ЖЭЭНБЕКОВДУ ОППОЗИЦИЯ "ОТСТАВКАГА КЕТ" ДЕДИ

2-февраль күнү Жогорку Кеңеште өкмөттүк саат өттү. Жыйын учурунда депутат Өмүрбек Текебаев менен премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун ортосунда кайым айтышуу орун алды. Өмүрбек Текебаев өкмөт ЕАЭС бере турган мүмкүнчүлүктөрдү эле эмес, Европа өлкөлөрү берип жаткан мүмкүнчүлүктөрдү да пайдалана албай жатканын айтып, сынга алды. Ал суроо-жооп үчүн өкмөттүк саатты узартуу керек деген сунуш киргизди. Бул сунушка өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков макул болбой, жыйыны бар экенин билдирип: "Эки саат дедиңиздер эле. Ал убакыт аяктады. Мен өкмөттүк жыйын курушум керек. Сиз айтсаңыз эле жыйын курбай каламбы?"- деди. Анын сөзүнө Текебаев өкмөт ар дайым парламентти угушу керектигин эскертип, эгер жакпаса отставкага кетүүнү сунуштады. Өкмөт башчынын депутатка болгон мамилесин Өмүрбек Бабанов да сынга алып, "эртең биз фракция жыйынында өкмөт тагдырын чечебиз" деди. Буга кошумча Бакыт Төрөбаев да өкмөттү эффективсиз иши үчүн сындап, Сооронбай Жээнбековго өз эрки менен эле отставкага кетүүнү сунуш кылды. Өмүрбек Бабанов бул жыйында парламент спикери Чыныбай Турсунбековду депутаттарга бирдей калыс мамиле кылбай, регламентти бузду деп, төрагалыктан алууну демилгелеп чыкты. Ошентип парламенттеги оппозициялык фракциялардын лидерлери бир ооздон Сооронбай Жээнбековду өкмөт башчылыктан кетүүсү керектигин айтышты.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 744, 03-09-февраль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан