АИДА САЛЯНОВАНЫ УКМК СУРАККА АЛУУДА

1-февраль күнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованы суракка алды. Мындай чакыруу 31-январга да берилип, бирок эл өкүлү парламент комитетинде мыйзам долбоору каралып жатканын айтып, башка күнгө жылдырууну суранган. Депутат суракка саат 17:40та кирип, саат 22:20да чыкты. Бул аралыкта УКМКнын имаратынын жанында 60ка жакын адам чогулуп, Салянованы чыгарууну талап кылып турушту. Алардын катарында "Ата Мекен" партиясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев жана Наталья Никитенко болду. Талап боюнча 4 сааттан ашык суракка алуу адам укуктарын бузарын айтып, имаратка кирүүгө аракет кылган кесиптеши Наталья Никитенкону УКМКга киргизишкен жок. Суракта эмне болгонун жарыялабоо тууралуу документке кол койгонун айтып Салянова журналисттерге маалымат берүүдөн баш тартты.
Эскерте кетсек, Саляновага 2016-жылдын декабрында Башкы прокуратура "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Ага "юстиция министри болуп турганда издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узартып берген" деген айып коюлууда. Тергөө иштерин УКМК жүргүзүп жатат. Козголгон кылмыш ишин башкы "ата мекенчи" Өмүрбек Текебаев саясий куугунтук катары эсептейт. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Салянованын иши боюнча депутаттык комиссия түзүүнү 1-февралда сунуштап чыгышты. Депутаттардын бир тобу комиссия түзүлсө, тергөөгө жолтоо болушу мүмкүн дешүүдө. Аталган сунуш боюнча Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков: "Ата Мекен" фракциясынын депутаттык комиссия түзүү боюнча каты менин колума тийди. Мага 2-3 күн бергиле, иш менен терең таанышып чыгайын. Туура келсе, комиссия түзөбүз",- деди.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 744, 03-09-февраль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан