Ырыс Жоомартова:

Жашоодо адамзатты жеңилүү да, жеңиш да коштоп жүрөт эмеспи. Алдыңыздардагы айым ийгиликтин даамын көбүрөөк татып келет. Анда юрист, психолог, бизнеследи, кино жаратуучу ЫРЫС ЖООМАРТОВА ийгилигинин сырын айтып бермекчи.
– Эже, кеп учугун туулган жерден баштасак. Кай тараптын кызы, кай тараптын келини болосуз?
– Мен Суусамырдын тунук суусунан жутуп, таптаза абасынан дем алып, чаң көчөлөрүн бырыксытып чоңойгом. Мектепти бүткөндөн кийин Алматы шаарындагы технологиялык окуу жайды аяктадым. Кызгалдактай буралып бойго жетип, 22 жашымда турмушка чыктым. Айбек аттуу уулум, Наргиза деген кызым бар. Жолдошум Кубаныч жеке бизнеси менен алектенет.
Бир эле кесип менен чектелбей, Кыргыз-Орус славян университетинен психолог адистигине ээ болдум. Учурда Улуттук университетте психологиядан сабак берем. Дагы бир кесибим – юрист. Аспирантурада окуп жүрүп, үй-бүлөнүн жүгүн да кошо аркаладым. Азыркы заманда бизнесиң болбосо да болбойт экен. Ошондуктан кийим тигүүчү цех, чачтарач, шаардын эки-үч бурчунда бир нече күрөөкана, эң негизгиси, киностудия ачканга жетиштим.
– Бул иштин баарын түп­төгөнгө жана ийгиликтүү иштетип кеткенге кантип же­тиштиңиз?
– Өтө энергиялуу адаммын. Жылым – жылан, жылдыз белгим – чаян. Бир ишти баштасам, мени кылыч менен да артка кайтарууга мүмкүн эмес. Курбуларым тамашалап: “Ырыс көздөгөнүнө көгөрүп жетмейинче жаны тынбайт. Мында суу саяктын каны бар”,- деп калышат. “Тагдырдын баалуу байгеси байсалдуу жолдун башында эмес, акырында” дегендей, мен дагы далай жолу тагдыр менен күч сынашып, тирешип, аны жеңип, анан ушул деңгээлге жеттим окшойт.
– Бири-биринен алыс ар кандай сферада эмгектенет экенсиз. Балким, буга жездебиздин да салымы бардыр...
– Жездеңер өтө көтөрүмдүү, токтоо, менин ишиме оңой менен кийлигише бербеген адам. Идеяларымды суу жээгинен таап келем дебейминби (күлүп). Бир ишти башташ керек болгондо машинамды айдап алып шаардын сыртына кетем. Шар аккан сууга барып, жашоомдогу жакшылыкты да, жагымсыз окуяларды да айтып, акыл-оюмду бир жерге топтоп алам. Менин бир өзгөчөлүгүм – эл алдында эмоциямды билгизбейм жана сырымды бирөөгө айтпайм.
– Сиздей күчтүү аялдын ыйлап алган учурлары болобу?
– Менин деле аялдык алсыздыкка багынып, чегинген күндөрүм болот. Бирок элге билгизбейм. Жашоомдогу кыйынчылыктар турмушка жаңы чыкканда болду го деп ойлойм. – Мынчалык көп иштериңиз менен үй жумуштарын жасоого кантип жетишесиз?
– Ачыгын айтсам, мен башымды түбү түгөнбөгөн тиричиликке байлагым келбейт. Ошондуктан үйдөн эч иш кылбайм. Үй кызматын жасай турган кызматчым бар. Ошол бардык ишибизди жасайт. Азыр мага жетишпеген нерсе – убакыт. 24 саатты Кудайым пайдалуу коротсун деген да, туурабы?
– Ал эми акчалуу айым акчаны кантип кармайт болду экен?
– Эң жаман жагым – акчаны жакшы колдоно албаганым. Капчыгымда акча калбай калганча бир нерселерди ала берем. Өзүмө ушул сапатым жакпайт.
– Эми сиздин кино тармагындагы эмгектериңизге келсек...
– Жан дүйнөм искусствого жакын болгондуктан, бул ишке киришип калдым болуш керек.Айрымдар акча табуу үчүн кино тартышса, мен жан дүйнөмдү азыктандыруу үчүн жана элдин жан дүйнөсүнүн кемтигин толтуруу үчүн тарткым келет. Акча табууга башка иштерим деле бар. Элди ойлонто турган, толкундата турган мыкты фильм жаратсам дейм. Алгач “Дудук кыз” кинофильмин элге тартууласак, азыр “Жалгыз турна” деген тасманын үстүндө иштеп жатабыз. Режиссёру – Жаныш Кулмамбетов.
– Маегибизди аяктаарда бир суроо бергим келип турат. Эгерде “Ийгилик сыры” деген китеп жазсаңыз баш сөзүн эмне деп баштайт элеңиз?
– “Көздөгөнүңөргө жетүү үчүн көктүгүңөрдөн жанбагыла” деп баштамакмын.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
ЖАМЭЛЬ
2010-04-11 17:37:07
ТУУРА АЙТАСЫЗ,КОЗДОГОНГО ЖЕТУУ УЧУН АБДАН КОП,ТАЛЫКПАЙ ЭМГЕК КЫЛУУ КЕРЕК ТУРА!!!МЕНИН ДА КЕЛИНЧЕГИМДИН СИЗДЕЙ НАЗИК,МЭЭРИМДУУ,БААТЫР ЖУРОК ЖАР БОЛСО ДЕЙМ!!!БУЛ ЖАШООДО БАКТЫЛУУ БОЛУУ:ЖАРАТКАН АЛЛАДАН ЖАНА ДА АР БИРИБИЗДИН ТАЛЫКПАС ЭМГЕГИБИЗДЕН.БАКТЫЛУУ БОЛУНУЗ ЭЖЕ.УЙ-БУЛООЛУК БАКЫТ-ТААЛАЙ КААЛАЙМ!!!
0
№ 387, 2-9 апрель, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан