Өлкөдө 3 жаштан 5 жашка чейинки балдардын 80 пайызы БАЛА БАКЧАЛАРДЫН жетишсиздигинен улам ал жакка барбайт. Аталган маалыматты вице-премер-министр Чолпон Султанбекова билдирди.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты МАКСАТ КУНАКУНОВ 10 жылга эркинен ажыратылды. Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны "куралды мыйзамсыз сактоо", "куралдуу кол салуу" беренелери боюнча күнөөлүү деп тапты.
Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциянын башчысы Калысбек Жумакановдун айтымында, өлкөдө каттоодон өткөн МАЛДЫ СОЮУ боюнча 74 ишкана бар, бирок анын ичинен бирөө гана бардык талаптарга жооп берет.
2016-жылы Башкы прокуратура ЖАСАЛМА ПАСПОРТТОР боюнча 42, УКМК 66, ИИМ 71 кылмыш ишин козгогонун Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев билдирди.
Бишкектеги Наркологиялык борбордун директору Руслан Токубаевдин айтымында, өлкөдө БАҢГИЗАТ колдонгондордун расмий саны 8 миңдей. Мурунку жылдарга караганда бул көрсөткүч 3 миңге кыскарган.
2016-жылы Кыргыз жерине келген ТУРИСТТЕРДИН саны 2015-жылга караганда 12 пайызга аз болгон. Экономика министри Арзыбек Кожошев: "Эгер II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары болбогондо, көрсөткүч мындан да төмөн болушу мүмкүн эле",- дейт.
Өлкөдө учурда 245 миңдей ПЕНСИОНЕР жашоо үчүн керек болгон эң төмөн суммадан да аз пенсия алышат. Бул маалыматты Социалдык фонддун төрагасы Теңизбек Абжапаров айтты.
ЭЛЬВИРА САРИЕВА президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды. Ал буга чейин Билим берүү жана илим министрлигин, президенттик аппараттагы социалдык саясат бөлүмүн жетектеген.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.