Редакциябызга баш баккан Нурболот күтүүсүз каргашадан улам убактылуу камакка түшүп калганын, ал убакта келинчегин төркүнү алып кеткенин айтып отурду. Нурболот келинчегинен кечирим суроо менен жарашууну каалайт.
"АЗГЫРЫК"
– Минтип редакцияга келем деген ой үч уктасам түшүмө кирген эмес. Мындан жарым жыл мурун эле менден бактылуу адам жок болчу. Эл катары оокат кылып, өмүрлүк жарым, 2 жаштагы кызым маңдайымда эле. Өзүм Нарындан болом. Алматыга барып-келип иштечүмүн. “Кырсык каш-кабактын ортосунда” деген чындык экен. Алматыдагы кезектеги сапарымдан келе жатып Бишкектен тааныш балдарга жолугуп калдым. Жанымда бир топ суммада акча бар болчу. Ошентип, үйгө жетпей балдар менен кафеге бардык, ичтик. “Жинди суу” ичке киргенден кийин оолуккан балдар “кыздарга барабыз” деп чыгышты. Мен алардан бөлүнүп калгым келбей Сокулукка кошо кеттим. Досторумдун тааныш кыздары бар экен. Аларды таап чакан отуруш уюштуруп жибердик. Бир маалда эле бир жигит кирип келип биз менен отурган кызды сөгүп, түртүп жиберди. Кызга жасаган мамилесине жиним келди. Анын үстүнө кызуу болгондуктан, тура калып чаап жибердим.
Тиги балдар да кошулуп тигини төпөштөп койдук. Таяк жеген бала чыгып кетип, он беш мүнөт өткөндөн кийин он бештей баланы ээрчитип келди. Биз болсо үчөөбүз. Мушташып жатып, дос балам тигилердин бирин бычак менен качырып барып сайып калды. Көзүң жамандыкты көрбөсүн, кан жайыла берди. Ошентип, жок жерден милицияга түшүп калдык.
“АЯЛЫМДЫ АЛЫП КЕТИП КАЛЫШЫПТЫР”
– Чатактын жыйынтыгында колубузга кишен салынып, убактылуу камакка түштүк. Убактылуу камакта 2 ай жаттык. Акыры акталып чыктык. Анткени жанагы сайып алган дос балабыз күнөөнүн баарын өз моюнуна алып, кесилип кетти. Бул ортодо менин кайын журтум аялымды алып кетип калышыптыр. Кыязы, мени түрмөгө кесилип кетет деп ойлошкон окшойт. Камакта экенимде келинчегим бир жолу гана келип кетти. Анда да “ажырашам, мен сени менен жашай албайм” деп айтканы келиптир. Камактан чыккандан бери аялымды издөө менен алек болуп жүрөм. Келинчегим көлдүк болгондуктан бир бутум Ысык-Көлдө, бир бутум бул жакта болуп калды. Кайындарымдын алдына да бара элек болчумун. Ошондон да уламбы, алар келинчегимди менден жашырып жатышат окшойт. Ысык-Көлгө барсам бул жакта дейт. Бул жактагы туугандары Ысык-Көлдө дейт. Айтор, издөө менен убакыттан уттурдум. Убакыт эле эмес, өзүмдү аябай жоготуп алдым. Көп иччү да болдум. Кечээ жакында эле Ысык-Көлдөн келдим. Келинчегимдин мени менен жашоого көңүлү бар болгону менен, кайындарым каршы болуп жатканын ички туюмум менен сездим.
“КЕЧИР МЕНИ, ГҮЛНАЗ”
– Мен келинчегим Гүлназдан кечирим сурагым келет. Мындан башка аргам да калбай калды. Гүлназ, билем, көңүлүңдү катуу оорутуп алдым. Мастыктан, жаштыктан жаңылдым. Бирок сага деген сезимим мурункудай эле таза. Экөөбүз көп жыл бою сүйүшүп жүрүп үйлөнгөн элек. Жаңы куруп жаткан турмушубуздун пайдубалын уратып албайлы. Мага убакыт берсең, турмушубузду өз жолуна коюп, кызым экөөңдү гүлдөй кылып багып алам. Кечирсең гана болду...
Нурболот
Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg