Чет мамлекетке иш сапарга же саякатка чыгып кала турган болсоңуз, бара турган өлкөңүздүн валютасы керек болгондуктан акча алмаштырууңуз зарыл. Акчаны кантип алданбай алмаштыруу керек жана ага эмнелер керектеле тургандыгын билип алсаңыз ашыкча болбойт. Салтка айлангандай, тигил же бул валютанын түрүн биздин жарандар көбүнчө акча алмаштыруучу жайлардан сатып алат же тескерисинче, аларга сатат. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Тышкы көзөмөл башкармалыгынын Банктык эмес финансы-кредит мекемелерине тышкы көзөмөл бөлүмүнүн инспектору Рустам Алымкул уулу менен мындай ишмердүүлүк менен алектенген Кыргызстандагы акча алмаштыруучу жайлар тууралуу маектештик.
– Кыргыз Республикасында иш алып барган валюта алмашуу жайлары жөнүндө айтып берсеңиз. Өлкөбүздө мындай ишмердүүлүк менен алектенген канча бюро бар?
– Алмашуу бюросу – бул Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясынын негизинде нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү үчүн юридикалык жак тарабынан түзүлгөн атайын жабдылган пункт. Акыркы жылдары алмашуу бюролорунун саны көбөйүп жаткандыгы байкалууда. Алсак, 2016-жылдын 31-декабрына карата Кыргыз Республикасынын аймагында 394 валюта алмашуу бюросу өз ишкердигин жүргүзүп келген, бул 2015-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 65 алмашуу бюросуна көп. Бул сандардын көбөйүшү негизинен алмашуу операцияларын лицензиясыз жүргүзгөндүгү үчүн айыптык төлөмдү жогорулатуу каралган Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү менен байланыштуу.
– Валюта алмаштырган кардарлар кээде алданып калган учурлар болот эмеспи, ошондуктан нак чет өлкө валютасын алмаштырууда эмнеге көңүл буруу зарыл?
– Нак чет өлкө валютасын алмаштырууда төмөнкү учурларга өзгөчө көңүл буруу керек:
• Алгач ар башка алмашуу бюролорунун жана банктардын маалымат такталарындагы валюталар курсун карап чыгып, ылайыктуусун тандап алуу зарыл.
• Нак чет өлкө валютасын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясына ээ алмашуу бюросунда гана алмаштыруу керек. Лицензиянын көчүрмөсү жана Улуттук банктан каттоодон өткөндүгү жөнүндө катынын түп нускасы кардарларга көрүнүктүү жерде илинип туруусу шарт.
• Анда иштеген жумушчулар валютаны алмашуу бюросунун маалымат тактасында көрсөтүлгөн курс боюнча гана алмаштыруусу тийиш.
• Банкноттор кардардын көз алдында саналышына көз салуу зарыл. Ошондой эле кардар берилип жаткан нак чет өлкө валютасын детектордо текшерип берүүнү талап кылуу укугуна ээ.
• Акча каражаттарын алган соң кассадан кетпестен, аны бирден эсептеп алуу зарыл.
• Туура эмес эсептелген учурларда аны кайрадан эсептеп чыгуу үчүн берилген сумманы кассирге толугу менен кайтарып берүү керек.
• Операциянын ишке ашырылгандыгын тастыктаган кассалык чекти талап кылуу зарыл.
Алмашуу бюролорунда валюта алмаштыруу нак формада жүргүзүлгөндүктөн, чоң суммадагы нак акчаны коопсуз ташуу максатында автоунаа менен же кимдир бирөөнүн коштоосунда гана жүрүү керек.
Шектүү банкноттор табылган учурда аны өткөрүүгө аракет кылуунун кереги жок, анткени жаран жасалма акчаны даярдоо үчүн гана эмес, аны таратуу үчүн да мыйзам алдында жоопко тартылат. Мындай банкнотту Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын жакын жайгашкан тергөө бөлүмүнө же Улуттук банкка тапшыруу зарыл. Ал жерде тиешелүү адистер банкноттун жасалма же таза экендиги боюнча экспертиза жүргүзүшөт.
– Кардарлар үчүн маалымат тактада эмнелер камтылууга тийиш?
– Ар бир алмашуу бюросунда кардарларга көрүнүктүү жерде төмөнкүдөй маалымат илинүүгө тийиш:
– Акчаны алмаштыруу учурунда укугу бузулган жарандар кайсы жакка кайрылышы керек?
– Алмашуу бюросу тарабынан жарандардын укуктары бузулган учурда Улуттук банкка өтүнүч кат менен кайрылуу зарыл, ал белгиленген тартипте сөзсүз каралат. Арызда төмөнкү маалыматтарды көрсөтүү керектелет:
Жооп алуу үчүн өтүнүч кат жазуу түрүндө сунушталууга жана ага кол тамга коюлууга тийиш.
Мыйзам бузуу фактысы аныкталган учурда, алмашуу бюросуна карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар колдонулат.
– Кандайдыр бир кемчилиги бар акчалар колго тийип калса, алмаштыруу бюросунан алмаштырып алууга болобу?
– Алмашуу бюросу кемчилиги бар банкнотторду алмаштыруудан баш тартышы мүмкүн же андан ары коммерциялык банкка тапшыруу үчүн төмөн курс менен кабыл алышы ыктымал. Анткени алмашуу бюролору чет өлкө банктары менен корреспонденттик катышка ээ жана мындай банкноттор коммерциялык банкта белгиленген комиссиялык төлөм алуу менен кабыл алынат. Алмашуу бюролору жана коммерциялык банктар аныктыгы шек келтирбеген, кемчиликтерге ээ чет өлкө банкнотун алмаштыруу операцияларын ишке ашырууда комиссиялык сый акыны өз алдынча белгилешет. Эгерде комиссиялык сый акы өлчөмү ылайыктуу болсо, кемчиликтерге ээ чет өлкө банкнотун коммерциялык банкта же алмашуу бюросунда алмаштырууга болот.
– Улуттук банк кандай жол менен алмашуу бюролорунун ишине көзөмөл жүргүзөт?
– Улуттук банк алмашуу бюролорунун иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келүүсү максатында көзөмөл жүргүзөт. Алмашуу бюролорунун ишине көзөмөл алмашуу бюросуна барып жана Улуттук банктын порталы аркылуу сунушталган күнүмдүк отчётун текшерүү аркылуу жүргүзүлөт.
Алмашуу бюросу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын же Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын бузган учурда, Улуттук банк бузууга жол берүү түрүнө жараша мөөнөт белгилөө менен аны четтетүү тууралуу эскертүү же жазма буйрук, колдонуудагы мыйзамга ылайык айыптык төлөм белгилөө, лицензиянын аракетин убактылуу токтотуу, лицензияны кайтарып алуу сыяктуу таасир этүүчү чараларды колдонушу мүмкүн.
2016-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын системдүү түрдө бузгандыгы үчүн 13 алмашуу бюросунун нак чет өлкө валютасы менен операцияларды жүргүзүү укугуна лицензиялары кайтарып алынган.
Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча лицензиясыз ишкердикти жүзөгө ашыргандыгы үчүн 69 укук бузуучу административдик жоопкерчиликке тартылып, аларга айыптык төлөм белгиленген.
Ибрагим Жусуев