ПРЕЗИДЕНТ БАШКЫ ПРОКУРОР МЕНЕН ПАРАКОРЛУККА КАРШЫ КҮРӨШҮҮ ТУУРАЛУУ СҮЙЛӨШТҮ

Президент Алмазбек Атамбаев 1-февралда башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алды. Жолугушуу учурунда өлкөдөгү паракорлукка каршы алып барылып жаткан иштер боюнча маалымат берилди. Башкы прокурор өз сөзүндө өлкөдөгү ишкерлердин укуктарын коргоо жана экономикалык ишкердиктин эркиндигин камсыз кылуу боюнча да маалымат берди. Ошондой эле өлкө башчы жарандардын укуктарын коргоодо ар бир мамлекеттик орган өз милдеттерин так аткаруусу керектигин билдирди. Ал эми мамлекеттеги мыйзамдардын сакталышын Башкы прокуратура тыкыр көзөмөлгө алуусу керектигин тапшырды.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 744, 03-09-февраль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан