Эч нерседен тартынбаган, ашып-ташкан энергиянын ээси НАЗИРА ЖЕТИГЕНОВА менен чакан маек курдук. Назира эки кыздын энеси. Кыздарынын улуусу быйыл мектепти аяктоодо. Бирок өзү дагы деле бойдок.
НАЗИРА ЖӨНҮНДӨ...
– Адатта мындай суроо жигиттерге берилчү. Бирок сизге ушул суроо менен кайрылмакчымын. Сулуу аялзаты деп кандай айымды айта аласыз?
– Ар бир аял өзүнчө оригиналдуу болот. Сырткы келбети, мисалы, мендей болуш керек. Чынында, өзүмдү “страшная” деп эсептебейм. Кичинекей кезимде өзүмдү укмуш сулуумун деп билчүмүн. Күзгүнүн маңдайына туруп алып “бетимде калым көп, чачым тармал, мурдум бучук... Апа, эмнеге мени мынча сулуу кылып төрөгөнсүз?” деп айтчу экем. Учурда сулуу адамга айлануу колдогу нерсе болуп калбадыбы. Пластикалык операция, макияж дегендер бар да.
– Азыркы жигиттер алгач кыздардын дене-мүчөсүнө карашат го. Буга сиздин көз карашыңыз...
– Алардын бой-мүчөгө кызыкканы туура. Алар эле эмес, көчөдөн сулуу кыз көрсөм мен деле суктанам. Кыздардын ичке белин, төшүн, жамбашын карап алып “апей, меники билинбейт го, тияк-биягым, арыктайын” деп өзүмө сөз бере салам. Мен ушинтип жаткандан кийин эркектерге сөз жок да эми. Дене-мүчөсүнө карап сүйлөшкөн жигиттердин кыздарга мамилеси олуттуу эмес. Кыздарды убактылуу колдонгондой сезилет.
– Негизи эле сизге кандай эркек жагат?
– Мага арык, тыржыйган эркектер жакпайт. Спорт менен машыккан чымыр денелүүлөр менин көз жаздымымда калбайт.
– Өткөндө “Браво” көрсөтүүсүнө конок болуп барып “жигитим бар. Жигитим, мени көрүп жатсаң, салам!” деп жаттыңыз эле. Ал мырза тууралуу айтып бербейсизби...
– Жигитим спортчу. Спорттун көп түрү менен машыгат. Ал жөнүндө ачык, кенен айтып бере албайм. Анткени мен ага турмушка чыгарыма 100 пайыз ишене элекмин. Таанышканыбызга аз эле болду. Ал менден кичүү, үйлөнө да элек. Ошондуктан теңимди таптым деп айтууга али эрте.
– Азыркы жаштар жарандык никеде жашап, анан үйлөнүп жатышпайбы. Бул жаатта кантип жатасыздар?
– Жок, биз чогуу жашабайбыз. Апам, эки кызым менен турам, ошондуктан андай болушу мүмкүн эмес. Азыр мен жаш кыз эмесмин да, жашап-жашап алып, анан басып кетүүгө жол бергидей.
– Кыздарыңыз тууралуу айта кетсеңиз...
– Улуу кызым Айпери 18ден 19га кетти. Быйыл мектепти бүтүп жатат. Мени тартып эркек мүнөз. Үч жылдан бери бокс менен машыгып жүрөт. Дене тарбия жана Спорт академиясына тапшырсамбы деп жатат. Кичүү кызым Азиза 16дан 17ге кетти, быйыл 9-классты аяктайт. Буюрса, аны дагы ИИМдин академиясына берсемби деп жатам. Ал деле эркек мүнөз. Бирок улуусуна караганда тыңыраак. Бир жолку окуясын айтып берейинби?
Айпери анда 4-класста, Азиза 2-класста эле. Гастролго кеткенде апам менен калышчу да. Шаарда болсо кафеде администратор болуп иштечүмүн. Квартирада жашайбыз. Түштө келип экөөнө тамак жасап берип, кайра кетем. Бир күнү барсам Азиза пол жууп жатыптыр. Ашканадан куурулган картошканын жыты чыгып жатат. Азизаны мактап койдум. “Айпери кайда?” десем “билбейм” деп койду. Тыпылдап дасторкон жая баштады. Картошкасы чала бышкан, тузу жок. Эми баланыкы ошол да. Жеп алып кайра жумушка кетип калдым. Түнкү саат 12 болду, Айпери жок. Апам кошунам эле да, ошол жакта го деп койдум. Эртеси да жок. Үчүнчү күн дегенде апам Айперинин кийимдерин көтөрүп, өзүн жетелеп “кыз керекпи?” деп келип жатпайбы. Көрсө, Азиза Айпери менен уруша кетип, кийимдерин баштыкка салып туруп кууп чыгыптыр.
– Кыздарыңыз атасы менен катташып турушабы?
– Ал азыр Москвада. Төрт-беш жылдан бери көрүшө элек. Бирок телефондон сүйлөшүп турушат.
– Бир жолу бизге “кайын сиңдимди сабап салып, анан күйөөм менен ажырашкам” дедиңиз эле. Мурунку кайын журтуңуз, жолдошуңуз таарынган жокпу?
– Макала чыккандан кийин күйөөм кыздарыма телефон чалган. Кыздарым мени уксун дешип үнүн катуу чыгарып коюшту. Ал “апаңарга айтып койгула, мени гезиттерге экинчи жамандабасын” деп жатпайбы. Анан трубканы мен алып, ортобузда эч нерсе болбогондой ал-абалды сурашып, жакшы сүйлөштүк.
– Жашыңыз өтүп баратат дегендей, эртерээк турмушка чыгып, төрөйүн деп шашылган жоксузбу?
– Ал жөнүндө катуу ойлонуудамын. Ойлонмок түгүл, сен айткандай, шашып жатам. Бирок ылайыгы жок болуп жатса өлүп кетейинби? Эки кызымды турмушка чыгарып коюп, анан өзүм чыгат окшойм.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg