«СУПЕР-ИНФО» БИЗГЕ ӨНҮГҮҮГӨ СТИМУЛ БЕРДИ»

«Супер-Инфо» окурмандарга «Пайдалуу кеңеш» рубрикасында бизнес ачуу жана аны өнүктүрүү туурасында материалдарды сунуштап келет. Алардын катарында көк чөптөрдү өстүрүп сатуу менен алектенген бишкектик фермер жана экзотикалык өсүмдүктөрдү өстүрүп сатуу менен акча таап жаткан ноокендик багбан тууралуу жазганбыз. Алар гезит жарыялаган материалдар элдин кызыгуусун арттырып, ишкерлик демин өркүндөтүп жатканын айтышат.

Асылбек Кыркбаев, фермер: «ӨТКӨН ЖЫЛЫ КӨК ЧӨПТӨРДӨН 4 МИЛЛИОН СОМДОЙ ПАЙДА КӨРДҮМ»

– 2014-жылы сиздердин гезитке ашкөк (укроп), кинза, петрушка, сельдерей сыяктуу көк чөптөрдү өстүрүп, сатуу сырлары тууралуу маек берген элем. Ошол жылы көк чөптөрдү эгип сатуудан жалпысынан 2 жарым миллион сомго жакын киреше таптым.
Гезитке чыкканымдан соң көк чөптөр бизнесине кызыккандар ар облустардан чалып жатышты. Ал тургай талаага чейин келип көрүп, кеңеш алып кетишкендер болду. Азыр деле рахмат айтып чалгандар, кеңеш сурагандар көп. Ушулардын баары адамга дем берип, ишкерликти дагы өнүктүрсөм дейт экенсиң.
2014-2015-жылдары көк чөптөрдөн тышкары 4 гектарга жүгөрү да айдадым. 2015-жылы баарынан 3 миллион сомдой таза киреше көрсөм, 2016-жылы 4 миллион сомдой пайда көрдүм. Мурун трактор жана шаймандарды акчага алып иштетсем, өткөн жылы банктан насыя алып
1 миллион 180 миң сомго трактор сатып алып, насыяны күзгө дейре жаап бүттүм. Ал эми чиркегич, соко, мала сыяктуу шаймандарды 10 миң долларга сатып алдым.
2015-жылдан баштап күнөсканаларды курдурууну баштагам. Учурда узундугу 30, туурасы 6, бийиктиги 2,5 метр келген 10 күнөсканам бар. Ар бирине болжол менен 50 миң сом кетти. Учурда узундугу 50, туурасы 9, бийиктиги 3 метр келген 3 чоң күнөскананы курдуруп бүтүү алдында турам. Булардын ар бирине 150 миң сомдой каражат кетүүдө. Күнөсканалар көп жылдык чөптөрдү эгип, жакшы түшүм алуу үчүн керек экен. Көк чөптөр кышы менен ачык кар астында жатат. 20-февралдан тартып күнөсканалардын үстүнө клеёнка жапсак жылуу болуп бат өсө баштайт да, 1-1,5 ай ичинде оруп, сатканга жарап калат. Күнөсканалардын санын дагы көбөйтөм. Көк чөптөрдүн уругун сатуудан да пайда түшүүдө.
Учурда айдоо аянтым 35 гектар. Быйыл көк чөптөрдөн тышкары кабакча, шалгам, брокколи, помидор да кошо айдап, тамчылатып сугаруу ыкмасын колдоно баштайм.

"Көп жылдык көк чөптөр эгилген күнөскана. Февралдын аяк ченинде үстүнө клеёнка жапсак, жылуулукта көк чөптөр бат өсүп, 1-1,5 ай ичинде сатканга жарап калат".


Салижан Закиров, багбан жана куруучу: «9 АЙДА БУЙРУТМА МЕНЕН 40 КҮНӨСКАНАНЫ БҮТҮРДҮК»

– Сиздердин гезитке чыкканда өзүм курган 1-күнөсканамда 25 түрдүү экзотикалык өсүмдүктөр өсүп жатканын айткан элем. Банан, киви, пальма, курма (финики), фикус, анжир жана башкалар.
Ал эми 2-күнөсканамда мурунтан болгар калемпири менен помидорду өстүрүп келем.
Соңку жаңылыктарым булар: момордика (индия анары) өстүрдүм, лимондун, курманын, пальманын санын көбөйттүм. Лимон үчүн атайын күнөскана курсам дегем, бирок ылайыктуу жер жок болуп турат.
Короомдо жана күнөсканада өстүргөн өсүмдүктөрдүн уругун, калемчесин, көчөтүн сатып бир топ эле пайда көрдүм. Өзгөчө суроо-талапка ээ – бул банандын көчөтү, ар бири 1000-1500 сомдун тегерегинде. Помидор менен болгар калемпиринен да киреше түштү.
Гезитке чыкканымдан кийин ар облустардан чалгандар, ал тургай келип көрүп кеткендер көп болду. Айрымдары менен азыр да байланышып турам. Булар мага кадимкидей стимул берди.
Күнөскана боюнча да суроо-талап көп экени айкын билинди. Андыктан жеке адамдар жана бир коомдук фонд менен иштешип, 40 адамдын күнөсканасынын долбоорун чийип, курулушу аяктагыча жетектеп жүрдүм. Күнөсканалар негизинен Тогуз-Торо, Базар-Коргон, Ноокен райондоруна курулду.

"Болгар калемпири менен помидор өстүрүлгөн күнөскана".


Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
jazira17
2017-02-15 11:48:35
эн сонун,ишинерге ийгилик!ак эмгек менен тапкан акчанар жакшылыгынарга гана жумшалсын!
+3
Tyty1990
2017-02-15 11:50:48
Супер силер суперсинер!
+1
jaskaaa
2017-02-15 12:16:59
Адам озун озу онуктурсо болот экен! Ишинерге ийгилик каалайбыз! Силердей адамдардын коп болушун кудайдан тилейм!
+1
Targarien
2017-02-15 22:24:57
100 минге чейинки акча менен кандай бизнес баштаса болот Супер Инфо жардам бериниздер
0
admin_superstan
2017-02-16 10:13:08
Targarien, саламатсызбы? Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
0
Zulya2
2017-02-20 01:57:31
Мен да 100000 сом менен бизнес баштаса болобу деп сурайын дегем супер инфо ...
0
№ 745, 10-16-февраль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан