Каарманыбыз кылган кылыгы үчүн өзүнүн ордуна кесилип кеткен Каныбек жана буюмун жоготкон Мүзүр байкелеринен кечирим сураарын кат аркылуу билдирген.
– Мен кеч болсо да кылган күнөөм үчүн айрым адамдардан кечирим сурагым келет. Бул окуя 2005-жылдын 22-декабрында болгон. Өзүм музыкага шыктуу болгонумдан улам көп ырчылар менен жакын болчумун. Ошолордун бири “Кеңеш” тобунун жетекчиси Мүзүр байке менен да жакшы элем. Бир күнү үйүнө келсем эч ким жок экен. Үйүнө кантип кирүүнүн жолун билчү элем. Ошондуктан оңой эле кирип, ашканасындагы музыкалык борборун уурдап чыгып кеттим. Мага ошол убакта акча зарыл керек болуп жаткан. Ошол окуядан 3-4 күн өткөндөн кийин Тотомидин менен Мүзүр байкелерди “Ош базарынан” жолуктуруп калдым. Алар Мүзүр байкенин үйүнө ууру киргенин, Каныбек деген баладан шекшип аны издеп жүрүшкөнүн айтышты. Үн катпай жолума түштүм. Ошондо эле күнөөмдү моюнума алсам болмок экен. Кийин досторумдан чын эле ошол Каныбек деген жигитти Мүзүр байке ак жеринен түрмөгө кестирип жибергенин уктум. Аны уккандан кийин өтө жаман абалга туш болдум. Эмне кыларымды билбей айылга кетип калдым. Ошентип, 2 жылдан кийин айылдан келип досторум менен “Биз” тобунун концертине бардым. Концерт бүткөндөн кийин үйгө жетип алайын деп такси кармадым. Таксист байке машинасын кино-театрдын алдынан буруп жатканда сыртта сүйлөшүп турган Мүзүр байке менен Жаныбек байкени көзүм чалды. Таксист байке Мүзүр байкени көрсөтүп:
– Тааныйсыңбы, тетиги турган кишини? -деди.
– Ооба, Мүзүр байкени тааныйм, -дедим.
– Мени ушул акмак жок жерден док урунуп каматып жиберген. Эптеп чыктым,- деп айтып калды.
Ошондо гана баягы мен уурдаган буюмду алды деген Каныбек деген байке ушул экенин түшүндүм. Башым жерге кирип кете жаздады. Каныбек байке табиятынан шайыр, бакылдаган жан экен. Жеткенге чейин бир нерселерди айтып, күлдүрүп барды. Эртеси эмне болсо да алдынан бир өтүп коёюн деген ой менен Каныбек байкени издеп таппай койдум. Кийин уксам жол кырсыгына кабылып, айыккандан кийин Жалал-Абад шаарына кетип калыптыр. Эми мен кеч болсо да күнөөмдү моюнума алып, кечирим сурагым келет. Андан бери канча убакыт өтсө да, мен үчүн күнөөсүз адамдын жабыркаганын ойлоп жүрөгүм ооруйт.
Мүзүр байке, Каныбек байке, мен туура эмес иш кылдым. Мени кечирип коюңуздар. Каныбек байке, мен сизден кечирим сураганым менен кечире албасаңыз керек. Ошентсе да кечирим сурайм жана жолугуп сүйлөшүүгө даярмын.
Бакыт
Адамды кечире билүү да эң чоң сапат. Бул баян жогоруда кечирим суралган адамдардын жүрөгүнө жетерине тилектешпиз. Ал эми каарман жигиттер жасаган жоруктары үчүн чоң турмуштук сабак алышты деп ойлойбуз.
Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg