Кыргызстандык жана америкалык музыканттардын катышуусунда АКШнын Нью-Йорк шаарындагы Меркин концерттик залында 16-март күнү чоң концерт болуп өтөт. Бул иш-чара атайын АКШда жашаган кыргыз жарандарына арналып, анда пианино, комуз жана виолончелде кыргыздын салттык музыкасы ойнолмокчу. Мекенибиздин атынан чыккан музыканттардын сап башында пианист Азамат Сыдыков турат.