Бакыт Байсариев: "МЕНИН ДАРЕГИМЕ АДИЛЕТСИЗ СЫНДАР АЙТЫЛЫП ЖАТАТ"

Бийчи, шоумен Бакыт Байсариев: "Мурунку жубайым Наргизанын маегинен кийин менин дарегиме адилетсиз сындар айтылып жатат. Азыркы жубайым Алияны токол, экинчи аял деп атагандар болууда. Бул сындар менин кайын журтума да катуу тийип, келинчегиме ыңгайсыздыкты жаратууда",- деп редакциябызга баш бакты.

– Салам, Бакыт. Интернеттеги сындарга нааразы болуп, акыйкаттык үчүн тактоо киргизейин дептирсиң. Анда кеп кезеги өзүңдө.
– Саламатсыңарбы? Эл мени "мотурайган 2 баласын таштап, ата-энесин, жубайын карабай башка аялга кетип калды" деп ойлоп жатыптыр. Андыктан мен чындыкты айтып, адилетсиз сындарды токтотоюн деп чечтим. Наргиза экөөбүздүн жашабай калганыбызга 2 жыл болду. Кайсы бир адамдар табышып жаткан дүйнөдө кайсы бир түгөйлөр тил табышпай калышат экен. Наргиза менен жаман-жакшы айтышпай эки жолго түшкөнбүз. Мен идеалдуумун, периштемин дебейм, менде да кемчилик бар. Наргизага бакыт гана каалайм, жашоодо сүйүүсүн, бактысын тапсын. Менин жашоомду билбей туруп сындагандарга айтарым, меникиндей тагдыр силердин башыңарга түшпөй эле койсун.

– Балдарыңа каралашып турасыңбы?
– Балдарымдан баш тартуу деген ой түшүмө да кирген эмес, аларды багам, чоңойтуп бутуна тургузам. Окуусуна, жумушуна, жашоосуна жардам берем. Апасы экөөбүздүн тил табыша албай калганыбызга алардын эч бир күнөөсү жок. Кудай буюрса, жазында балдарыма 2 бөлмөлүү батир сатып берем. Алар учурда чоң атасынын үйүндө жашап жатышат. Наргиза өзү айткандай, кайын журту менен эмес, апасыныкында жашайт. Балдардан кабар алганы келип-кетип турат. Буюрса, быйыл баламдын сүннөт тою менен ата-энемдин юбилейин өткөрөм. Өзүңөр билгендей, кыздуу болгонбуз, жентек той менен чогуу үйлөнүү-үлпөт тоюбузду берүүнү пландап жатабыз.
Алия эл ойлогондой менин үй-бүлөмдү бузуп тийген жок. Ажырашканыбыздан жарым жылдан кийин Алияны жолуктуруп, жарым жыл сүйлөшүп, анан ата-энесине барып батасын алып үйлөнгөм. Өзү 20 жашта, ортобузда Айчолпон деген кызыбыз бар.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (154)
arzuuu
2017-02-11 15:20:17
Мен да жазып койсом кайын журтун деле бир кезде душманга айланып калчу адамдар болот аларга оор тийсе эки балана наргизага эки эсе оор тийди. Кийин кочодо калсан сага кайын журтун куйуп бышып карабайт деле. Ал эми балдарын куйуп бышкан адамдар болот ошого кой антпе
Наргизадай аялды чанып ото катуу кетипсин.тиги аялы деле кордук. Бир кайтып барасын го наргизага.ошого коп чон суйлобой койсон болмок эле.
+7
aman0296
2017-02-11 19:56:41
Биз канчалы бакытты обсуждение кылсак, ал ошончолук рейтинг которуп отурат.
0
aza22
2017-02-11 21:11:54
Келинчегинин интерьвюсун кайдан окуса болот? Админ
-1
mi-li-na
2017-02-11 22:17:16
Бакыт эриккенден эки катын албагандыр дейм да.Эркек уйдо жок жылуулукту сырттан издейт деп коет го негизи.Бул жерде 2кочкордун башы бирге кайнабаганы корунуп турбайбы.Наргиза созулуп олтурса эле Бакыт делдектеп Алияны алып албагандыр.Балдарынын атасын,жолдошун тарттырып жиберген куноо Наргизада го...
+1
mi-li-na
2017-02-11 22:46:25
Кошумча: Бакыттын пейили бузулса дагы да четтен тийчу кыздар чыгат, анткени азыркы кыздар жена не стена деп уялышпай эле тие беришет,балдарынын убалынан тем более коркушпайт.
+4
Aijash90
2017-02-12 13:12:05
аа жантай чал бол эми
+3
nazigim88
2017-02-12 20:48:04
админ айтып коюнузчу бакыттын мурунку жубайы наргизанын маэгини кайсы шилтеме аркылуу таба алам
-2
waiting
2017-02-12 22:12:51
Ийгилик!
-2
maratik.0708
2017-02-13 04:54:44
Эми эмнеси болсода жашоо озунуку биз аралашканы да суйлогону да акыбыз жок. Бироонун уй булосун талкуу кылганча озунорду Бир карагыла озундун уй булондо андай окуялар жокпбу болбойт Деп гарантия бере аласынарбы. Бул байкенин талантаына гана баа Бергени акыбыз бар. Калганы озунун иши.
0
ROZA-87
2017-02-13 09:51:09
Актанам деп келип тим эле тыптыйпылын чыгарып салыпсызго. Эки баладан да кайын журтту биринчи орунга коёбу тообо. Алия бир чондун кызы окшойт аа коркконунузга караганда. Наргиза айым сизге мындан аркы жашоонузга бактылуулук каалайм.
+5
mmiram
2017-02-13 10:33:04
Уйлонгонунон дагы ушу маекти бергенине окунуп атат болуш керек Бакыт мырза. Баары эле туздап мурчтап мариновать этишиптир.
+4
Kubat.karagulov
2017-02-13 16:15:40
Бу да болсо тагдыр деп коет.Бирөөнүн турмушуна киришип ал эле бул эле деп суу кечпеген акылынарды жерге түкүрүп эле салсанар болмок.Ал үй бүлөдө эмне болгонун эмнеге ажырашканын билип билбей акылман болгондун кимге кереги бар.Анча мынча кирди чыкты акылынарды оз жашоонорго өз келечегиңерге керектегиле акыл айткан акылмандар.
-2
Zireshka248
2017-02-13 18:40:30
Ой кудай ушул кудайым комментарий жазгандарга кунунду тушуро корбосун... Эркекпи аялбы билбейм айырманар жок!!! Билип билбей эле акылдуу болуп чыга келесинер, бир нерсе болсо озунор деле арманынарды айтып кайрылганынарды койбойсунар ... Соз жок кыскасы силерге...
-2
Deniza88
2017-02-14 00:42:33
Zireshka248,ошону айтсан. Углу болуш керек дейт, тфу , кудай сактасын, анча мынча оз ата эненер улгу боло албай ажырашып жатат. Макул эл адамы экен, Бакытты эл жеткириптирби ушу даражага, эл эмне дейт деп туболук бактысыз жашасынбы не? Ортосунда не болгон, не болуп жатат билбегенден кийин акылдуу болбой эле койгула. Албетте ажырашуу жаман, бирок себептери коп.
-2
arzuuu
2017-02-14 17:57:29
Deniza88,а не эки баласын жалдыратып таштап кайдагы бир неменин койнуна кирип кетеени бактылуулукпу эээ. Бактысыз жашагыча депсиз. Баланын озу бакыт.
+5
sabyrer82
2017-02-14 02:28:22
Сындагандар биздин башыбызга келбесин-деп,колдогондор мындан аркысы жакшы болсун деш керек.
-3
admin_superstan
2017-02-20 14:26:21
ZHaziko, далилисиз маалымат жазып кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
0
№ 744, 03-09-февраль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан