«ЧЫҢГЫЗ, СЕНИ ТҮНҮ ААЛАМДЫН КӨРКҮН АЧКАН ЖЫЛДЫЗДАРГА САЛЫШТЫРАМ»

«Чыңгыз, сени түнү ааламдын көркүн ачкан жылдыздарга салыштырам»

Чыңгыз, мен сени канчалык деңгээлде сүйөө­рүмдү билгиң келеби? Эгер кардын ар бир бүртүгү “мен сени сүйөм” деген маанини билдирсе, анда менин карым эч убакта жаап бүтпөйт. Сени түндөсү ааламдын көр­күн ачкан жылдыздарга салыштырам. Бирок, сен алардан да баалуу, алардан да кымбатсың. Анткени, алар көп, а сен жалгызсың.
Алла Таалам мага миң жылдык жашоо берип койсо, миң жыл бою тажабастан, баш тартпастан жалгыз гана сени сүйүп өтөөр элем. Сен менин кыйбасым, кымбатым, жашоомдун кумары, келечегимдин ачкычы, жан дүйнөмдүн жарчысы, өмүрүмдүн кайталангыс, баа жеткис табылгасы, көздөрүм­дүн кареги, көктөгү айым, ырларымсың... Сени дүйнөдөгү нерселердин баарынан ыйык, бийик жана жакын көрөм. Күнүгө 24 саат бою оюмду, кыялымды, сезимимди жалгыз гана сен ээлейсиң. Туура, бүгүн да башка нерсе менен алаксып көрөйүн дедим. Бирок, болгон жок, кайра эле сени ойлоп, сага болгон арзуум артты.
Билем, Чыңгыз, сага эч качан жете албайм. Ошентсе да жалгыз өзүңө арналган сүйүүм жүрөгүмдүн түпкүрүндө жашай берет!...

Махфуза

«Эдил, сиздин үнүңүзгө суусаган жандүйнөм күндөн-күнгө соолуп барат»

Көңүлүмдү бук кылып көөдө­нүмдү эзген, санааркатып күйгүлтүккө салган эң кымбат адамым Эдил Эркинбаевди чексиз сүйгө­ндүгүм үчүн андан кечирим сурайм. Эдил, сизге арналган нечен ырлар жазылып, сизди ойлоп нечен аппак таңдар атса да, сиз менин жашоомдон алыс чөйрөдө экениңизди жакшы билем. Бир шаарда эле жашаганыбызга карабай мен сизден ушунчалык алыс экенимди жакшы түшүнөм. Сиз менин армандуу махабатымсыз, кол сунсам жетпесимсиз, алыстан суктанып жүрчү эң бийик адамымсыз. Ошентсе да көр турмуштун көйгөйүнө баткан жашоодо сиздей таза жүрөк мырзаны менин алсыз жүрөгүм тандап алганына өкүнбөйм.
Асылым, сиздин үнүңүзгө суусаган жандүйнөм күндөн-күнгө соолуп бараткансыйт. Үнүңүздү угуп калсам жандүйнөм кадимкидей жандана түшөт. Ооба, сиз келечектен көптү үмүттөндүргөн ырчысыз. Демек, табият тартуулаган талантыңызды элге берүү – милдетиңиз. Мейли, аты-затыңыз өзүңүздүкү болсун, бирок, үнүңүз, ырыңыз – элдики. Ырларыңыз демекчи, мен сиздин ырларыңызды кастарлап уккум келет. Эрксизден мени чырмап алган жагымдуу үнүңүз менен жашагым келет. Сизди кыялымда багып, сиздин элесиңиз менен өмүр кечиргим келет.

Венера

«Асел, ошол түнү сенин ырларыңа мас болдум»

Асел, андан бери туура сегиз жыл өтсө да, август күндөрүнүн биринде биздин кыштакка концерт коюп барган күнүң кечээгидей эсимде. Ошол күнү эң бир жакын адамыма жолугушууга барчудай болуп башкача толкундандым.
Аңгыча концерт да башталды. Сулуу келбетиңе суктанып отуруп, сага арналган ырымдын алгачкы саптары жадымда жазылды:

Садагасы, сенин ырың укканда,
Сезимдерге тоо балындай жукканда.
Самаганым кош колумда тургандай,
Санаам тынып балкыйм чексиз жыргалга...
Концерт көңүлдүү улана берди. Сен болсо эргип да, толкуп да ырдап жаттың. «Нагыз эл ырчысы деген ушундай болуш керек го» деген ойдо калдым. Концерт бүт­көндө кызыл көйнөк кийип, ойлонуп түшкөн сүрөт-календарың колума тийди. Ошол түнү мен ырга мас болдум. Ырас, аракка да, уйкуга да мас болуп көргөм, бирок, ырга мас болгон башкача экен. Караңгы көчөдө сопсоо туруп эле теңселип кетип бараттым. Кулагыма жаңырган сенин үнүң, ырың...
Эртеси эсимди жыйып, калган ыр саптарын толуктап жаздым:
Жаным эргип магдырап мен калдымбы?
Жаркып маанай жүрөктө гүл ачылды.
Каалоо айттым өнөрүңө баш ийип,
Болсо экен деп Асел ырчы бактылуу.
Садагасы дайрадай мол пейлиңден,
Саламат бол, башка эмне дейин мен.
Санжыргалуу Алатоону аралап,
Ырдап-күлүп бирге болчу эл менен!
Асел, сенин кызыл көйнөкчөн сүрөтүң талаада, тоодо мени менен кошо жүрдү. Жөн жүрбөй мага махабат ырларын ырдап жатты. Менин акындык шыгымдын өркүндөшүнө эбегейсиз таасир берди...

Нурбек

«Мирбек, сиз менин чаңкаганда суусун кандырчу булагымсыз»

Саламатсызбы, Мирбек байке. Денсоолугуңуз, иштериңиз жакшыбы? Мен сезимимди сизге сөз менен айтып жеткире албастырмын. Ошент­се да аракет кылып көрөйүн.
Мирбек байке, көрсө, ашыктык деген бир карасаң өтө таттуу, экинчиден, жан кыйнап, жүрөккө тынчтык бербеген азаптуу дарт экен. Анын сыңары мен да ашыктык деген улуу сезимге кабылдым. Мен сиздин карааныңызга кагылып, элесиңизди бир тыным эсимден чыгарбайм. Жүрөгүм өрттөнүп, атыңызды келме катары оозуман түшүр­бөйм. Сизди жараткан табияттын, эненин күчүнө тобо кылып, башымды ийүүдөн тажабайм. Сиз менин жарык берчү жылдызымсыз, чаңкаганда суусун кандырчу булагымсыз. Сизди сыртыңыздан эле өзүмө энчилеп алганым үчүн кечирим сурайм. Буга мен эмес, сүйүү деген ыйык сезим күнөөлүү. Мен өзүмдүн кыздык намысымды жыйыштырып, сизге бул катты жазгандыгым үчүн айыптуумун. Бирок, билип коюңуз, менин мындан аркы бүт өмүрүм, дилим сизге арналат, үмүтүм «сиз» деп жана берет, жүрөгүм «сиз» деп кагат.

Наргиза

«Сени суук көздөрдөн сактаган тумарың болуп калсам эмне, Мирбек!»

Колума калем кармап, ак кагаз бетине жүрө­гүмдө сакталып келген сырымды жазууга Мирбек Иманбековго болгон сезимим түрткү болду. Мирбек, мен сени алгач сахнага чыкканыңдан бери эле жактырып келем. Ошондон бери сенин ырларыңды угуудан, келбетиңди көрүүдөн эч бир тажабайм. Сенин ар бир кыймылың мен үчүн кайталангыс болуп сезилет. Кыялымда сени менен бирге болуп, башкалардын суук көзүнөн коруй берем. Колумдан келсе сени бардык жаман нерселерден сактай турган көз мончогуң, ыйык туткан тумарың болуп алмакмын. Атаганат, чын эле ошондой болуп калса эмне?! Мейли, азырынча алыстан карааныңа кагылып жүргөнүмө каниет кылайын.
Мирбек, менимче, сезимдеримди сенин жүрөгүңө жеткириш үчүн бул сөздөр аздык кылат болуш керек. Ошентсе да сени чындап сүйөөрүмдү, атыңды түбөлүккө жүрөгүмдүн түпкүрүнө сактап жүрөөрүмдү дагы бир ирет кайталап өтөм.

Жылдыз

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 222, 2-8-февраль, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан