"МИЛЛИОНЕРДИН СҮЙҮҮСҮ" ЧЕТ ЭЛГЕ ПРОКАТКА ЧЫГАТ

("ПРЕЗИДЕНТ ЖАНА БОМЖду" жаратуучунун кезектеги тасмасы)

Киносценарист жана продюсер Өмүрзак Төлөбеков менен маек.
– Өмүрзак мырза, "Президент жана бомж-1-2", орус кино жылдыздары Панкратов-Чёрный, Песков, Прыгунов, Алибасов катышкан "Москва сүйүүсү" тасмаларын жараткан соң кино айдыңында көрүнбөй кеттиңиз...
– 2012-2013-жылдарда 3 тасма тарттык. 2014-жылы Путин тууралуу кыргыз тилинде китеп чыгардым жана документалдуу тасма тартып баштадым. Кийинки эки жылда Назарбаев тууралуу документалдык тасма (бет ачары 17-февралда өтөт), "Революция токтотулат" аттуу көркөм тасма жараттык (кийинчерээк чыгат). Эми "Миллионердин сүйүүсүн" тартуулап отурабыз.

– Бул фильм эмне тууралуу?
– Арам жана адал акча, дүнүйөгө сатылган жана сатылбаган таза сүйүү тууралуу. Депутат, министр болуп жүргөн олигархтын элден уурдаган арам акчасы аш болбой, өзү рак илдетине чалдыгып, бир уулу аракеч, экинчиси наркоман чыгат. Келини анын уулу менен ажырашып, барак тибиндеги үйдө, Астанада нак эмгек менен чоң акча тапкан жигитке жолугат. Экөөнүн ортосунда бийик, таза сезим жаралат. Демейде жигит алгач кызга сүйүүсүн билдирет, анан үйлөнүүгө сунуш киргизет эмеспи. А биздин каармандар "сүйөм", "үйлөнөлү" дебей туруп баш кошуп калышат…

– Кантип?
– Кызык ушунда. Барак тибиндеги үйдө кошуна жашашат. Кызды мурдагы күйөөсү кордоп, ал ыйлап жатса жигит эшикти такылдатат. Ачпаганынан бензин менен иштөөчү араа менен ортодогу жыгач дубалды араалап кирип барат. "Сиз менин үйүмдү бузуп салдыңызбы?" дейт кыз. "Сиздин үйүңүздү бузган жокмун. Үйүңүзгө өзүмдүн үйүмдү кошуп койдум!" дейт жигит.

– Тасмада кайсынысы көбүрөөк? Саясатпы, сүйүүбү?
– Саясат бар. Бирок акча адамды, сүйүүнү бузган заманда таза махабатты даңазалаган тасма.

– Сиз жарнама жасаганды жакшы билесиз. Бирок бул жолу жарнамага басым жасаган жоксуз го?
– Путин тууралуу китеп, Назарбаев жөнүндө тасма чыгарып, Орусия, Казакстандын көрүнүктүү инсандары, алар аркылуу прокатчылары (кино коюучулары) менен аралаштым. Буюрса, "Миллионердин сүйүүсү" бир канча өлкөлөрдүн кинотеатрларында, телеканалдарында коюлмакчы. Ошон үчүн Кыргызстанда ашкере ажиотаж жаратууга умтулган жокмун.

– Ошентип "Миллионердин сүйүүсүн" башка эл да көрүшөт деңизчи...
– Буюрса, тасманы Казакстанга бердим. Эми Орусия жана башка өлкөлөргө алып барганы жатабыз. Эл аралык кино базарларга катышып, чет өлкөлүк көрүүчүлөрдүн табитин тапканга аракеттендим. Москвада Виктор Цой катышкан "Ийне" ("Игла") фильмин тарткан, азыр Парижде, Лос-Анжелесте кино тартып, коюп жүргөн Рашид Нугманов өңдүү эл аралык аренада таанымал киночулар менен мамиле түздүм. Алар: "Сүйүү тууралуу күлкүлүү, музыкалуу кино тартсаңыз, эл аралык прокатка алып чыгалы" дешти.

– "Президент жана бомждо" актёрлор туура тандалып, баары мыкты аткарышкан. "Миллионердин сүйүүсүндө" деле ошол кесипкөй деңгээлден түшпөгөнүңүздөргө ишенебиз. Кимдер аткарышты?
– Негизи жаңы жүздөр. Жаш миллионерди Москвадан кесиптик билим алып келген жаш, таланттуу киноактёр Нарбото Анарбаев, кызды жаңы таанылып келаткан ырчы Азур Насирдинова, олигархты белгилүү тамада Эшенкул Барпиев, анын аялын бир кездеги жылдыз, эми кайра чыгармачылыкка кайрылган Клара Токтобаева, дервишти эл артисти Марат Алышбаев, боорду эзген аракеч жубайларды Сакиш (Айнура Тургунбаева) менен Нурлан Салидинов ойношту.

– "Президент жана бомж" катуу чыккан. Бул тасмада ошол бийиктикке көтөрүлө алдыңыздарбы?
– Ар кинонун өз бийиктиги болот. Көп адамдар: "Президент жана бомждон" кем калбаган, кайсы бир деңгээлде ашып түшкөн кызыктуу, жан дүйнөгө жаккан кино болуптур!" деп айтып жатышат.

Кепти кинонун аягындагы каалоо менен бүтүрсөк: "Чыныгы таза сүйүү менен, бай жана бактылуу жашаңыздар!".

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
aman0296
2017-02-15 17:42:43
Пиар, реклама
0
Nurik95
2017-02-16 10:46:47
Москва суйуусу окшобой калган москвага келсе кормокмун
0
№ 745, 10-16-февраль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан