МИНИСТРЛИК: "МЕКТЕПКЕ ЧООЧУНДАР КИРГИЗИЛБЕЙТ"

Мектептердин аймагына чоочун адамдардын кирүүсүнө тыюу салынды. Билим берүү жана илим министрлигинин айтымында, мектептерде көзөмөл-өткөрүү системи иштей баштайт. Эгер мектептин атайын коопсуздук кызматкерин иштетүүгө мүмкүнчүлүгү жок болсо, анда мектептеги мугалимдердин арасында атайын нөөмөт кызматы уюштурулушу керек болот. Мындай кадам мектептеги тартипти сактоого ошондой эле окуучулардын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган. Жаңы тартипке ылайык, ата-энелердин жоопкерчилиги да күчөтүлөт. Эгерде окуучу жүйөлүү себептер менен сабактан 3 күндөн көп калса, ата-энеси мектеп директоруна жүйөнү тастыктаган документ менен түшүндүрмө бериши керек. Мугалимдер ата-энелер жана ата-энелер комитети менен тыгыз байланышта иш алып баруусу талап кылынат. Ошондой эле сабак учурунда окуучуларды кароосуз калтырууга мугалимдерге тыюу салынды. Бул ыкмага ылайык, окуучулар сабакка кечигип келсе же мектеп формасы жок болсо сабактан чыгарылбайт.
Эскерте кетсек, акыркы 2 жума ичинде мектеп окуучулары бычакташып, өлүм менен аяктаган окуялар катталды. Мындан улам окуучулардын коопсуздугу күчөтүлүп, ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 744, 03-09-февраль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан