Нооруз майрамын утурлай ЭлТР коомдук телерадиокомпаниясы «EL FM» радиосун обого чыгарды. Бул туурасында ЭлТРдин Башкы директору НУРЛАНБЕК ШАКИЕВ ой бөлүшөт.
– Нурланбек Тургунбекович, жаңы радиоңордун обого чыгышы менен куттуктайбыз!
– Рахмат. Биз мурда ЭлТРдин радиосун обого чыгарабыз деп коомчулукка айтып келгенбиз. Өзүңүздөргө маалым болгондой, азыр заманбап техникалардын баары кымбат. Андыктан акча каражатыбыздын эсебин таап, ишти аягына чыгаруу бир топ эле кыйынга турду. Эң башкысы, жакшылыктын жышаанасы – улуу Нооруз майрамынын алдында, 17-марттан тартып «EL FM» радиосунун үнү обого жаңырды. Аталган радио азырынча өлкөбүздүн түштүк аймагында гана 107.7 жыштыгында угулат. Кийинчерээк республикабыздын бүт аймагында уктурууга аракет кылабыз. ЭлТР телеканалы спутник аркылуу көрсөтүлүп жатпайбы. Андыктан спутник аркылуу «EL FMди» угууга болот.
– Радионун багыты, форматы кандай болот?
– «EL FM» – элдик радио. Обого 24 саат жалаң кыргыз тилинде чыгууда. Салттык музыкаларга басым жасалат. Ошондой эле түрдүү көңүл ачуучу программалар менен катар саат сайын үч мүнөттүк жаңылыктар берилип турат.
– Радиону ачуудагы негизги көздөгөн максатыңар кайсы эле?
– Биринчиден, өлкөбүздүн түштүгүндө маалымат коопсуздугу орчундуу маселе экендиги белгилүү эмеспи. Түштүктө кошуна өлкөлөрдүн онго жакын радиоберүүлөрүн угушат. Биздин кыргызча радиоуктуруулардын алардын алдында таасири өтө эле аз. Мына ушул маселени жеңилдетүүгө өз салымыбызды кошолу деген максат болду. Экинчиден, “ЭлТР коомдук телерадиокомпаниясы” деген аталышыбыз бар. Бирок иш жүзүндө өзүнчө жыштыкта радиобуз болгон эмес. Атыбызга жараша затыбыз болсун деген биздин экинчи максат эле.
– ЭлТР спутникке чыккандан бери телеканалда кандай өзгөрүүлөр болуп жатат?
– Телеканалдагы өзгөрүүлөрдү жалпы телекөрүүчүлөр көрүп байкап жатышкандыр. Башкасын айтпаганда, жаңы көрсөтүүлөрдүн катарына Мыктыбек Арстанбектин «Негизги маселесин», Болот Абдыжапаровдун «Турмушун», дагы «Ойлоп тап» өңдүү кызыктуу көрсөтүүлөрдү кошсок болот. Ошондой эле Канаданын Ванкуверинде өткөн Кышкы Олимпиаданы түз алып көрсөткөнүбүз да көрөрмандардын чоң алкышына ээ болду.
– Олимпиада демекчи, футбол боюнча «ЮАР-2010» Дүйнө биринчилигин да көрсөтөбүз деген элеңиздер. Ал жагы кандай болот?
– Буюрса, ал тилегибиз да орундалат деген ишеничтебиз. Бул боюнча тынымсыз сүйлөшүүлөр болуп жатат. Анын үстүнө мындай дүйнөлүк спорттук мелдештерди көрсөтүүгө расмий укук алыш өзүнчө түйшүк болсо, ага төлөнүүчү каражатты табуу да андан кем эмес түйшүк.
– Өткөн айда УТРКдан сурамжылоолордун жыйынтыгында ЭлТР кыйла эле артта калды деп көрсөтүштү го...
– Андай сурамжылоолорду УТРКдан башка ММКлар же адистер жүргүзүшүп, ошолор айтышса болот. Өткөн жылда ЭлТРди ондогон ММКлар «Жылдын мыкты телеканалы» деп жарыялашпадыбы. Кайсы телеканалды элдин көпчүлүгү көрүп жаткандыгын эл жакшы билет. Атаандаштык деген маданияттуу болушу шарт.
– Акыркы убакта биздеги телеканалдардын баарында эле СМС-чаттар экрандын бетин бербей чыгып жатат. Негедир сиздердин телеканалда ал көрүнүш жок.
– Туура байкагансыз. Өткөн жылдын ноябрь айынан СМС-чатты ЭлТРден алып салдык. Анткени ЭлТР “чыныгы элдик канал” деген атка жооп бериш үчүн ошондой майда-барат терс көрүнүштөрдөн оолак болуш керек. Дегеним, кыргыздар ар дайым сөзгө чоң маани берген эл. Анча-мынча уят сөздү кагазга ороп сүйлөгөн. Ал эми биздин телеканалдардын бетиндеги СМС-чаттардагы кетип жаткан сөздөр өтө эле чектен чыгып, уят-сыйыт эске алынбай жазылгандар. Башка телеканалдар да биздикиндей кадамга барышса дейм.
Сүйүн Кулматова
koom@super.kg