САЛЫКТАН КАЧКАНДАРДЫН АБАЛЫ ООРЛОШУ МҮМКҮН

Жогорку Кеңештин депутаттары мамлекетке салык төлөөдөн качкан жарандарга каршы мыйзам долбоорун иштеп чыгып, коомдук талкууга коюшту. Анда салык төлөбөй жүргөн адамдар үчүн чет өлкөгө чыгууга тыюу салуу сунушу да бар. "Салыкты төлөбөй жүргөн жарандарга чет өлкөгө жеке иштери же кызматтык сапар менен чыгууга тыюу салынат. Ошондой эле кыймылсыз мүлк, унаа сатып алууга жана ишмердик үчүн лицензия алууга жол берилбейт",- деп айтылат демилгечи депутаттардын түшүндүрмөсүндө. Аталган мыйзам долбоорунун жыйынтыгында өлкө казынасына акча түшүп, Салык кызматы менен Чек ара жана Бажы кызматтарынын кызматташтыгы жогорулайт дешүүдө.
30-январь күнү парламенттеги комитет жыйынында депутат Алтынбек Сулайманов Салык кызматынын 2016-жылдагы бекитилген планды аткара албаганын сынга алган. "Салык кызматы планды кыскартып берсек да толтура албадыңар. 2 миллион сомдон ашык планды толтура албаганы үчүн Ахматбек Келдибеков соттолгон эле, эми өкмөт миллиарддаган сумманы аткара албай жатканына ким жооп берет?"- деди Сулайманов. Ал эми Салык кызматынын маалыматына караганда, ишканалардан 300 миллион сомдон ашык салык төлөнгөн эмес. Карызды төлөбөй чет өлкөгө чыгып кеткендер да бар.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 744, 03-09-февраль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан