Азамат Майрамбеков, ­­Жеңиш Майрамбек уулунун иниси: "ЖЕҢИШ БАЙКЕМ МЕН ТӨРӨЛГӨНДӨ КАПАЛАНЫП ҮЙДӨН КЕТИП КАЛГАН ЭКЕН. БИРОК АЗЫР ЭҢ ЖАКЫН АДАМЫМ ОШОЛ"

Бир туугандар: Рустам Жунусов 29 жашта
Жеңиш Майрамбек уулу 26 жашта
Азамат Майрамбеков16 жашта

– Кандайсың, Жеңиш? Бир тууган иниң менен маектешер алдында жакында боло турган концертиңер тууралуу айта кетсең...
– Буюрса, 14-февраль күнү Спорт Ордосунда "Моника Беллуччи" командасы чоң программадагы концерт берели деп турабыз. 2 айдан бери команданын мүчөлөрү аябай катуу даярдык көрүп жатабыз. Эски тамашалардын бири да болбойт, баарын жаңы жазып чыктык. Кыргыз эстрадасынын белгилүү жылдыздарын чакырдык, алардан жагымдуу чыгармалар жаңырат. Жаңы форма тиктирдик дегендей (күлүп). Учурдан пайдаланып тамаша сүйүүчүлөрүн жеке концертибизге чакырып кетем. 14-февраль күнү 18:00дө сиздерди жолукчу жерден күтөбүз. Эми инимден мен тууралуу сурай берсеңиздер болот.

– Салам, Азамат. Алгач өзүңдү тааныштырып кетсең.
– Атым Азамат, 16 жаштамын. Учурда Бишкек шаардык каржы жана экономикалык техникумда окуп жатам. Үйдүн эң кенжесимин.

– Демек, агаңдын көзөмөлүндө жүрсөң керек?
– Чындыгында байкем баскан-турганымды көзөмөлдөп турат. Кайда жүрөм, ким менен жүрөм дайыма сурайт. Бирок бул мага кайра жагымдуу. Себеби бул бир тууганымдын мен үчүн кабатырланып жаткандыгынын белгиси болуш керек.

– Жеңиштин айланасындагы адамдар аны аябай оор басырыктуу адам катары сүрөттөшөт. А иниси ал тууралуу эмне дейт болду экен?
– Агамды тасмалардан көргөндөр жашоодо да шайыр, тамашакөй деп ойлошсо керек. Бирок сахнадагы жана тасмадагы Жеңиш үйгө келгенде такыр башка адамга айланат. Оор басырыктуу, ар бир сөзүн орду менен сүйлөгөн олуттуу байке. Албетте, тамашалап сүйлөгөндү жактырат, бирок көбүнчөсү олуттуу жүрөт. Ишенсеңиздер, мени ата-энеме караганда Жеңиш байкем катуу кармайт. Демейде инилер агаларынан суранат эмеспи, бул же тигил кылыгымды атама айтпай эле коюңузчу деп. Бизде, тескерисинче, мен туура эмес иш кылып алсам ата-энемден "Жеңиш байкеме айтпай эле коюңуздарчы" деп суранам (күлүп). Кичинекейибизде деле ушундай катуу болчу. Азыр эстесем үйдөгүлөр бир жакка кетишсе сөзсүз Жеңиш байкем экөөбүз үйдө калчу экенбиз. Жаңы оюндарды ойлоп таап, мага дайыма жакшы бир нерсени үйрөтүүгө умтулчу. Кээде ачуусуна тийсем урушуп койсо таарынып, ага жиним келет эле. Эми түшүнүп жатпаймынбы мен үчүн кабатырланганын. "Мектептен эрте кел, эрте укта, сабактарыңды убагында аткар" деген кептерди апамдан эмес, Жеңиш байкемден укчумун. Азыр, Кудайга шүгүр, анчалык көзөмөлдөн арылдым. Түнү менен футбол көрөмбү, башка нерсе менен алек боломбу унчукпайт. Кала берсе өзү да кошулуп алып уктабай жүрө берет. Жалгыз талап – кандай болбосун эртеси техникумга убагында жетип барышым керек. Уктадымбы же уктаган жокмунбу, бул менин көйгөйүм.

– Деги сени мактаган учуру болду беле?
– Албетте, мактап да турат. Техникумга өткөнүмдө жакшы сөздөрүн айтып мактаган, мени менен сыймыктанган десем болот. Калган убакта болсо жакшы массаж жасап, даамдуу чай демдеп бергеним үчүн гана мактап калышы мүмкүн.

– Олуттуу кыялга ээ агаң анын чыгармачылыгына болгон сыныңды билдирүүгө мүмкүнчүлүк бербесе керек?
– Кызыгы, байкем мага "сын-пикирлериң болсо айт" деп өзү кайрылат. Себеби сын адамды өстүрөт дейт. Бирок менден жакшы сынчы чыккан жок, "кана, сындачы" деген учурда дагы колумдан келбей койду. Кээде байкем ага кандай долбоорлордон сунуш түшкөнүн, кайсы сценарийди окуп жаткандыгы тууралуу, кандай унаа сатып алгысы келип жатканын айтып калат.

– Агаңдын жолун жолдоп чыгармачылык менен алектенгиң келеби?
– Жок, менин андай талантым жок, анын үстүнө чыгармачылыкка такыр кызыкпайм.

– Ата-энең Жеңиштин балалыгы тууралуу эскерип айтып калса керек?
– Ооба, алардын айтуусу боюнча аябай көк бет бала болуптур. Апам менен атам бир жакка барышы керек болсо сөзсүз кошулуп алчу экен. "Кыскасы, биз кайда барбайлы Жеңиш артыбыздан ээрчип эле жүрчү" дешет. Дагы бир кызык нерсе, Жеңиш байкем экөөбүздүн ортобуз 10 жаш айырма эмеспи, андыктан мен төрөлгүчө байкем үйдүн кичүүсү болуп, ата-энебиздин көңүлүн өзүнө буруп, эркеликтин сазайын берип көнүп калган экен. Мен төрөлгөн соң бардыгынын көңүлү мага бурулуп, үйдүн кичүүсү башка болуп калганына арданып үйдөн кетип калыптыр. Бирок курсагы ачка, чарчаган абалда, кийимдери кир болуп ошол эле күнү кайтып келген деп калышат үйдөгүлөр. Бул окуяны азыр айтканым туура болдубу же туура эмеспи билбейм (күлүп), бирок айтып койдум.
Дагы бир окуя эсиме түшүп кетти. Бир жолу агам мени бала бакчага унутуп койгону эсимде. Ал жактагы тарбиячы мени алып кеткени эч ким келбегенинен кагазга үйүнүн дарегин жазып калтырып, мени үйүнө алып кетип калган болчу. Бир маалда Жеңиш байкем ал тарбиячынын үйүнө келип, эч нерсе болбогондой мени алды дагы, үйгө кирип бардык. Менимче, үйдөгүлөр бул кылганын билбей калышса керек.

"Жеңиш байкем бала кезинде аябай көк бет, эрке болгон экен. Азыр ал мага туура жол көрсөтүп, дайыма кеңешин айтып турат".


"Сүрөттө мен, апам, атам жана Жеңиш байкем. Байкем экөөбүздүн чогуу түшкөн сүрөтүбүз жок экенин эми байкадык".

Нуркыз Курманбек кызы
Адилет Бектуров
(Айрым сүрөттөр Жеңиш Майрамбек уулунун­ өздүк архивинен алынды)
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Мен төрөлгөндө Жеңиш байкем таарынып үйдөн качып кеткен"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
Gulzat86
2017-02-15 09:32:07
Апасына окшош экен.
0
jany-aryk
2017-02-15 12:01:13
байкеси жокко суротто
0
Siren90
2017-02-15 12:08:40
Женеси жонундо да сурасанар болмок экен, Женишбектин келинчеги тууралуу
+5
Aytur
2017-02-15 14:33:57
Главное баарынын кулактары окшош экен
+4
mahabat.
2017-02-15 16:01:18
ата энеси алтын адамдар экен корунуп турат бир коргондо эле
+6
aitieva00
2017-02-15 16:56:38
Жениш байке аябай жонокой адам да,сыйлайм.Нурай эже менен бактылуу болушсун!Иниси да озуно окшош экен,окууларына ийгилик:)
+3
Supsuluu
2017-02-15 22:20:37
Иниси красавчик экен
+3
ziash85
2017-02-15 23:06:31
Кичинекейинде ширин бала болгон экен
+2
DNurgiza
2017-02-16 00:05:57
Жакшы маек куруптур.
+1
Kairat.96
2017-02-16 01:43:14
Супер эмнеге видеону ачпай жатат?
0
admin_superstan
2017-02-16 10:12:22
Kairat.96, саламатсызбы? Кандай катачылык болуп жатат?
0
baltabai
2017-02-17 09:32:14
Kulagy delden kulak eken
-4
sgushenka
2017-02-19 08:43:45
Иштерине ийгилик. Сени уй-булобуз менен жакшы коробуз!
+1
№ 745, 10-16-февраль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан