«КЫТАЙГА СТУДЕНТТЕРДИ БЕКЕР БИЛИМ АЛУУГА ЖӨНӨТҮП ЖАТАБЫЗ»

Бишкектеги «Перспектива» эл аралык билим берүү борборунун башкы директору Нурсултан Кубанов менен маек.

– Нурсултан мырза, акыркы жылдары КЭРге студенттерди бекер билим алууга жөнөтүп жүрөсүздөр, ошол гранттык орундарды кантип аласыздар?
– Биз 2014-жылдан бери 200дөн ашуун студентти Кытайга гранттык негизде окууга жөнөтүүгө жетиштик. Кытайда ошол кезде билим алып жаткан студенттерибиз өз демилгеси менен уюшуп, маданият жана билим берүү алкагында ар кандай долбоорлорду ишке ашырып башташкан. Ошол чыйырды алгачкылардан болуп биз салганбыз. Кытайдагы окуу жайлардын коомдук-маданий жашоосуна активдүү аралашып, билимибиз менен жакшы алака түзүүгө жетише алдык десем болот. Ал эми гранттык орундарды биз Кыргыз Республикасынын КЭРдеги элчилигинин жардамы менен алабыз, ошондой эле Кытайдагы 70ке жакын университеттер менен расмий келишимибиз бар.

– Жакында эле окуу борборун ачыпсыздар, ошол боюнча маалымат берип, өзгөчөлүктөрүн айтып өтсөңүз.
– Окуу борборунда билим алуу Кытайдын окутуу системи менен жүрөт, кытай мугалимдери гана сабак берет. Пекин университетинин китептери менен окутабыз жана HSKге (кытай тилинин деңгээлин аныктоочу тест) даярдоо курстарыбыз бар. Ошондой эле курстун бүтүрүүчүлөрүнүн жайкы лагерге бекер жолдомо алууга жана Кытайдагы 78 университеттин биринин тил курсуна, бакалавриат, магистратурада гранттык негизде окууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Болгону биздин окуу борборунда окуп, жакшы жетишкендиктерди көрсөтүүлөрү зарыл.

– Кытайдагы билим сапаты тууралуу айтсаңыз.
– Мен Кытайда 5 жыл окудум, ал жакта билим берүү сапаты жогору, коррупция деген жок. Чет элдик студенттерге жашоого жана окууга жакшы шарттар түзүлгөн. Кытайда окуу менен катар ал жактын эли-жери, салты, маданияты, жашоосу менен таанышуу мүмкүнчүлүгү бар.

– Сиздердин окуу борбордун негизги максаты кандай?
– Азыркы учурда жаштарыбыз орто окуу жайларын бүтүп эле чет өлкөгө жумуш издеп кетип жатышат. Биздин максат – ошондой жаштарга жогорку билим алуу мүмкүнчүлүгүн түзүү жана окуп келген соң аларды жумуш менен камсыз кылуу. Алар келечекте Кыргызстанга инвестиция алып келип, экономиканын өнүгүүсүнө салым кошсо деген тилектебиз.

Биздин борбордо окуйм дегендерге февраль айы үчүн 40 пайыз арзандатуу!

Дарегибиз: Бишкек шаары, Манас/Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилиши (№70-мектептин маңдайы) Тел.: 0707 144 122

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
jurogum.
2017-02-15 13:23:37
Ошто дареги барбы?
0
bolotbeck1983
2017-02-16 01:56:29
Билим алуу учун окуу жайдын жайгашкан жери маанилуу эмес. Болгону окууга болгон дилгирлик жана акылдуу болуу шарт.
+2
№ 745, 10-16-февраль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан