Эн безинин барсылдагы (киста) – ичи суюктукка (анын ичинде сары сууга) же чач сыяктуу таштандыга толгон өлчөмү 1-2 миллиметрден тартып 10-12 сантиметрге чейин өсүүчү барсылдак. Бул оору менен жыныстык жашоодо жашагандар да, жашабагандар да оорушат. Көбүнчө төрөт курактагылар (23-45 жаштагылар) арасында кездешет. Бул тууралуу Бишкек шаарындагы «Темир жол» ооруканасынын акушер-гинекологу Эльмира Акматова маалымат берет.
ПАЙДА БОЛУУ СЕБЕПТЕРИ:
КИСТАНЫН ТҮРЛӨРҮ:
Фолликулярдуу барсылдак. Негизи ар бир айда аялзатынан бирден жумуртка клеткасы жетилип фолликуладан чыгып турушу керек. Ал жогоруда айтылган себептердин биринен улам бөлүнүп чыкпай калганда эн безинде топтоло берет да, барсылдак пайда кылат. Диаметри 5-6 сантиметрге чейин жетет.
Сары денеченин барсылдагы – көп кездешкен түрү. Жумуртка фолликуладан чыккандан кийин сары денече пайда болот. Алар чогулуп отуруп прогестерон бөлүнүп чыгат. Чогулган клеткалар акырындык менен сорулуп жок болуп кетиши керек. Эгер ал жок болбой калса, фолликуланын ордуна барсылдак пайда болот. Диаметри 6-8 сантиметрден ашпайт.
Муциноздук барсылдак – ичине суу толгон бир нече барсылдактан турат. Өз убагында дарылабаса, залалдуу шишикке айланышы толук мүмкүн.
Параовариалдык барсылдак – ачык түстөгү суюктук толгон тегерек же сүйрү формадагы эн безинин үстүндө жайгашкан барсылдак. Көбүнчө 20-40 жаштагыларда болот.
Эндометриоиддүү барсылдак – кан аралаш көбүктүү барсылдак. Мындай түрү пайда болгондо этек кирдин келүүсү оорутуу менен коштолуп, ич катуу ооруйт. Дарыланбаса, тукумсуздукка алып келет.
Геморрагиялык барсылдак. Бул көбүнчө этек кир келген учурда пайда болуучу ичи уюган канга толгон барсылдак.
Дермоиддик барсылдак. Өзүнүн курамына майларды, тырмак, чачтарды жана эмбриондук калдыктарды камтыйт.
БЕЛГИЛЕРИ:
• Этек кирдин келүү цикли бузулат. Айрымдардыкы 2-3, 7-8 айлап келбей калышы мүмкүн. Же этек кири өтө көп келип, аял алсырайт.
• Жатындан кан аралаш жагымсыз жыттагы суюктук агат. Заараны кармай албай калуу.
• Жыныстык катнаш учурунда оорутууну жаратат. Киндиктин асты тартылышып ооруйт.
• Салмак кошулуп, курсак чыгат.
• Жумуртка клеткасы өз убагында жетилип чыкпайт да, көпчүлүк кыз-келиндер балалуу болуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырашат.
• Жүрөк, баш айланат, кускусу келет. Дене табы көтөрүлөт.
• Чоңоюп кеткен барсылдак жарылып кан агууну жаратып, башка органдарга зыянын тийгизип жана ич көңдөйү ириңдеп кетиши мүмкүн. Айрым түрлөрүн дарылабаса, ракка айланышы ыктымал.
Эскертүү! Ушул белгилердин бири же бир нечеси байкалса, сөзсүз дарыгерге кайрылыңыз!
ДАРЫЛОО
Дары-дармек менен дарылоо. Мында өз убагында кайрылган кыз-келиндерди жетишпеген же ашыкча гормондордун өлчөмүн азайтып же көбөйтүү менен дарылоого болот. Эгер турмушка чыкпаган кыз болсо, анда ал төрөгөндөн кийин дарылоо жүргүзүлөт. Айрым барсылдактын түрлөрү төрөттөн кийин өзүнөн-өзү жок болуп кетет.
Аборт жасаткандан, бойдон алдыруудан, калкан сымал безинин иштөөсүнөн, жыныстык жактан жуккан жугуштуу оорулардан улам пайда болгон барсылдактарды дарылоодо тиешелүү анализдер тапшырылып, ошонун негизинде дарылоо жүргүзүлөт.
Эске алыңыз! Бойго болтурбоочу таблеткалар жумуртка клеткаларын иштеп чыгуу менен барсылдактын пайда болуу жөндөмдүүлүгүн басаңдатат.
Хирургиялык жол менен. Бул ыкма барсылдак өзү пайда болгон учурдан тартып 3 ай ичинде кетпесе жана көлөмү 10 сантиметрден ашкан учурда колдонулат. Мында барсылдак толук кырылып кесилип салынат. Эгер жакшы тазаланбаса же кийин кайра гормоналдык бузулууга кабылса, кайра өсүп кетүү коркунучу бар. Көбүнчө дермоиддүү, эндометриоиддүү жана муциноздук барсылдактарда колдонулат.
ЭЛДИК МЕДИЦИНА
Элдик медицина кайыңдын нуру (чага), көк жаңгак, каакымдын тамыры, бака жалбырак сыяктуу дары чөптөрдүн тундурмасын ичүү, жатындын ичин жуу жана ар кандай тампондорду салуу менен дарылап келишет.
Эскертүү! Элдик медицина жолу менен дарылануу алдында сөзсүз дарыгериңизден кеңеш алыңыз.
Дамира Арстанова
densooluk@super.kg