.



Сүйүн Кулматова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Gulzat86
2017-02-08 11:00:56
Ботон элде Кыргыздыкы деп корсотулсо сыймыктанам.
Азыр да бул оюулар кунумдук жашообузда колдонулуп келет Булардын аталышын апам айтып берген
+3
aseras
2017-02-08 15:53:31
Анжеликанын тушуно кирген оймо чиймелерден да кошуп койбопсуздар да супер ))
+5
asil-08
2017-02-08 17:05:42
Оюулар кандай мааниде тушурулгонун билбейт элем эми билип алдым негизи эле биздин оймо чиймелер кооз корунот
0
Keremet008
2017-02-09 09:15:25
Дагы коп болчу эле го. . Бирок сонун башка улут кийгени биз учун чон эле сыймык. Калп айтпасам, куз айында метродо эскалатордо аябай адам коп каршы жагымда бир агабыз калпак кийип келатат,менин алдымдагы орус куйосу аялына кандай шляпа кийип алган кызык го материалы кандай экен десе....? аялы сен билбейсинби ал кыргыз жигит улуттук баш кийими алардын деди эле куйосу оо мага жакты деп суйлошуп баратышты.
0
Ulan2601
2017-02-09 23:06:27
Оймо чийме коп бир китеп бар жалан оймо чиймелер ар биринин тушундурмосу менен анан Архитектурада Дизайнерде окугандар жакшы билишет оймолорду
0
№ 744, 03-09-февраль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан