КАНДЫН ЖАНА ЗААРАНЫН АНАЛИЗИН ЧЕЧМЕЛӨӨНҮ ҮЙРӨНҮҢҮЗ

"Анализдерди өз алдынча чечмелөөнү ар бир адам үйрөнүп алса болот" деген врач-терапевт Райкан Акматова төмөнкүдөй маалымат берет.

КАНДЫН АНАЛИЗИ

Канды анализге аты жок манжанын учунан, кээде вена кан тамырынан алышат. Кандын анализинин негизгилери төмөнкү таблицада берилди. Ага карап жашыңызга жараша сизде гемоглобин, эритроцит жана башкалардын саны норма боюнча канча болушу керек жана андан ашса же кемисе кайсы оорулардын белгиси экендигин аныктап алсаңыз болот.


ГЕМОГЛОБИН

Гемоглобин – бул темир жана белоктун кошулмасы. Эритроциттердин (кызыл кан денечелери) курамында болуп, кычкылтекти органдарга жана ткандарга жеткизүү милдетин аткарат.
Нормадан жогору болсо, адам бийик тоолуу климатта жашайт же анда эритремия, лейкоз оорусу бар.
Нормага жетпей калса, анда анемия, лейкоз, темир жетишсиздиги бар же кан кетүү күтүлгөн болушу мүмкүн.

ЭРИТРОЦИТ

Мунун милдети – органдарга жана ткандарга кычкылтекти жеткизүүчү гемоглобиндерди ташуу.
Нормадан жогору болсо, анда адам көп кускан же ичи көп өткөн, же өпкө оорусу бар.
Нормага жетпей калса, анда адам туура эмес тамактанган, кан агууга дуушар болгон же лейкоз оорусу бар.

ЛЕЙКОЦИТ

Кандын курамындагы ак кан денечелери. Организмди инфекция, вирус жана аллергендерден коргойт.
Нормадан жогору болушу бронхит, ангина, аппендицит, гайморит, күйүк, кызыл жүгүрүк, рак, кан оорусунун белгиси.
Нормага жетпей калса, анда адамда грипп, гепатит, кызамык, тепме, ревматоиддүү артрит, бөрү жатыш, лейкоз, радиацияга кабылуу бар же химиялык дарылануудан өтүп жатат.

ТРОМБОЦИТ

Тромбоцит – кандын курамындагы кандын уюшуна жооп берип, кан кетүүнүн алдын алуучу пластиндер.
Нормадан жогору болсо, анда адамдын көк боору жок же ревматоиддүү артрит, склеродермия, гангрена, флегмона, остеомиелит, кургак учук, сифилис, бруцеллёз, анемия, ракка чалдыккан.
Нормага жетпей калса, анда гемофилия, тромбоцитопениялык пурпура, лейкоз.

СОЭ

СОЭ – бул эритроциттердин чөгүү ылдамдыгы. Организмде сезгенүү болсо, анын чөгүүсү ылдамдайт же жайлайт.
Нормадан жогору болсо, тамак, кулак, өпкө оорусу, миокарддын инфаркты, цистит, аднексит, простатит, холецистит, панкреатит, гангрена, склеродермия, рак, лейкоз, кызыл жүгүрүк, пиелонефрит, күйүк болушу мүмкүн.
Нормага жетпей калуу деген болбойт.

КАНДЫН ӨҢҮНҮН КӨРСӨТКҮЧҮ

Нормадан жогору болсо же жетпей калса, анда анемия оорусунун түрлөрү.

ЗААРАНЫН АНАЛИЗИ

Зааранын табигый өңү сары (самандын өңүндөй) жана тунук болуп, эч кандай чөгүндү, былжыр жана башкалар болбошу кажет. Бирок анын өңүнүн өзгөрүшүнө адамдагы оорулар, ичип жаткан дарылар, ичкен суюктуктар жана жеген азыктар да таасир этет.

ЗААРАНЫН ӨҢҮНҮН ӨЗГӨРҮШҮНҮН СЕБЕПТЕРИ

Кочкул кызыл-каралжын өң (күчтүү демделген кара чай сымал) – гепатит, гломерулонефрит, өттүн таш оорусу, кан куюудан жана организмге инфекция киргенден кийин эритроциттердин бузулушу.
Бозоргон же түссүз өң – кант диабети, суусундукту көп ичүү, бөйрөк оору.
Кызгылт өң – тамак-ашка кызылча, сабиз, жүзүмдүн кошулушу.
Кызыл өң – заарада кандын болушу. Адатта өттө, бөйрөктө, табарсыкта таш болгондо жана циститте, пиелонефритте байкалат.
Кызыл-күрөң өң – айрым дары-дармекти ичүүдөн болот.
Жашыл өң – заара чыгаруу системиндеги ириңдөө процесси, өттөгү таш, уйку безинин рак оорусу, тамакка ышкынды колдонуу.

БЕЛОК
Заара анализинде белоктун көрсөткүчтөн жогору болушу – бөйрөк ооруларында, табарсыкта, заара түтүкчөлөрүнүн сезгенүүсүндө, аллергия, жүрөк оорусунда, лейкоздо жолугат. Спорттук машыгуудан соң узакка басууда, көп тердегенде да заарада билинет.

КАНТ
Заарада кант болбойт, бирок 0,8 ммоль/1 чейин чыкса деле норма катары кабыл алынат. Андан ашса, анда адамда кант диабети, панкреатит, бөйрөк оорусу, кош бойлуулук бар же адам таттууну көп жеген.

ЭРИТРОЦИТ
Заарада кокустан эритроцит чыгып, саны 3төн ашса, анда бөйрөктүн жана урук чыктагыч бездин ооруларынын белгиси.

БИЛИРУБИН
Заарада билирубиндин болушу гепатит, боордун циррозу, анемия, сепсис, адамга кан куюлганын же инфекция киргенин билдирет.

БАКТЕРИЯ ЖАНА ГРИБОКТУН
болушу уретрит, цистит, простатит, пиелонефрит, вульвовагиниттин белгилери.

АНАЛИЗДИ ТУУРА ТАПШЫРУУГА КӨРСӨТМӨ

Заара. Эртең менен туруп, жыныстык органды жууп, анан зааранын алгачкы порциясынын азын коё берип, калганын идишке куюп алып алып баруу кажет. Идиш мүмкүн болушунча капкактуу жана айнектен жасалып, ичи кир самын менен жуулушу зарыл. Кокус идиш кир болсо, анализ туура чыкпай калат.
Кан. Эртең анализ тапшырам деген түнү эт жана эт азыктарын, туздуу, майлуу, ачуу тамак-ашты жебей, жеңил тамактануу кажет. Эртең менен эрте тапшыруу керек. Лабораторияга чуркап же шашып басып барып тапшырып салууга болбойт! Кандын курамы өзгөрүп кетет. Барган соң 10-30 мүнөт тыныгып, анан тапшырыңыз!

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (18)
belka
2017-02-22 12:58:30
Анализдин жыйынтыгы жазылган кагазды кармаап эле андагы сандарды окуп гемоглобинден башкасына түшүнбөй сумсайтпай жакшы маалымат чыгыптыр.
+7
hochuradosti
2017-02-22 15:34:43
Мочада белок 0.033г/л
0
altyn2015
2017-02-22 15:34:49
Жакшы кенештер экен! Маалымат бергениниздерге рахмат!
+2
Guliii
2017-02-22 16:55:37
Гемоглабин нормада 120дан жогору болот дейби?
0
Tazdar
2017-02-23 02:11:23
Менде гемоглабиндин саны 171 чыкты эле былтыр мен ага маани деле бербеген экем көрсө нормадан да көп экенго
0
i-bilim
2017-02-23 10:35:55
Башка анализдер тууралуу да билгим келди, мазок, гормондорго анализ, спермограмма дегендерди да чыгарсаныздар.
+3
admin_superstan
2017-02-23 10:55:58
i-bilim, саламатсызбы? Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
0
KurcAinura
2017-02-23 16:36:38
Эн сонун керектуу маалыматтар, рахмат сиздерге, супер инфонун жааматы.
0
Naazziikkaa
2017-02-23 18:14:10
Жакшы кенеш чон рахмат
0
Girl1996
2017-02-23 20:24:52
ушул эле жыйынтык адамдын имунитетин да түшүрөт, күнүнө 2ден алма жеп туруу, 2литр суу ичүү адамдын ден соолугун чындайт, зыяндуу заттарды чыгарып салат
0
Girl1996
2017-02-23 20:28:58
туура тамактануу ушулардын баарын четке кагат чынында. Супер силерге чон рахмат!
0
saribaeva
2017-02-24 08:21:59
Мен жакшы тушунбодум
0
Boldukan86
2017-02-24 09:56:13
окуп буткучом элестеттимго. жакшы кенеш рахмат
0
nuriwka
2017-02-25 03:24:29
Мен тушунгон жокмун таблицаны(((((((
0
ziash85
2017-02-25 21:03:37
Сонун өтө пайдалуу кеңештер.сиздерге чооң рахмат супер инфо!кеңеш жеткиликтүү жазылыптыр
0
Riki87kg90
2017-03-22 01:03:19
Саламатсызбы кулактан суу агып калыш,ирин агышы жондо жазгылачы.
0
admin_superstan
2017-03-22 09:47:08
Riki87kg90, саламатсызбы? Тиешелүү бөлүмгө кабарланды, сунушуңузга рахмат.
0
№ 746, 17-23-февраль, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан